Улуттук музейден орун табылбаган Жусуп Абдрахмановдун баалуу буюмдары

Жусуп Абдрахманов атындагы фонд ХХ кылымдын 20-30-жылдарында кыргыз мамлекетин жаңы шартта калыбына келтирүүнүн башында тургандардын бири Жусуп Абдрахмановдун өзүнчө бурчу Улуттук музейде болсо деген демилге көтөрүүдө.

Жусуп Абдрахманов Сүрөттүн автордук укугу Wikipedia

1937-жылдагы Сталиндик репрессиянын курмандыгы болгон мамлекеттик ишмер Жусуп Абдрахманов тууралуу иликтөөлөр жана анын бейнесин ачуу аракеттери эгемендик алган жылдардан кийин башталган. Изилдөөчүлөрдүн көпчүлүгү Ж.Абдрахманов өзүнүн татыктуу тарыхый баасын ала элек деген пикирде. Бул жагы өзүнчө терең жана узаак сөз.

Биз Ж.Абдрахмановдон эмне таберик буюмдар калды деген суроого жооп издеп көрөлү.

"Жусуп Абдрахмановдон калган таберик буюмдардын эң баалуусу - анын күндөлүгү. Азыр бул күндөлүк анын үй-бүлөсүндө сакталып турат. Бирок бул чынында кыргыз элине таандык. Тилекке каршы, биздин колдо күндөлүктүн бир гана бөлүгү бар. Экинчиси Орусия аймагында тиешелүү мекмелерде сакталып турганы тууралуу маалыматыбыз бар. Күндөлүктөн сырткары Жусуп Абдрахмановдун өз колу менен жазылган айрым документтери бар",-дейт Жусуп Абдрахмановдун чебереси Астемир Абдрахманов.

Жусуп Абдрахмановдун күндөлүгү
Image caption Жусуп Абдрахмановдун күндөлүгү

1933-жылы жайында Жусуп Абдрахмановдун жазып жүргөн күндөлүгү И.В. Сталиндин жеке колуна тиет. Документтерге таянсак, Сталин күндөлүктү окуп чыгып, саясий бюронун мүчөлөрүнө күндөлүк менен таанышып чыгуу боюнча көрсөтмө берген экен.

"Бул күндөлүктө Сталин жана саясий бюронун мүчөлөрү белги койгон жерлери бар. Күндөлүк менен Сталин биринчилерден болуп таанышып чыгып, кийин саясий бюронун жети мүчөсү тең таанышып чыкканын далилдеген документти быйыл эле колго алдык",-дейт Астемир Абдрахманов.

Бул документте Сталин минтип жазып жатат:

"Кагановичке, Молотовко! Кыргызстандын Эл Комиссарлар Советинин биринчи төрагасы Абдрахмановдун "күндөлүгүн" окуп чыгышыңар керек. Аны Наумов ("наумчик") жана Вуйович мырзалар аябай эле тарбиялашканы көрүнүп турат. Окуп чыгып, кайра мага бергиле. И. Сталин."

Сталиндин кат
Image caption Сталин күндөлүктү окуп чыгып, саясий бюронун мүчөлөрүнө күндөлүк менен таанышып чыгуу боюнча көрсөтмө берген

Астемирдин айтымында Жусуп Абдрахмановдон калган башка таберик буюмдар деле сакталып калган эмес. Түп нускадагы анча-мынча сүрөттөрү жана Владимир Маяковскийдин сөөгүн коюу учурундагы бир үзүм кинокадр бар.

Жусуп Абдрахманов атындагы фонддун төрагасы Мирбек Усебаев жакында эле Ж.Абрахманов боюнча бир катар сунуштарды айтып президентке жана өкмөткө башчыга кайрылышканын билдирди. Анын ичинде Улуттук музейде Ж.Абдрахмановдун атайын бурчу болсо деген мүдөө.

Жусуп Абдрахмановдун чебереси Астемир Абдрахманов
Image caption Жусуп Абдрахмановдун чебереси Астемир Абдрахманов

"Абдрахмановко тиешелүү кол жазмаларды жана буюмдары чогултуп, музейге өткөрүү биздин мойнубуздагы негизги парз. Абдрахмановдун күндөлүгү кызы Ленина эженин колунда болчу. Ал киши музей болсо деп абдан кыялданган. Биз Улуттук тарых музейинен ушуга орун берсе деп сураналы деп жатабыз",-дейт фонддун төрагасы Усебаев.

Жусуп Абдрахманов атындагы фонддун төрагасы Мирбек Усебаев
Image caption Жусуп Абдрахманов атындагы фонддун төрагасы Мирбек Усебаев

Бизге жеткен маалыматтарга караганда Жусуп Абрахманов олтуруп иштеген стол Улуттук илимдер академиясында турат. Азырга чейин аны пайдаланып жүрүшөт. Учурунда тарых илимдеринин доктору, профессор Жеңиш Жунушалиев бул столду сактап калган экен. Абдрахмановдун столун сатып алуу үчүн Жунушалиевке чоң акча сунуштагандар дагы болуптур. Бирок Жунушалиев "көзүм тирүү турганда муну эч кимге бербейм, музейге өткөрөм" деп айткан эле, деп эскерет тарыхчы, белгилүү жазуучу Арслан Капай уулу Койчиев. Андан бери нечен жыл аяк басты...

Абрахмановдун столу жана стулдары азыр УИАнын Тарых институтунда иш кабинетинде турат. Демилгечилер мунун оңдоп-түздөп, музейге өткөрүү аракетин көрүүдө. Бирок буга өкмөт тарабынан азырынча реакция боло элек.

Абрахмановдун столу жана стулдары азыр УИАнын Тарых институтунда иш кабинетинде турат
Image caption Абрахмановдун столу жана стулдары азыр УИАнын Тарых институтунда иш кабинетинде турат

1922-жылы, Үркүндөн (1916) алты жылдан кийин Тоолуу Кыргыз Республикасын түзүү ою оңунан чыкпай калып, адегенде Кара-Кыргыз Автоном облусу, эки жыл аралыгында - 1926-жылы Кыргыз Автономиялуу Советтик Социалисттик Республикасын түзүлгөн. Ал эми 1936-жылы Советтик Социалисттик Республикасы болуп түзүлдү.

"Жер талаш, эл талаш, журт талаш, мамлекет куроо үчүн акыл таймаш, билим таймаш, эрк кармашынын башында турган даңазалуу муун укугу чектелүү болсо Республика түздү. Ошолордун көрүнүктүү өкүлү Жусуп Абдрахманов "Равный среди равных" деп жазгандай, байыркы Азиянын бир кездеги эгеси башкалардан кем эмес болууга тийиш деген ураан алар үчүн өмүр максаты болду. Миссиясын аткара алышты, көксөгөнүнө толук жетпесе да, пайдубалын түптөп кетишти. Демек мамлекеттүүлүктүн жаңы формада, Республика катары калыбына келди. Анын биринчи, туңгуч премьер-министри Жусуп Абдрахманов. Макул дейли, Европа мамлекеттеринин чен өлчөмү менен караган күндө деле, биринчи республика Франция башынан беш республиканы өткөргөн. Биринчи Француз Республикасы 1792-жылы буржуазиялык революциянын натыйжасында түзүлгөн. Президенттик башкарууга негизделген Бешинчи Республиканы Шарль де Голль түзгөн. Азыр да француз тарыхчылары, саясатчылары "Генерал де Голль түзгөн Бешинчи Республика" деп сыймыктанып айтышат. Демек, 1926-жылы кыргыздардын биринчи республикасы түзүлсө, Жусуп Абдрахмановду Биринчи Республиканын биринчи премьер-министри деп атаганыбыз тарыхый логикага туура келмекчи. Экинчиси - мамлекеттүүлүктүн негизделиши. Адатта өзүбүз мамлекеттүүлүгүбүз 20-кылымдын башында негизделген деп көп айтабыз, жазабыз, белгилейбиз. Ошондойбу? Кыргыздар өз тарыхында арааны күч кубаттуу империядан тартып мамлекеттүүлүктүн ар кандай формасына ээ болуп, бирде мамлекети кулач жайып, кен аймакты ээлеп, бирде тарып, ал тургай башка мамлекеттерден көз каранды болуп, жүдөңкү тарткан кыйын мезгилдери да болгон",-дейт коомдук ишмер Алмаз Кулматов.

1937-жылдагы репрессияда Жусуп Абдрахманов "антисоветтик террористтик, диверсиялык-чыккынчы, оңчул троцкисттик уюм менен блоктошкон Социал-Туран партиясынын түзүүчүсү" деген жалаа менен камакка алынып,1938-жылы атууга кеткен.

Көпчүлүк тарыхчылардын пикиринде, Кыргызстандан 40 миңге чукул киши 1937-38-жылдардагы сталиндик репрессиянын курмандыгы болгон.

1938-жылы "улутчул, эл душманы" деген жалаа менен атылган 137 адамдын сөөгү көмүлгөн жер 1991-жылы, Кыргызстан эгемендик алган алгачкы жылы табылган. Президенттин жарлыгы менен сөөктөр кайра жерге берилип, ал жер "Ата-Бейит" деп аталды.

Табылган сөөктөрдүн арасында атактуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун атасы Төрөкул Айтматов да болгон. "Ата-Бейит" деген атты жазуучу сунуштаган экен. "Ата-Бейит" КМШ өлкөлөрүнүн ичинен даректүү жана далилдер менен табылган репрессия курмандыктарынын бирден-бир көрүстөнү.

Мамлекет үчүн каны көөкөрдө, башы канжагыда кайран муундун, кандай гана өлкө болбосун, кайсы гана учурда болбосун эл сыймыктангыдай, "эсилим эгер кайра туулсаң, биздин жерде туула көр" деп эңсегидей мыктылардын анабашында турган Жусуп Абдрахмановдун затмурасы, акыл мурасы, саясий мурасы баркталабы?

*

Тектеш темалар