Doing Business: Кыргызстан үч көрсөткүч боюнча реформа жасай алды

Кыргызстанда ишкерликтин 93 пайызы чакан бизнеске туура келет
Image caption Кыргызстанда ишкерликтин 93 пайызы чакан бизнеске туура келет

Кыргызстан Дүйнөлүк Банктын бизнес жүргүзүү боюнча рейтингинде реформачылардын алдыңкы 20 сабына кирди. Кыргызстан рейтингдин үч көрсөткүчү, анын ичинде мурда өтө эле артта калган экөөсү боюнча секирик жасаганы айтылат.

Кыргызстан бизнес жүргүзүүдө реформа жасай алып, алдыңкы жыйырма өлкөнүн ичине кирди. Бул Дүйнөлүк Банктын Doing Business рейтингинин 2019-жылдын май айына чейинки бир жылдык жыйынтыгы.

Дүйнөлүк Банктын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү билдиргендей, реформа жасалган көрсөткүчтөр - электр энергиясы менен камсыз болуу, кредит алуу жана салык төлөө.

Ал өлкөдө электр энергиясын өчүрүү көзөмөлдөнүүдө, инфраструктура жаңыланууда дейт. Ошондой эле "Ишеним" кредит бюросу банктар берчү жеке кредиттерди баалап жатат. Ал эми салык төлөөнү жеңилдетүү үчүн айрым түрлөрүн бириктирди деп билдирди өкүлчүлүк.

"Кыргызстанда "Ишеним" деген кредит бюросу ишке кирген. Ал кредиттердин сапатын көтөрүүгө өбөлгө түзөт. Ал эми электр энергиясын жоготууну азайтуу аракеттери жүрүп жаткандыктан бул жакта да жылыш белгиленген. Бул жерде электрондук эсептегичтерди орнотуу да таасир тийгизсе керек. Салык төлөө дагы электрондошуп, биз аны колдонуп жатабыз", - деди инвестиция боюнча эксперт, ишкер Муратбек Исмаилов.

Сүрөттүн автордук укугу SCREENSHOT
Image caption Изилдөө тууралуу расмий сайттагы маалымат

Мамлекеттер көрсөткүчтөрүн канчага көтөргөнү расмий докладда 24-октябрда белгилүү болот.

Кыргызстан Doing Business, "Бизнес жүргүзүү" рейтинги боюнча 190 мамлекеттин ичинен азыр 70-орунда турат.

Анда кредит алуу пункту боюнча 32-орунда, электр энергиясы менен камсыз болуу 164, салык төлөө көрсөткүчү 150-сапта болчу. Алар канча сапка көтөрүлгөнү эми жарыяланат.

Кыргыз өкмөтүнүн өнүгүү стратегиясында ушул рейтингде 2023-жылга чейин дүйнө боюнча алдыңкы 40 өлкөнүн катарына кирүү милдети коюлган. Ал эми Орусия ушул жылга 30 мамлекетке кирүүнү көздөп жаткан. Дүйнөдөгү көптөгөн экономикалык жана бизнес рейтингтеринен эмне үчүн Doing Business маанилүү?

"Биринчиден, инвесторлор акчасын салаарда ушундай рейтингдерди карашат. Экинчиден, бул дүйнөдөгү абройлуу институттун изилдөөсү", - деди Исраилов.

Бирок рейтинг кандай жол менен жүргүзүлөт деген суроо бар. Көп ишкерлер ал кайра эле мамлекеттик органдар менен кызматташуунун гана жыйынтыгы деген сындарды айтып келишкен. Ошондой эле көбүнесе мыйзамдарды анализдөө менен гана жүргүзүлөт дешет алар.

Бишкектик ишкер Айбек Кожомжаров мындай өзгөрүүлөр кагаз жүзүндө болушу мүмкүн, ал эми иште сезилген жок дейт.

"Кыргызстанда бизнестин ири бөлүгү чакан бизнеске туура келет. Чакан бизнес кредит алууда эч кандай жеңилдиктерди сезген жок. Балким кредит берүүдө мамлекет ири бизнестерди колдоп жаткандыр. Ал эми салык төлөөдө мен бизнесими ачкан 2017-жылдан бери өзгөрүү болгон жок. Ошондой эле өлчөмдө төлөп жатабыз. Бирок ушул жылдын башынан бери текшерүүлөргө тыюу киргизилген. Ошондуктан бизди ар кандай текшерүүлөр кыйнаган жок", - деди ишкер Би-Би-Сиге.

Сүрөттүн автордук укугу SCREENSHOT
Image caption Изилдөө тууралуу расмий сайттагы маалымат

Жаш ишкерлер ассоциациясынын аткаруучу директору Фархад Пакыров Кыргызстанда өкмөттүн туруктуу болбогону ишкерлик үчүн негизги тоскоолдук дейт. Ал улам жаңы өкмөт келген сайын сүйлөшүүлөрдү башынан баштоого туура келет деди.

"Акыркы бир-эки жылды ала турган болсок, бизнес акыйкатчысын түзүү, ишкерлерди текшерүүдөн бошотуу, аймактарда салыкты жеңилдетүү сыяктуу жакшы демилгелер иштей баштады. Бирок анын жыйынтыгы дароо байкалбайт", - деген Пакыров системадагы бюрократия дале маселе боюнча калууда деди.

Ал эми "Бизнес жүргүзүү" рейтингинде реформа жасай алган жыйырма өлкөнүн катарында Кыргызстандан сырткары Өзбекстан, Тажикстан, Кытай, Азербайжан, Сауд Арабиясы, Пакистан жана Африка өлкөлөрү бар.

Ал эми жалпы рейтингдин башында Жаңы Зеландия, Сингапур, Дания, Гонконг, Корея, Грузия келет.

Жыйынтык он көрсөткүч боюнча чыгарылат. Алар бизнести ачуу, курулушка уруксат алуу, электр энергиясына туташуу, мүлктү каттоо, кредит алуу, минотордук инвесторлордун кызыкчылыгын коргоо, салык төлөө, эл аралык соода, келишимдерди аткаруу, төлөө кудуретинин жоктугуна уруксаат.

Тектеш темалар