Ала-Тоонун шамалына "жүгөн" салуу кыялы

Кытай Өзбекстандын Бухара облустунда шамал электр станциясын курат. Ал Борбор Азия боюнча эң ириси болмокчу. Казакстанда кеминде ону иштеп жатат. Советтер союзунан бери электр энергиянын кубаттуулугун дээрлик көбөйтбөгөн Кыргызстан ушул булакты колдоно алабы?

Кытай компаниясы Бухаранын Гиждуван районуна алты миң гектар жерге шамал электр станциясын кура баштады. Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги маалымдагандай, ушу тапта шамалдын күчүн өлчөгөн бийик мунаралар орнотулууда. Бул инвестициянын көлөмү 1,8 млрд долларды түзүп, Борбор Азиядагы эң ири шамал электр станциясы болмокчу. Анын кубаттуулугу 1,5 миң мВт деп пландалууда.

Ташкентте 750 кВт кубаттуулугунда шамал станциясы да бар. Президент Шавкат Мирзиеев 2017-жылдан 2025-жылга чейин калыбына келүүчү энергия булактарын өнүктүрүү программасын бекиткен. Анда 810 долбоор бар.

Казакстанда кеминде он шамал станциясы бар. Алардын кубаттуулугу ондогон мВт, ирилериники 100 мВттын тегерегинде.

Эксперттердин эсебинде, Кыргызстанда күндөн же башка толукталып турчу энергия булактарын иштетүү бир пайызга жетпейт. Шамалдын кубатын өлчөө чакан аракеттерди эске албаганда, өлкө боюнча жүргөн эмес.

23-сентябрда Бишкектеги кыргыз-түрк инвестициялык форумуна келген түркиялык ишкер Илхами Йазыжы Кыргызстанда ушул тармакка инвестиция салса болот деди.

"Кыргызстанда шамалдан энергия алуу тармагы бош турат. Шамалдын кубатын колдончу жерлер бар экен. Биз Улуу Жибек Жолу өткөн мунара тарапка бардык. Казакстан менен чектешкен ошол аймактарда станция курса болот. (Токмок шаарынын тегереги - ред.) Биз Стамбулда ушундай жумуштарга инвестиция салганбыз", - деди бир нече компаниянын директорлор кеңешинин мүчөсү Илхами Йазыжы Би-Би-Сиге.

Image caption Электр энергиясын алуу үчүн суу ресурсу түгөнгүс эмес

Толукталып турчу энергия булактарын иштетүү боюнча Кыргызстанда мыйзам бар. Так ушу тармакка инвестор тартуу максатында кабыл алынган. Анын негиздемесиндеги эсепке таянсак, өлкө аймагында бир жылда шамалдан 245 млн. тонна отун (энергия) алса болот.

Бирок бул мыйзамга карабай көп жылдан бери бир да инвестор келген эмес. Себеби бир канча дейт Энергетика жана экономика боюнча илим изилдөө институтунун директору Алайбек Обозов.

"Биринчиден, электр энергиянын баасы бизде өтө төмөн. Ошондуктан салган инвестициясын кайра кайтарып алууда маселе бар. Экинчиден, шамал станциясы өтө чоң болгондо пайдалуу болот. Мунарасынын бийиктиги 120-150 метр, ал эми башындагы бараларынын диаметри 120-130 метр. Кыймылдаткычынын салмагы 300-400 тонна. Аны биздин тоолуу же талаа жерлерибизге курганга жол керек", - деди Обозов.

Адистер ал эми Казакстан менен Өзбекстанда электр энергиясынын баасы жогору экенин, географиялык өзгөчөлүктөрү да шарт түзөөрүн белигилешет.

Обозов ошондой эле "Париж келишимине" кирген үчүн Өзбекстан милдеттенмени аткарып жатат деп кошумчалады. Анын оюнда, коңшу мамлекет шамалдан алынган электр энергиясын экспорттоону көздөп жаткан болушу мүмкүн.

Казакстан менен Өзбекстандын рыногу да эселеп чоң, анын ичинде өнөр-жайы бар.

Кыргызстанда электр энергиясынын баасы элге 75 тыйын, өнөр-жай үчүн эки сом 23 тыйын. Ал эми шамалдан өндүрүү эселеп кымбат.

Сүрөттүн автордук укугу OFFICIAL
Image caption Көмүрдөн энергия алуу экологиялык жактан кир жана кымбат

Улуттук энергохолдингдин башчысынын кеңешчиси Чоробай Акунов шамалдын энергиясын мамлекет эл үчүн сатып алса тариф жогорулап кетет, жеке тармак үчүн иштетсе болот дейт:

"Жеке ишкерлер энергетикалык системага бербей эле өзүнүн бир өндүрүшү же башка нерсе үчүн чыгарса болот. Анда биздикин алганга караганда өздөрү үчүн электр энергиясы арзаныраак түшөт да. Азыр буга көңүл бурулбай жатпайбы".

Акуновдун айтымында, суу жана көмүр электр энергиясы өлкөнү толук камсыз кылууда.

Бирок Кыргызстан кыш мезгилинде коңшулардан электр энергиясын алып калган учурлар бар.

Электр энергиясынын кубаттуулугун Кыргызстан эгемендик жылдарда 18 пайызга гана көбөйтө алды, калганы союз учурунда жасалган боюнча.

Ал эми калктын саны өсүүдө, суу ресурсу тартыш. Көмүрдөн энергия алуу кымбатка турат жана экологиялык жактан эң эле кир болуп саналат.

Шамалдан электр энергиясын өндүрүүгө Кыргызстан келечек үчүн аракет кыла бериш керек дешти адистер. Анткени анын технологиясы улам арзандайт жана дүйнө экологиялык таза өндүрүшкө өтүүдө.