"Кумтөрдөгү" рекультивация, “Жерүйдөгү” кыргыздын үлүшү кана?

Жерүй алтын кору советтер союзунун убагында эле изилденген.
Image caption Жерүй алтын кору советтер союзунун убагында эле изилденген.

Кыргыз тоо-кенчилер ассоциациясы өлкөдөгү эң ири эки алтын кенин иштетүү маселесин саясатташтырууга каршы экенин билдирди. Ошол эле убакта "Жерүй" кенин иштеткен компаниядан кыргыз тараптын үлүшүн талап кылуу жөнүндө сүйлөшүүлөрдү баштоо керек деп жатат.

"Кумтөрдүн" казынага салымы

Сүрөттүн автордук укугу ANDREW CABALLERO-REYNOLDS
Image caption "Кумтөр" дүйнөдөгү он ири алтын кендин бири катары белгилүү.

Ɵлкөдөгү эң ири алтын кени "Кумтөрдүн" айланасында талкуунун толкуну маал-маалы менен көтөрүлүп турат. Жаңы сөздүн оролун тоо-кенчилер ассоциациясы баштады.

Аталган ассоциациясынын жетекчиси Орозбек Дүйшеев шаршембидеги басма сөз жыйында "Кумтөр" кенинен мамлекетке түшкөн пайда соңку 11 жылда жылдык орточо көлөмү алты эсе көбөйгөнүн айтты:

"Эгерде биринчи он бир жылдыкта бюджетке жылына 18,5 миллион доллардан түшкөн болсо, кийинки он бир жылда 119,4 миллион доллардан түшүп жатат. 2018-жылы бул көрсөткүч 138 миллион долларды түздү. Бул Кыргызстандагы эң чоң төлөм".

Мурдакы өкмөт убагында түзүлгөн стратегиялык келишим эки жылдай токтоп туруп, бекип иштеп баштаганына бир эле ай болду. Ага ылайык, кыргыз тарап ала турган экологиялык төлөмдөр мурдакы 87 млн доллардан дон 150 млн долларга көбөйтүлүп, өкмөт миллиондогон экологиялык доодон баш тарткан эле.

Ошол эле убакта өкмөттүн экологиялык доодон баш тартканы жөнүндө сындар коомчулукта бүтпөй келатат. Андан сырткары өндүрүш калдыктары мөңгүлөрдүн үстүнө төгүлүп, кен казуу жер алдынан болбой, рекультивациялык келишим түзүлбөй жатканы боюнча дооматтар толтура.

"Рекультиванцияны ким жасайт? Миңдеген тонна калдыктар, техниканын калдыктары, завод алардын баарын ким колдонот? Каякка жоготот? Бугүн бул маселе боюнча биздин мыйзамда жазылган, долбоор түзүлүш керек, аны өкмөт бекитет. Кандайча казылган жер ордуна келтирилет, ошону баары каралат. Бул миллиард долларды талап кылган каражат. "Центерра" чыгып кетип атат, анын баары Кыргыз өкмөтүнүн мойнуна илинип атат. Бүгүн ошол маселени коюш керек эле биздин премьер-министр. Ээ айланайындар кана долбооруңар деп",-деген эле Би-Би-Сиге коомдук ишмер Ишенбай Кадырбеков.

"Жерүйдөгү" мамлекеттин үлүшү

Сүрөттүн автордук укугу alliance-altyn.kg
Image caption "Жерүйдө" алтын комбинатынын курулушу пландалган мөөнөттө бүтпөй жатат

"Жерүй" алтын кенине келсек, анын "Восток геолдобыча" деген орусиялык компанияга берилгенине бир топ жыл болду. Республикалык бюджетке 100 млн доллар төлөп берген. План боюнча мамлекеттик казынага 540 млн доллар пайда келтирет. Азыркы учурда фабрика курулуп бүтпөй жатат, келерки жылдын башы менен продукция бере башташы керек.

Бирок аны иштеткен компанияда кыргыз тараптын үлүшү жок. Саясий күчтөр койгон маселе мына ушул жөнүндө болуп жатат.

"Бүгүнкү күндө биз көрүп атабыз, өкмөт өзүнчө иш жасап жатат, саясий күчтөр өзүнчө талаптар менен чыгып атат. Ошол маселелерди жөнгө салуу үчүн өзүнчө бир сүйлөшүп алыш керек болуп жатат. Ɵкмөт тапшырма берсе, тиешелүү органдардын өкүлдөрү катышса, "Альянс алтын" компаниясы менен сүйлөшүү жүргүзсөк, бир чечимге келсек, балким, ушундай саясий маселелер токтойт беле деген ой",-деди тоо-кенчилер ассоциациянын өкүлү Дүйшенбек Камчыбеков.

"Жерүйдү" чалгындоо изилдөө иштери совет учурунда эле болгон, 100 тонна алтын запасы бар экени аныкталган. Ошон үчүн аны иштеткен компанияда мамлекеттин үлүшүн талап кылуу туура болот деп жатышат. Кыргыз тараптын үлүшү жөнүндө маселени Таласта элдик курултай өкүлдөрү көтөрүп чыгышкан.

"Жерүй" жөнүндө маселени премьер-министр эки айда карап чыгууга убада берген деп айрым саясатчылар билдирген, бирок өкмөттүн басма сөз кызматы өз кезегинде мындай сөз болгон эмес деп жатат. (КС)

Тектеш темалар