Бүт дүйнөгө эскертүү: Монбландагы мөңгү жок болуу коркунучунда

Монблан тоосунун Италия тарабындагы мөңгүсү эрип жатат. Италия бийлиги муну глобалдык жылуулуктун кесепети дейт.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Монблан - Батыш Европадагы эң бийик жер

Жергиликтүү бийликтин айтымында, болжолу 250,000 кубометр мөңгү Гранд-Жорас массивиндеги Планпансье мөңгүсүнөн бөлүнүп калат.

Нью-Йоркто өткөн БУУнун климат боюнча саммитинде Италиянын премьер-министри Жузеппе Конте мөңгүнүн эришин бүт дүйнөгө эскертүү деп атады.

"Биз буга кайдыгер болбошубуз керек, бул баарыбызга тишелүү",- деди Конте.

Монблан - Батыш Европадагы эң бийик жер. Массив он бир чокудан туруп, төрт миң метрге чейин бийиктикте жайгашкан.

Өткөн аптада мөңгүгө жакын жайгашкан Курмайёр шаарынын мэри Стефано Мизероччи мөңгүгө алып барган Валь Ферре өрөөнүндөгү жолду жабууга буйрук берди. Буга адистердин мөңгүлөр күнүнө 50-60 см эрип жатканын айтканы себеп болду.

Мэрдин айтымында, тургундарга жана туристтерге коркунуч жок. Бирок этияттык үчүн тоодогуларды коопсуз жайга көчүрүү тууралуу буйрук берген.

Сүрөттүн автордук укугу Comune Courmayeur
Image caption Мөңгүнүн сары түс менен бөлүнүп турган бөлүгү мына-мына көчүп кетиши мүмкүн

Мөңгүнүн сары түс менен бөлүнүп турган бөлүгү мына-мына көчүп кетиши мүмкүн.

Тоолордун эко-системасындагы көйгөйлөр "климаттык өзгөрүүлөр" менен байланыштуу,-деди Мизероччи журналисттерге.

Мөңгүнүн көчө турган убактысын так аныктоо мүмкүн эмес дешет Валл-д Аост автоном областынын өкмөттүк эксперттери. (AbA)

Тектеш темалар