Фото же видеолорду "сыйкырлаган" жасалма интеллект

Кыргызстандык интернет колдонуучулар да айрым бир сүрөт же видеолордун оригинал же жасалма экенин талкуулаган учурлар аз эмес
Image caption Кыргызстандык интернет колдонуучулар да айрым бир сүрөт же видеолордун оригинал же жасалма экенин талкуулаган учурлар аз эмес

Deepfake — жасалма интеллекттин негизинде кишинин жүзүн башкага алмаштыруу. Deep learning + Fake "Терең үйрөтүү" жана "жасалма" сөздөрүнүн биригишенен чыккан термин.

Deepfake тамашалуу видеолорду же жасалма жаңылыктарды жаратуу максатында дагы колдонулушу мүмкүн.

Дипфейкти атайын каралоо максатында жасалма порновидеого башка кишинин жүзүн тагуу үчүн пайдаланылган мисалдар да бар. Алач мындай порноролик 2017-жылы пайда болгон.

Интернеттен Барак Обаманын, Facebook негиздөөчүсү Марк Цукербергдин жүздөрүн колдонгон видеолорду да көрсө болот.

Учурда илимпоздор терең үйрөтүүнүн негизинде жасалган видеолорду тааный алуучу технологияларды жарата башташты.

АКШ бийлиги deepfake фото жана видеолорду таратуу үчүн жоопкерчилик караган мыйзамдарды кабыл алууга ниеттенүүдө.

Кыргызстандык интернет колдонуучулар да айрым бир сүрөт же видеолордун оригинал же жасалма экенин талкуулаган учурлар аз эмес. Би-Би-Си "Биздин мурас" коомдук фондунун негиздөөчүсү Чоробек Сааданбек менен ушул темада маек курду.

Маекти толугу менен төмөнкү шилтемеден көрсөңүз болот:

Тема боюнча башка макалалар