Биринчи жолу алыскы планетада суу табылды

Астрономдор K2-18b планетасынын атмосферасында суу бар экенин аныктады. Илимий ачылыш тууралуу макала Nature Astronomy журналына жарыяланды.

Сүрөттүн автордук укугу ESA/UCL

K2-18b планетасындагы температура жашоого ылайыктуу, суусу мол деп айтылууда. Окумуштуулар алдыдагы он жылдын ичинде жаңы телескоптордун жардамы менен K2-18b атмосферасында тирүү жандыктардан чыккан газдарды аныктамакчы.

"Таң калтырган ачылыш"

Сүрөттүн автордук укугу ESA/STFC RAL Space/UCL/Europlanet-Science Office

Лондон колледж университетинин профессору Жованна Тинетти ачылышты "таң каларлык" деп мүнөздөдү.

"Биринчи жолу башка планетада суу таптык. Планета жашоого мүмкүн болгон зонада жайгашкан, температура дагы ылайыктуу",-дейт ал.

Компьютердик моделдин жардамы менен планетанын атмосферасынын курамы 50 пайыз суу экени табылды. K2-18b Жер планетасынан эки эсе чоң жана температурасы Цельсий боюнча 0 менен 40 градустун ортосунда. Демек, суу суюк бойдон сакталат.

"Бул ачылыш адам баласынын негизги суроолорунун бирине жооп табууга жол ачат. Бул Жерден башка планетада жандык барбы деген суроо",-дейт изилдөөгө катышкын окумуштуу Ангелос Циарас.

K2-18b планетасы жашоого ылайыктуу болушу мүмкүн, бирок бул пикирди тастыктоо азырынча мүмкүн эмес.

Жерден 111 жарык жыл алыстыкта жайгашкан планета

Жаңы табылган планета Жерден 111 жарык жыл алыстыкта жайгашкан. Бул аралыкка космостук аппарат жөнөтүүгө мүмкүнчүлүк жок.

2020-жылдары жаңы муундагы телескоптор чыгарылганда гана K2-18b атмосферасындагы газдарды анализдөөгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.

"Бул илимдеги негизги суроолордун бири. Биз ар дайым Ааламда биз элебизби же башка дагы жашоо барбы деп, кызыгып келгенбиз. Эми алдыдагы он жылдын ичинде бул планетада тирүү жандыктардан келип чыккан химиялык элементтер барбы дегенге жооп табабыз",-дейт доктор Инго Вальдманн.

Бирок бул жерде дагы талаштуу пикирлер бар. Алды менен астрономдор арасында планетада жашоо бар экенин күбөлөгөн кайсыл газдар тууралуу сөз болушу керек дегенге орток пикир жок. K2-18b планетасы 2015-жылы ачылган.