Айдоочу: Кырсык болду дей бербей, кыраакы болсок

"Коопсуз шаар" долбоору ушул жылдын мартында ишке кирген эле
Image caption "Коопсуз шаар" долбоору ушул жылдын мартында ишке кирген эле

0н жети жаштагы айдоочу Бишкекте автобус менен бетме-бет сүзүшүп, үрөй учурган кырсык кайрадан жол коопсуздугуна байланышкан теманы козгоду.

Өкмөт башынан эле "Коопсуз шаар" долбоорунун башкы максаты - айып пулдан каражат чогултуу эмес, кырсыктардын алдын алуу экенин айтып келүүдө. Бирок аны ишке киргизген алты ай ичиндеги натыйжасы кандай болду?

Кээ бир активисттер коомдук сайттарга кырсыкка кабылган унаалардын сүрөттөрүн жарыялап, жол кырсыгын азайтуу бир эле көзөмөл камерасынан же жол кыймылын тескөөчү инспектордон эмес, айдоочунун маданиятынан көз каранды экенин эскертүүдө.

Image caption Жол кырсыктарынан каза тапкандарды эскерүү күнү, Бишкек, 15-ноябрь

Би-Би-Си Бишкектик айрым айдоочуларды кепке тартып, жол кырсыгынын эң негизги себептери кайсылар деп сурамжыладык.

Анын жыйынтыгы мындай: унаалардын саны кескин көбөйгөнү, жолдордун талапка жооп бербегени жана жол белгилеринин иретсиздиги.

Сурамжылоого катышкан айдоочулардын басымдуу бөлүгү автоунаа башкарууга жеңил-желпи карап, жоопкерчиликти сезбеген, учуп-күйгөн ылдамдыкта айдоону өнөр көргөндөр да арбын экенин кошумчалашты. Ошол эле маалда айдоочулук күбөлүк кантип, кимдерге берилип жатканына көңүл буруу керектигин белгилегендер болду.

Image caption Бишкекте көзөмөл күчөтүлгөнү менен айдоочулардын жоопкерчилиги артып кеткен жок дейт активисттер.

Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгы Бишкекте жана Чүй облусунда орнотулган көзөмөл камералары далай кырсыктын алдын алганын анализдер көрсөттү деп ишендирди. Адистер эми долбоордун экинчи этабы ишке кирсе кырсыктар дагы азаят дейт.

"Бишкек шаарында жалпысынан 42 жерге камера орнотулган. Так ошол камера коюлган жерлердеги жол кырсыктарын санын анализдеп, өткөн жылга салыштырып көрсөк. 52 пайызга жол кырсыгы азайган экен. Ушундай эле камералар Чүй облусунун аймагында жалпысынан 48 жерге камера коюлган. Көзөмөл камералар орнотулган кесилиштерде өткөн жылга салыштырмалуу 70 пайызга жол кырсыгы азайган. Бул иш жол кырсыгын, ага жараша жол кырсыгындагы адам өлүмүн, жаракат алгандарды андан сырткары материалдык чыгымдарды да азайтып жатат",- дейт аталган башкармалыктын жетекчи орун басары Ыманалы Саркулов.

Image caption Мамлекттик казынага айдоочулардан айып пул катары 200 миллион сомдон ашык каражат түшкөн

Бирок көзөмөл күчөтүлгөнү менен айдоочулардын жоопкерчилиги артып кеткен жок дейт активисттер.

"Биз статистикага таянып иш алып барарыбызды башынан бери айтып келе жатабыз. "Коопсуз шаар" ишин баштады деген менен балдардын коопсуздугу дале өтө начар абалда. Бишкек шаары боюнча эле жарым жылдын статистикасын өткөн жылдын ошол эле алты айына салыштыра турган болсок жол кырсыгынан каза тапкан балдардын саны өстү. Бул эмнеден кабар берет? Дагы деле далай айдоочунун айдоо маданияты төмөн, жолдо өзүн алып жүрүү жүрүм-туруму жакшырып кете элек",- дейт Жол коопсуздугу коомдук бирикмесинин жетекчиси Чынара Касмамбетова.

"Коопсуз шаар" долбоору ушул жылдын 4-мартында ишке кирген эле. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы август айында берген маалыматка караганда, ошондон бери орнотулган камералар 400 миңден ашуун жол эрежесин бузууну каттаган. Алардын 178 минден ашууну өз айыптарын төлөгөн экен. Мамлекттик казынага айып пул катары 200 миллион сомдон ашык каражат түшкөн.

Тема боюнча башка макалалар