Кумтөр боюнча стратегиялык келишимди ЖК комитети жактырды

Кумтөр

"Центерра Голд инк" компаниясы менен кыргыз өкмөтүнүн Кумтөр боюнча стратегиялык келишимин Жогорку Кеңештин тармактык комитети карады. Парламенттин Кумтөрдүн ишине тиешелүү буга чейинки токтомдору актуалдуу болбой калды деп эсептейт өкмөт.

Август айында Кумтөр боюнча стратегиялык келишим иштей баштады деген маалымат чыккандан тарта коомдук сайттарда бул боюнча ачык, кенен маалымат талап кылып жатышкан. Жогорку Кеңештин тармактык комитети келишимдин ишке ашуусу боюнча өкмөттүн маалыматын укту.

Вице премьер-министр Кубатбек Боронов өзү да Кумтөр экономикадан саясий маселеге айланып кеткенин белгиледи.

Анын айтымында, азыркы өкмөт Сапар Исаковдун мурдагы өкмөтү учурунда кол койгон келишимге жаңы шарттарды гана сунуштап, Кыргызстандын кызыкчылыгына өзгөртө алды жана ошол келишим иштей баштады.

Анткени макулдашууга ылайык, шарттарды эки тарап аткарганда келишим иштемек.

"Бул стратегиялык макулдашууга Кыргыз Республикасынын ошол кездеги премьер-министри Исаков Сапар Жумакадырович 2017-жылы 11-сентябрда кол койгон. Бул жакын арада күчүнө кирди. Ал иштечү биринчи күн 2018-жылдын 1-декабры болчу. Бирок макулдашылган алдын ала шарттарды аткаруу улам создуктурулганына байланыштуу ишке кирүүсү жылган", - деди Боронов депутаттарга.

Ал Кыргызстан жаңы эч кандай милдеттенме алган жок деп бышыктады.

Келишимде мурда Кыргызстан 2026-жылга чейин 87 млн доллар алат десе, азыр 150 млн долларга жетишилди деп жатат өкмөт.

Бул негизинен жаратылышты коргоо жана башка аймактарды да өнүктүрүүгө курулган фонддорго келген каражат. Боронов акчалар келип түшкөнүн тастыктады.

"Ата Мекен" фракциясынан Жогорку Кеңешке депутат Алмамбет Шыкмаматов маселени жалпы жыйынга алып чыгыш керек деди Би-Би-Сиге:

"Экологияны талкалаганы үчүн деп өкмөт "Центерра Голд Инк" компаниясын сотко берип, 21 млрд сом утуп алган. Бул 300 млн доллар. Бүгүнкү 300 млн доллардан баш тартып 2030-жылдарга чейин бөлүп бөлүп беребиз деген 150 млн долларды кайра кайра КТРКдан көрсөтүп, шардана кылып, уттук эле уттук деп жатышат. 2003-жылкы келишимде да өкмөт биз уттук, аябай сонун келишим болду деген. 2009-жылы Максим Бакиевдин тушунда ошентип айтышкан. Убакыт өткөндөн кийин эле алданган турбайбызбы, чыккынчылык болуптур деп чыгып калат".

Канадалык компания "Центерра Голд инктин" Кумтөрдө иштөө мөөнөтүн узартуу шарты турат. Муну менен бюджетке киреше дагы түшүп турарын белгилешти өкмөт мүчөлөрү. Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Эмилбек Осмонбетов Кумтөрдө калган алтындын көлөмү тууралуу буларды билдирди:

"Буга чейин 384,3 кг алтын өндүрүлдү. Баланста 104,345 кг алтын бар. Андан сырткары божомолдоолорго ылайык дагы 23 тонна алтын калган".

2009-жылкы келишим боюнча Кумтөргө 26 миң гектардан ашык жер берилсе, ал ошол боюнча деди Боронов. 2009-жылдагы келишимге 16 миң гектар жер мамлекеттик коруктун чегинен берилген деген сындардан кийин 2012-жылы аны жокко чыгарган жаңы токтом чыккан.

Токтом менен эмес келишимди ратификациялаган мыйзам менен гана иштөө мүмкүн болгондуктан мамлекет эски милдеттенмелерин аткарууда. 16 миң гектар жер мурда берилген. Бүгүнкү өкмөттүн корук маселеси боюнча жүйөсү ушундай.

Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитети жалпысынан өкмөт менен "Центерра Голд инк" түзгөн стратегиялык келишимдин иштөөсүн колдоду.

"Стратегиялык келишимдин аткарылышы боюнча өкмөткө ыраазычылык билдирсек болот. Учурунда 87 млн долларга деле макул болуп, ой, Сапар Жумакадырович жакшы жетишкендикке жетишипсиз деп кол чаап жатышкан. Азыр ага кошумча дагы 63 млн доллар келип жатат", - деп жыйынтыктады талкууну Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитеттин төрагасы Кожобек Рыспаев.

Өкмөттүн берген маалыматына ылайык, "Центерра Голд инк" арбитраждык сотко кайрылып, 2017-жылы сентябрда анын отуруму башталаар алдында Кыргызстан келишимге барууга аргасыз болгон. Анын айтымында, болбосо Кыргызстан экологиялык доодон утканы менен өзүнө коюлган доолорго жыгылып калуу коркунучу бар эле.

Тектеш темалар