Кыргызстан Ирактагы жаңжалга аралашкандардын балдарын алып келет

Nour al-Islam
Image caption Коңшулаш Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстан жаңжалдуу аймакка барып, жарандарын артка кайтарган учурлары болуп жатат

Өкмөт Ирактагы жаңжалга катышкан жарандардын балдарын алып келүү үчүн Багдадка жумушчу топ жөнөтө турганын билдирди.

Расмий маалыматка караганда, Ирактагы жашы жете элек балдарды кайра алып келүү жана коомго кайра интеграциялоо боюнча мекемелер аралык жумушчу топ түзүлдү. Жакын арада жумушчу балдарды Кыргызстанга алып келүү үчүн Багдад шаарына барат.

Өкмөт тараткан маалыматта согуш зонасындагы кыргыз "жарандары-балдары" деп жазылган, ошондуктан бул жерде конкреттүү түрдө балдар тууралуу гана сөз болуп жатабы же чоңдор да барбы, так эмес.

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Видео: Кыргызстан Сириядагы жарандарын артка кайтарат

Жумушчу топ тийиштүү адистердин, психолог жана теологдордун жардамы менен балдарды коомго кошуу боюнча чаралардын планын иштеп чыкты.

Ошондой эле Сириядагы кыргыз жарандарынын турган жерин жана алардын санын тактоо боюнча иштерди аткарат.

"Балдарды алып келүү боюнча маселеге жардам берүүгө, колдоого даярдыгын билдирген көңүл кош карабаган жарандарга ыраазычылык билдиребиз. Бул маселени саясатташтырбоого чакырат элек. Балдарды кайра алып келүү боюнча Ирактын расмий бийлиги менен Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Өз кезегинде Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жана башка түзүмдөр мындан ары балдарды кайра калыбына келтирүү жана көндүрүү боюнча даярдык иштерин жүргүзүүдө", - деп айтты вице-премьер-министр Жеңиш Разаков.

Буга чейин он чакты адамдан турган демилгелүү топ президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып, Сирияда кармалып турган жакындарын Кыргызстанга кайтарууга көмөк сураган эле.

"Менин кызым ошол жактан келе албай жатат. Мекенине келсем дегенде ак эткенден, так этет. Өтө татаал шартта кармалып турушат экен. Кызым ошол жакта жүрүп турмушка чыгып, эки балалуу болуптур. Азыркы маалда балдарынын бири катуу ооруп жатыптыр. Алар Түркия менен Сириянын чек арасына жакын жердеги лагерде кармалып турганын айтып телефон чалган",-деген эле Сирияда жүргөн кыздардын биринин апасы.

Жакынкы Чыгышта куралдуу жаңжал башталгандан бери Кыргызстандын аймагынан жети жүздөй киши чыгып кеткени расмий айтылып келүүдө.

Сирияга азгырылган кыргызстандыктардын кээ бири үй-бүлөсү менен чогуу чыгып кеткендиктен, ал жакта жүздөн ашуун жаш балдар жана аялдар бар деп айтылып жүрөт. Бирок артка кайтып келгендери тууралуу так маалымат жок.

Айрым маалыматтарга караганда, жаңжалга аралашкан жүзгө чукул кыргызстандык Сирия аймагында каза тапкан.

"Ал жакта дагы бир нече бала төрөлдү. Алды жети жашка чыгып, арты кучактагы балдар. Ошондуктан биздин мамлекет ошол жакка адашып барып калган жарандарга карата сөзсүз чараларды көрүшү абзел. Күч органдары териштирүү жүргүзүшү керек. Укуктук жактан бул абдан назик маселе. Баргандын баарын эле булар террорист, саткын деп айтуу кыйын. Ар кандай жол менен кеткендери бар, алданып, азгырылып, өз ыктыяры менен согушам деп кеткендери бар. Сирия, Ирактагы абалды эске алганда, кимдин согушуп келгенин, кимдин согушпай келгенин аныктоо абдан кыйын. Бул каражатты талап кылган нерселер. Өзгөчө ошол жактагы Сирия, Ирактын расмий бийлиги менен тыгыз иштешип, алардын колундагы маалыматты алып, анализдөө керек",-дейт Ислам таануу илимий-изилдөө институтунун жетекчиси, теолог Маметбек Мырзабаев.

Сүрөттүн автордук укугу AFP

Ички иштер министрлигинин экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын бөлүм башчысы Эрлан Бакиев кыргызстандык жарандардын кайтып келүүсүнө эч кандай чектөө жок деп билдирген эле.

"Лагерлерде жаш балдары менен биздин жарандарбыз жүрөт деген маалыматтар бар. Алардын кайтып келүүсүнө эч кандай чектөө жок. Бирок, мыйзам чегинде жаза каралган",-деген Бакиев.

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Сириядагы жаңжалга аралашкан кыргызстандыктар:

Сирия менен Ирактагы лагерлер тууралуу жыл башында француз журналисттери тарткан даректүү тасмада кыргыз паспорту менен жүргөн адамдын көрүнгөнү дагы бир топ талкууланды. Андан кийин кыргызстандык кыз-келиндер "Сириядагы күрд лагеринен алып кеткиле" деп кайрылганы тууралуу маалымат чыкты. Бирок кыргыз бийлиги жарандарын артка кайтарган учур боло элек.

Коңшулаш Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстан жаңжалдуу аймакка барып, жарандарын артка кайтарган учурлары болуп жатат. Алар негизинен аялдар менен балдарды кайтарып келди.

Тема боюнча башка макалалар