Президент менен Текебаев жолугабы?

Өмүрбек Текебаев

Райондук сот үй камагына чыккан "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин ишин кайра башынан карай баштады. Ал тапта убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү президент менен жолугууга бараарын билдиришти. Текебаев да президент менен жолугабы жана бул окуялар саясатта кандай өзгөрүүлөргө алып баратат?

Биринчи май райондук соту Өмүрбек Текебаев менен партиялашы Дүйшөнкул Чотоновдун ишин кайра баштан карай баштады.

Ага негиз болгон жаңы жагдайлар бешөө. Адвокаттар бүгүн жаңы күбөлөрдү чакырууну, байланыш компаниясынан 2010-жылы Текебаев менен Леонид Маевскийдин сүйлөшүп сүйлөшпөгөнүн тактоо өңдүү бир нече өтүнүчтү келтиришти.

Жараян башталаар алдында Текебаев журналисттерге иш бул жолу объективдүү териштирилерине ишенип жатканын айтты.

"Мен сот жараяны ачык, айкын өтөт деп ойлойм. Айыптоолор ойдон чыгарылганына күбө болосуздар", - деди Текебаев.

Ал тапта мурдагы убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү президент менен жолугарын билдиришти. Бейформал жолугушуу ишембиде өтөт.

Би-Би-Си Текебаевден президент менен кезиккени жатасызбы, чакырдыбы деп сурады. Ал президент чакырса барам деди.

Чуулгандуу сотто айыпталуучу катары өтүп жаткан саясатчы менен президенттин жолугушууна алдын ала сын айткандар коомдук тармакта оюн билдирүүдө.

Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү президент менен жолугат

Сүрөттүн автордук укугу Social media

Убактылуу өкмөттүн мүчөсү, УКМКнын мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев президенттик аппараттан дүйшөмбүдө телефон аркылуу чакырышканын билдирди.

Ал азыркы бийлик менен кандай кызматташтыкка барышаары жолугушуудан кийин билинет деди.

"Сооронбай Шарипович 2010-жылы Апрель окуясында убактылуу өкмөттүн курамында биринчилерден эле. Кийин Ошко губернатор болуп кеткенде жыйындарга такай катыша албагандыктан убактылуу өкмөттөн чыгарып коюну суранган. Ошондуктан ал дагы биздин катарда эле десек болот. Ишембиде саясий абалды сүйлөшсөк керек, биз да кол кабыш кылуу боюнча пикир билдебиз го деп ойлом", - деди Би-Би-Сиге Дүйшөбаев.

Бийликтин көздөгөнү эмне?

Аналитик, журналист Айданбек Акматов президент КСДП менен "Ата Мекендин" мурдагы союздаштыгын калыбына келтирип, ыңкылапчы күчтөр бийликти кармап калабыз деген аракетте болушу мүмкүн деди. Анын айтымында, муну Текебаевдин боштондукка чыгарылышы, анын бийлик тууралуу оң билдирүүлөрү, ошол партиядан депутат болгон Аида Салянованын соттук ишинин жеңилдетилишинен түшүнсө болот.

"Парламенттик шайлоого дал ушундай союздаштык менен бараткан болушу мүмкүн. Бийлик балким өзүнүн партияларын алып келет, балким, оппозициялык күч катары "Ата Мекенге" орун бериши мүмкүн. Биригүү максатынан улам убактылуу өкмөттүн калган мүчөлөрү менен жолугуп жаткандай. Максаты - ыңкылап күчтөрү биригебиз, анын идеясы өлгөн жок, ошондуктан бийликтебиз деген ой болушу мүмкүн", - деди Акматов Би-Би-Сиге.

Акматов мурда Атамбаевдин жетекчилигиндеги КСДП "Ата Мекен" менен бийлик башында туруп келсе, ошол эле схеманы Атамбаевсиз ишке ашыруу планы болушу мүмкүн деп тактады.

Аналитик бирок убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү ар башка жол менен кеткенин кошумчалады. Мисалы, Роза Отунбаева, Эмилбек Каптагаев Текебаевге ыктаса, Исмаил Исаков, Азимбек Бекназаров ал багытта эмес.

Анткен менен баарын 2010-жылдагы окуя бириктирет.

Саясат талдоочу Алмаз Тажибай Текебаевдин "партиябыз парламентте оппозиция болгон менен сунуштар болсо колдойбуз" деген билдирүүсүн бийлик менен чогуу иштешебиз деп түшүнсө болот деди.

Шайлоо алдындагы жүрүштөрбү?

Талдоочунун оюнда президенттин убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү менен жолугуусунун максаты биригүү аракетинен сырткары чын эле кеп-кеңешин алуу болушу ыктымал.

"Президентке идея, интеллектуалдык жактан ресурс жетишпей жатат. Кантип өнүгөбүз? Экономикалык жана башка курч көйгөйлөр турат. Мурда нааразычылыктын баары Атамбаевге болуп келсе, эми Жээнбековго жабышканы турат. Сооронбай Жээнбеков прагматикалык кадам жасап туура эле кылып жатат. Маселелерди чечүү үчүн саясий күчтөрдү топтоп, керек болсо кескин чараларга барышы мүмкүн", - деди Би-Би-Сиге Алмаз Тажибай.

Ал убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү сырттан объективдүү баасын берип турса, президент ага кулак салса, Атамбаевдин каталарын кайталабас эле деген оюн билдирди.

Алмаз Тажибай ошондой эле саясатта биригип жаткан күчтөр кайсы бир суроо боюнча орток пикирге келе албай калганда каршылаш болуп чыга келерин да эскертти.

Эксперттер 2020-жылдагы парламенттик шайлоо жакындаганы саясий күчтөрдүн биригүү аракети башталганын жазууда.

Жогорку Сот Өмүрбек Текебаевдин ишин кайра кароо үчүн биринчи инстанцияга жиберип, мурдагы айыптоолордун баарын жокко чыгарган. Биринчи инстанция 29-августта адегенде баш коргоо чарасын карап, үй камагына чыгарган. Текебаев менен Чотонов "Мегаком" чуусу боюнча бир миллион пара алууга айыпталып 2017-жылы камалышкан.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар