Кой-Таш козголоңун мамлекеттик комиссия иликтейт

Атамбаев Кой-Таштагы үйүндө жактоочуларынын курчоосунда. Сүрөттүн автордук укугу VYACHESLAV OSELEDKO/AFP/GETTY IMAGES
Image caption Атамбаев Кой-Таштагы үйүндө жактоочуларынын курчоосунда.

Ушул жылдын 7-8-август күндөрү Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссия түзүлдү. Бул жөнүндө премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон буйрук жарыяланды.

Мамлекеттик комиссияга бир айлык мөөнөттө кырдаалды иликтөө жана Жогорку Кеңешке маалымат берүү үчүн корутунду даярдоо тапшырылды.

Мамлекеттик комиссияны вице-премьер-министри Жеңиш Раззаков жетектейт, анын орун басары Жогорку Кеңештин депутаты Райымкулов Бакытбек болду.

Комиссиянын курамында Жогорку Кеңештин депутаттары Бакчиев Жаныбек, Баатырбеков Алмазбек, Дүйшалиев Абдыбек, Мамытов Талант, Субанбеков Бакирдин, Шайназаров Тынчтык, юстиция министри Жаманкулов Марат, өкмөт аппаратынын күч тармагын караган өкүлдөрү, "Антитеррор-Альфа" бирикмесинин жетекчиси Артур Медетбеков, ошондой эле Исмаил Исаков, Кубатбек Кожоналиев сыяктуу коомдук ишмерлер бар.

Мурдакы президент Атамбаев мамлекеттик тергөө органдарына үч жолу суракка чакырылып, барбай койгон үчүн 8-августта кармалган. 7-август күнү кечинде күч түзүмдөрүнүн атайын кармоо операциясы убагында тополоң чыгып кеткен. Атайын багыттагы аскер бөлүгүнүн офицери курман болуп, бир нече киши жаракат алган. Атамбаевдин адвокаттары ошол кармоо операциясында толгон-токой мыйзам бузуу болду деп жатышат.

Андан мурда Жогорку Кеңеш Атамбаевдин кеминде беш кылмышка катышы бар деп шектенип, аны 27-июнда экс-президент макамынан ажыраткан. Башкы прокуратура өз кезегинде бул чечимди колдогон корутунду чыгарган. Мурдакы президентти күбө катары суракка чакыруу ошондон кийин башталды.

Атамбаев колго түшкөндөн кийин анын артынан дагы бир топ шериктери кармалды. Күч кызматкерлерин барымтага алуу жана массалык тополоң уюштурган деген шек менен анын кеңешчиси Фарид Ниязов, Кыяз Исмаилов, Алга Кылычов жана Амантур Жамгырчиев өңдүү активисттер камакка алынды.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар