БУУнун Нансен сыйлыгына кыргыз жараны татыктуу болду

Азизбек Ашуров Сүрөттүн автордук укугу Www.unhcr.org

Бириккен Улуттар Уюмунун эң абройлуу Нансен сыйлыгы кыргызстандык укук коргоочу активист Азизбек Ашуровго берилди. Биринчи жолу бул сыйлык өткөн кылымдын элүүнчү жылдарынын ортосунда Элеонора Рузвельтке берилген. Ошондон тарта бул сыйлык качкындар маселесинде алгылыктуу иштерди жасаган мамлекеттик жана коомдук ишмерлерге, укук коргоочуларга, активисттерге жыл сайын берилип келүүдө.

37 жаштагы Азизбек Ашуров "Фергана өрөөнүнүн чек арасыз юристтери" коомдук бирикмесинин жетекчиси. Ош шаарында жашап, эмгектенет. Төрт баланын атасы, кесиби юрист.

"Биз үчүн күтүлбөгөн жаңылык болду. Бул сыйлык жеке эле мага эмес, чогуу иштеген кесиптештерим, бизди колдогон кыргыз өкмөтү үчүн берилди деп эсептейм. Нансен сыйлыгы берилип баштагандан бери тарыхында биринчи жолу жарансыздык маселесин жоюу багытында иштеген активистке берилип жатат. Жарандыгы жок жүргөндөрдүн көйгөйү дүйнөдөгү оор маселе",-деди Азизбек Ашуров Би-Би-Сиге берген маегинде.

Азизбек башында турган "Фергана өрөөнүнүн чек арасыз юристтери" уюму 2014-жылдан баштап, Кыргызстанда жарандыгы жок же жарандыгы аныкталбай калган кишилердин көйгөйү менен иштеди. Жарансыздыкка кабылгандар көйгөйү Фергана өрөөнүндө өзгөчө курч болуп келген. Фергана - калктын жыш жайгашканы боюнча дүйнөдө алдыңкы орундарда турган чөлкөм. Үч өлкөнүн чек ара сызыгы кесилишкен жерде миграциянын деңгээли өтө бийик.

"Башында жарандарга юридикалык кеңеш берип келгенбиз. Анализдеп көрсөк, бизге жарандыгы жок кишилер дагы көп кайрылат. Муну чечүүнүн укуктук механизмдери дагы татаал экен. Анан биз бул маселени көтөрүп, мамлекетке, Бириккен Улуттар Уюмуна кайрылдык",-деди Ашуров.

"Фергана өрөөнүнүн чек арасыз юристтери" мамлекеттик мекемелер менен кызматташып, Кыргызстандын жер-жерлерин кыдырып, жарансыздыгы жок же аныкталбаган кишилерди каттоого алып баштаган. Долбоорду Бириккен Улуттар Уюму колдоого алган.

Image caption "Достук" чек ара бекети

Жарандыгы жок калуу деген эмне?

17 жылдан бери жарандыгы аныкталбаган абалда жашаган Шавкат менен кыргыз-өзбек чек арасына жакын жайгашкан Кара-Суу шаарында жолуктук.

"2000-жылы Советтер союзунун учурундагы паспорт менен калып калгамын. Кыргызстанда төрөлүп, Өзбекстанда иштеп жүргөн элем. Ошону менен чек арадан өтө албай, паспортумду жокко чыгарып, туруктуу жашаганга уруксат берген кагаз берип коюшту. Жарандыгы жок киши азыркы доордо адам катарынан чыгып калат экен. Көрбөгөн азабым калбады (көзүнө жаш алып)... 17 жыл эркинен ажыратылган кишидей жашадым. Канча аракет кылсам дагы жарандыгымды аныктай албай өксүдүм. Акыры кудай буюруп, "Фергана өрөөнүнүн чек арасыз юристтеринин" эшигин түртүп, алардын жардамы менен жарандыкка жеттим",-деди Шавкат.

Image caption 17 жылдан бери жарандыгы аныкталбаган абалда жашаган Шавкат

Өзүндөй абалда калып, кийин жүрөк оорусунан каза тапкан жакын таанышын жарандыгы менен паспорту болбогондуктан мүрзөгө дагы сөөгүн коюу чоң маселе жаратканын эскерди.

"Документтердин баарын тапшыргандан тогуз айдан кийин жооп келди. Паспортту алып, адам болуп калдым деп сүйүнүп, жаңы төрөлгөндөй абалда болдум. Ооруканага кайрылдык, Орусияга учуп барып келдим. Жарандыгы жок абалда жүргөндө ушундай эзилип, көп ооруларды тапкан экенмин. Ден соолукту калыбына келтирип жатам. Менин бир таанышым жүрөгү кармап каза тапты. Анын сөөгүн коюш дагы чоң маселе болду. Ошондо түшүндүм жарандыгы жок калуу деген эмне экенин. Көп киши паспортко жетпей оо дүйнөгө кетти".

Чек ара тилкелериндеги конуштарда бири-бирине кыз берип, кудалашуу илгертен бар. Кийин чек ара тосулганда дагы токтоп калган жок. Жарансыздыкка кабылгандардын көбү дагы ушундай чек аранын бир тарабынан экинчи жагына турмушка чыккан келиндер.

"Өзбекстандын паспорту менен жүрө берип, кийин мөөнөтү бүтүп, кайра жаңылай албай, документсиз калдым. 2010-жылы Өзбекстанга барып кайра кайтып келе жатсам, паспорттун мөөнөтү өтүп кетиптир деп, артка кайтарышты. Анан артка барып, каттоодон эптеп чыгарып, Кыргызстанга өтүп келгемин. Анан бул жерден документ тапшыра албай, ортодо убакыт өтүп кетти. Жолдошум каза болгондон кийин кайын атам үй-мүлктөрдү каттатып берейин десе, менин жарандыгым жок. Чек арадан өтүп туугандарыма бара албай калдым. Ушундай абалда жети жыл жүрдүм. Биринчи топтогу майып уулум бар. Аны чет өлкөгө дарылатайын десек, документибиз жок, эч кайда чыга албайбыз. Акыры аракет кылып, сураштырып, жакшы кишилердин көмөгү менен жарандык алдык. Эки жыл мурун паспорт алдым, мына үйгө да калтырбай жаныма салып жүрөм. Уктасам дагы башыма коюп жатып жүрөм",-деди Апиза Каримова.

Тажикстан жана Өзбекстандан келип, жарандык албай калган этникалык кыргыздар дагы Азиз жетектеген уюмдун жардамына таянды.

Кыргызстан дүйнөдө биринчи болуп бул маселени чечти

Бириккен Улуттар Уюмунун маалыматында Кыргызстан быйыл дүйнөдө жарансыз кишилердин маселесин чечкен жалгыз өлкө деп табылды.

2014-жылы кыргыз өкмөтү менен БУУ биргелешип, өлкө аймагында чоң өнөктүк жүргүзүп, жарандыгы жок кишилерди аныктоого киришкен. Жыйынтыгында 13 700 киши жарандыгы жок же аныкталбаган абалда жүргөнү белгилүү болот. Алардын 2000 жаш балдар эле.

  • Де-юре жарандыгы жок кишилер -135
  • Жарандыгы аныкталбаган кишилер -7120
  • Жарандыгы жок калуу коркунучундагы балдар -2376
  • Де-факто жарандыгы жок кишилер- 3997

Жарансыз жүргөндөрдүн көбү өмүр бою Кыргызстандын аймагында жашагандар. Мындай абалга кабылышына өлкө мыйзамдарындагы алешемдиктер себеп болсо, айрымдары туулган учурда күбөлүк албай калган. Кээси коңшу өлкөлөрдөн келин болуп келгендер.

Жарандыгы жок адам бардык социалдык жана экономикалык укуктарынан ажырайт. Эч жерге жумушка орношо албайт, медициналык жардам албайт, билим алуу укугу чектелет,-деп түшүндүрөт адистер.

Нансен сыйлыгы

"Нансен" (мурда "Нансендин медалы" деп аталган) - Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар боюнча жогорку комиссарынын эң жогорку сыйлыгы. "Нансен" сыйлыгы качкындар укуктарын коргоо боюнча ишердик үчүн берилет. Ал норвегиялык изилдөөчү, качкындар таламын талашып күрөшүп келген, Нобелдин лауреаты Фритьоф Нансендин урматына аталган.

Сыйлык 1954-жылы негизделген. Нансен Комитети талапкерлерди тандап, сыйлык ээсин аныктайт. Сыйлык 1954-жылы Элеонора Рузвельтке (АКШ), 1955-жылы Королева Юлианага (Нидерланддар) берилген. Жогорку сыйлыкка ээ болгондор арасында Кызыл Жарым Ай эл аралык уюму, Норвегия королу Улаф V, Лучано Паваротти (Италия), Эдвард Кеннеди (АКШ) бар.

Учурда дүйнөдө качкындар маселеси өтө курчуп жатат. 70 миллиондон ашуун киши согуш, жаңжал жана куугунтуктан улам жер которууга аргасыз болду. Бул тууралуу БУУнун Качкындар агенттигинин соңку баяндамасында айтылат. Өз үйүн, өлөң төшөгүн таштап, качкынга айлангандар өткөн жылга салыштырмалуу 2,3 миллион кишиге көбөйдү, деп белгиледи Global Trends уюму. Жыйырма жылдын ичинде качкындардын саны эки эсеге өстү. Күнүгө 37 миң киши аргасыз жер которууда. (AbA)