Энергетикалык долбоорлор кайсы баскычта?

Азия өнүктүрүү банкы Ташкентке үч-төрт гидро электр станциясын курууга 60 млн доллар карыз берет. Эл аралык банк Ташкенттин экологиялык таза булактан электр энергия чыгаруу максатын колдоп жатат.

Сүрөттүн автордук укугу OFFICIAL

Азия өнүктүрүү банкы жалпы кубаты 25 мегаваттык гидро электр станцияларын куруш үчүн Өзбекстанга карыз берүүгө макул болду.

Банк бул Өзбекстан энергетикасын көп түрдүү кылып, таза булактан электр энергия алууга шарт түзөт деп билдирди.

Кыргызстандын ири энергетикалык долбоорлору

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Азербайжандын вице-премьер министри Ягуб Эюбов менен 7-октябрда жолугушуп, алдыда энергетикалык долбоорлор боюнча кызматташса болоорун белгиледи.

Кыргызстанда башы башталган энергетикалык долбоорлор ондон ашык. Алардын ирилери Камбар-Ата-1 ГЭСи, Камбар-Ата-2 ГЭСи, Жогорку Нарындагы ГЭСтердин каскады, Токтогул ГЭСинин жаңыланышы.

Улуттук энерголхолдингдин жетекичисинин кеңешчиси Чоробай Акунов берген маалыматка ылайык, Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушуна инвестор дале изделип жатат. Аны куруу идеясы талкууланып келатканына ондогон жылдар болуп кетти. Ал Токтогул ГЭСинен да чоң болуп, кубаттуулугу 1860 мВт деп пландалган, жылына беш млрд кВт саат энергия өндүрмөк. Аны курууга үч млрд долларга чейин каражат кетет деген эсептөөлөр бар.

Буга чейин кытайлык, кувейттик инвесторлор кызыгуусун билдирди.

Эксперттердин пикиринде инвесторлорду бул объекттер өзүн актайбы деген суроо токтотуп келет.

Ал тапта Кыргызстандын энергетикага алган сырткы карыздарын төлөө учуру келди.

Сүрөттүн автордук укугу OFFICIAL
Image caption Камбар-Ата-1 ГЭСи план боюнча Кыргызстандагы эң ири ГЭС болуп, өлкөнү энергетикалык көз карандысыздыкка жеткирмек

"Азыркы учурда биз 108 млрд сом карызбыз. Ал Датка-Кемин электр линиясын, Бишкек ЖЭБин жаңылаганы, "Ала-Арча" подстанциясын, "Түлөбердиев 500" Ош тараптагы 220 линияларын курганы алынган акчалар. Электр байланышыбызды жакшырттык, бирок карыз болуп калдык. Ошолордун баарын төлөш керек.", - деди Би-Би-Сиге Чоробай Акунов.

2019-жылдын аягына чейин төрт млрд сом беришет. Акуновдун айтымында, бул каражат системаны оптимизациялоодон эле чыгарылып жатат.

Камбар-Ата-1 ГЭСи токтоп турат

Камбар-Ата-1 менен Жогорку Нарындагы каскаддар боюнча орусиялык "Интер РАО" компаниясы кайра иштешүү мүмкүнчүлүгүн айтып, бирок ал үчүн экономикалык пайда алала турган болуш керек деген. Бул долбоорлор боюнча Кыргызстан "Интер РАО" жана РусГидро менен 2012-жылы келишим түзгөн. 2016-жылы Кыргызстан бир тараптуу келишимди бузуп, РусГидро ага чейин долбоорго салган 37 млн долларды талап кылып келүүдө. Бул боюнча азыр сот уланып, Кыргызстан мынча сумма коротулганын мойнуна алган жок.

Ондогон жылдар мурда идеясы пайда болгон Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушна коңшу Өзбекстан каршы чыгып, аларда суу тартыш болуп каларынан санаркап келген. 2017-жылы жаңы президент Шавкат Мирзиеев келгенде бул боюнча оң оюн билдирген. 2017-жылы эки өлкө ортосунда меморандумга кол коюлган.

Энергхолдингдин айтымында, ал меморандум эч кандай иштин башталышына түрткү боло алган жок. Анткени негизги маселе -инвестор табуу.

Токтогул ГЭСин жаңылоонун биринчи фазасы аяктап калды

Ошондой эле бир нече жылдан бери Токтогул ГЭсин толугу менен жаңылоо жүрүүдө. Анын кубаттуулугу 1200 мВт, жылына төрт млрд кВт саат энергия чыгарат.

Сүрөттүн автордук укугу OFFICIAL
Image caption Токтогул ГЭСинин бир агрегаты 2020-жылы жаңыланат

Кыргызстанды электр энергиясы менен камсыз кылган бул негизги ГЭС төрт агрегаттуу. Планга ылайык биринчи агрегат жаңыланып, 2020-жылы ишке кириш керек.

Иш үч фазага бөлүп жасалып жатат деди Токтогул ГЭСин калыбына келтирүү боюнча топтун башчысы Исак Худайбердиев.

"Биринчи фазадагы иштер быйыл аяктайт. Анда электрдик иш-аракеттер жасалып, жабдыктар алмаштырылды. Ал эми экинчи жана үчүнчү фазаны жасай турган компаниялар аныкталып, келишим түзүлгөн. Ал General Electric деген дүйнөлүк компания. Ушу тапта долбоорлоо иштери жүрүп жатат. Экинчи фазада эки агрегат, үчүнчү фазада эки агрегат алмаштырылат. Жылда бирден агрегат алмаштырылат. 2020-жылы мартта биринчисин сегиз айга өчүрүп беребиз", - деди Би-Би-Сиге Исак Худайбердиев.

Аны Азия өнүктүрүү банкы менен Евразия өнүктүрүү банкы каржылоодо. Экинчи фазасына АӨБ 110 млн доллар бөлсө, анын 44,5 млн доллары грант, калганы кредит. ЕӨБ болсо 100 млн долларды кредит катары берип жатат.

Үчунчү фаза үчүн да АӨБ 110 млн доллар, анын ичинде 50 миллиону грант, калганы кредит берүүдө. Ал эми ЕӨБден Кыргызстан 40 млн кредит алып жатат.

Мындан сырткары бир агрегаты бүтүп токтоп калган Камбар-Ата-2 ГЭСи турат. Ал үч агрегаттуу. Өткөн жылы экинчи агрегаты боюнча каражат алынып, аткаруучу компания иштей баштаган.

Сүрөттүн автордук укугу OFFICIAL
Image caption 1986-жылы курулушу башталган Камбар-Ата-2 ГЭСинин бир агрегаты 2010-жылы ишке киргизилген

Энергетика жана экономика боюнча илим изилдөө институтунун директору Алайбек Обозов бирок суудан башка да булактардан энергия алуу аракетин көрүш керек деди:

"Климат өзгөргөн сайын суу маселеси жаралып жатат. Машинелер турса, бирок кышында суу жок болуп калса эмне кылабыз? Аракет кылып гидро электр станцияларын кура берген менен суу тартыш болсочу? Ошондуктан күн нурунан жана биомассадан электр энергиясын алуу жагын караш керек. Эң арзаны биомассанын газынан алынган энергия. Азыр ал чакан ишканаларда, жеке үйлөрдө колдонулууда. Бирок мамлекеттик деңгээлде ишке ашыра башташ керек. Ага чоң инвестор керек".

Эксперттер инвестиция тартуу үчүн бийликтин туруктуулугу, өлкөдөгү стабилдүүлүк маанилүү дешет. Энергетика тармагына акча тартууда ошондой эле электр энергиясынын баасы да биринчи болуп таасир этет.

Ал эми энергетика үчүн дээрлик баары Кытайдан алынган карыз 2030-жылга чейин төлөнүш керек.

Тектеш темалар