Балдардын өз тилинде окушун талап кылган окумуштуу өзүн өрттөдү

Орусия Федерациясындагы Удмуртия республикасынын Мамлекеттик кеңешинин имаратынын алдында бир киши өзүнө өзү өрт койгону тууралуу кабарлар тарады. Басылмалар 79 жаштагы окумуштуу, удмурт кыймылынын активисти Альберт Разин экенин жазууда. Ал оор абалда ооруканага түшүп, каза болуп калды.

Сүрөттүн автордук укугу Sergey Bobylev/TASS

Ал 10-сентябрь күнү эртең менен республикалык парламенттин жыйынын алдында плакат көтөрүп келген. Андан соң өзүнө өрт коюп жиберген. Аны менен чогуу келген киши бул Альберт Разин экенин ырастады.

Разин буга чейин "балдар удмурт тилинде окуп, аны унутпашы керек" деп талап кылып келген деп жазды "Коммерсант" басылмасы. Мунун алдында ал депутаттарга "Удмурт этносу жок болуп баратат" деген кайрылуу даярдаган. Разин 1940-жылы туулган, философия илимдеринин кандидаты, доцент эле.

Удмуртия парламентинин жыйыны 24-сентябрга жылдырылды. (AbA)

Тектеш темалар