Чек арага чеп болгон апалар

Кытайдын Шинжаң-Уйгур автономиялык районунун Улучат айылынын тургуну Бурмакан Молдо аттуу этникалык кыргыз президент Си Цзиньпинден жогорку даражадагы мамлекеттик сыйлык алды. Ал жарым кылымдан бери 4000 метр бийиктикте чек араны коргоого кошкон салымы үчүн сыйланды. Бурмакан апа 24 жашында Кызыл-Суу кыргыз автономиялык аймагында биринчи ыктыярчылар тобун түзгөн.

Сүрөттүн автордук укугу SCREENSHOT
Image caption Өткөн кылымдын 60-жылдарынан бери Кытай чек арасын коргоого салым кошуп келаткан этникалык кыргыз Бурмакан Молдо

Чек араны күзөтүп аты чыккан кыргыз аялдары Кыргызстанда да көп.

"Биздин айылда болгон акыркы окуяда мен жарадар болгондорду улам ташып турдум. Энелер келет, аябай ачуу сөздөрдү айтат, ызы-чуу түшүшөт. Алардын баарын тынчтыкка чакырып, мындан ары жакшы болот дейм. Мен 51 жылдан бери ушул жерде ФАПта иштейм. Эл мени угат", - деди Би-Би-Сиге Баткен районундагы Ак-Сай айылынын тургуну, 68 жаштагы Сайрам Зулпукарова.

Ал 22-июлда кыргыз-тажик чек арасында ок атылып, ондон ашык киши жаракат алган окуяны айтып берди.

Ал көп чуу чыккан такталбаган чек ара тилкесинде энелер дипломаттардын ролун аткарып келатат деди:

"Мындай учурларда көп энелер чыгабыз. Кыргыз-тажик тууганбыз, жакшы мамиледе элек го, бул учурлар да өтүп кетет деп барабыз. Балдар кызуу кандуулукка алдырбасын деп, таратабыз. Кыштын күнү түнү менен балдарга бирдеме болуп кетпесин деп күзөттө туруп, карала көө болуп дөңгөлөк жагып кайтарган күндөрүбүз өттү".

Чек арага жакын жашагандар ал жердин шартын, элдин өзгөчөлүгүн ар кандай адистерден жакшы билет. Арасынан ушинтип чек араны коргоого активдүү катышкан жарандар четтен чыгат.

Чек арадагы айылды таштап кетпей жалгыз тамда жашап өткөн Урулка апанын, такталбаган тилкеде маселени жайгарып келаткан Разия апанын окуялары буга мисал.

Image caption Ак-Сай айылында ФАПты жетектеген Сайрам Зулпукарова чек ара чырларында элди элдештирип келет

Урулка Алымбаева мекендештери суу чыкпаган, электр жарыгы жок аймакты таштап кеткен жерди кайтарып жүрүп 2016-жылы көзү өткөн.

Ал эми ошол эле Баткен районундагы Көк-Таш айылынын тургуну Разия Өсөрова эгемендик алган жылдардан тажик тарап менен чыр-чатакты жайгарууда салым кошуп келатат.

"Биздин чек арада 1989-жылдан бери чыр. Айрыкча 2012-жылы күч алып, азыркыга чейин уланып келатат. Анткени чек ара такталган эмес. Биринчиден элдин коопсуздугун сактоодо че арачылар турса, экинчи жагынан Көк-Таш айылынын эли чек арачы болуп аларга жардамдашып келатат", - деп баяндады чек арадагы элди да иш-аракетке аралаштырып келаткан Разия Өсөрова.

Ал ушул айылдын башчысы болуп да эмгектенет.

"Элимдин мурду канабасын деп азыркыга чейин аракет кылып чуркап жатам. Чек ара такталып калаар деген үмүтүм бар", - деп улантты Өсөрова.

Сүрөттүн автордук укугу OFFICIAL
Image caption Көк-Таш айылынын башчысы Разия Өсөрова

Ардагер чек арачылар биримдигинин башчысы Чолпонбай Буржуев ошол эле Разия Алымбаеванын мисалында катардагы жаран коопсуздукту сактоого кандай салым кошо аларын түшүндүрдү:

"Такталбаган чек арада эки өлкөнүн өкүлдөрү чырдашканда бул эженин чоң жардамы тийчү. Ал бизге ыкчам маалымат жеткирчү. Жеринде маселени чечүү учурунда андан кеңеш сурачубуз".

Тургундарды чек араны кайтарууга тартуу мыйзамдарда да каралган. Буржуевдин айтымында, жарандардан түзүлгөн атайын өкүлчүлүктөр болот. Алар кадимки штаттагыдай айлык алып да кызматташат.

Мындан сырткары чек арадагы ар бир жаран өзүнчө ыктыярчы өңдүү.

"Бизде жана башка баардык мамлекеттердин мыйзамында чек ара ыйык жана кол тийгис деп белгиленген. Чек араны кайтаруу ар бир атуулдун милдети. Ошондой эле чек арага жакын жайгашкан тургундар активдүү катышыш керек", - деди Би-Би-Сиге Чолпонбай Буржуев.

Чек араны тактоо боюнча комиссиянын мурдагы төрагасы Саламат Аламанов тургундар түздөн түз чек арада курал көтөрүп турбаса да, алардын жашап турганы өзү чеп деген эле Би-Би-Сиге. Чек арада элдин жыш жайгашуусу анын бекемдигин камсыздайт.

Мисалы, жогоруда айтылган Ак-Сай айылында эки миңдей калк болсо, ага чектеш тажик айылында 48 миң адам бар.

Тектеш темалар