Кол тийбестик: Конституциялык палатанын чечими

Конституциялык палата жыйыны. 24-октябрь, 2019
Image caption Конституциялык палата жыйыны. 24-октябрь, 2019

Конституциялык палата "Президенттин ишмердигинин кепилдиги тууралуу" быйыл жаңыланган мыйзам Баш мыйзамга каршы келбейт деген бүтүм чыгарды.

Саясий контекстен алып караганда, бул мыйзам түздөн-түз мурунку президент Алмазбек Атамбаевге тийиштүү болуп жатат.

Себеби, дал ушул мыйзамга таянып ал экс-президент макамынан ажыратылып, камакка алынган эле. Атамбаевдин тарапкерлери жаңы мыйзамды мурунку президентке колдонуу канчалык мыйзамдуу болгон деп палатага быйыл 7-июнда жана 14-октябрда кайрылышкан.

11 судьядан турган коллегиялык чечимин төраганын орун басары Эмил Өскөнбаев окуп берди.

Ага ылайык, Конституциялык палата мыйзамдагы "аракеттеги президент экс-президенттен кепилдикти ала алат" деген жобо талаштуу деп тапты. Бирок жалпысынан "Президенттин ишмердигинин кепилдиги тууралуу" мыйзамындагы экс-президентке карата кепилдиктер жана "экс-президент" макамынан ажыратуу тууралуу өзгөртүүлөр туура болгон.

Image caption Конституциялык палата жыйыны. Кайрылуучу тарап.

Ошентип Атамбаевдин жактоочулары Атамбаевге "экс-президент" макамы 2017-жылы эле берилген, жаңы мыйзам артка иштебейт деген арызы Конституциялык палатада колдоо тапкан жок.

Эске салсак, Атамбаев Конституциялык палатанын чечимин күтүп, Батукаевдин иши боюнча суракка баруудан баш тартып келген. Сыртта күтүп турган Атамбаевдин тарапкерлери бул күтүлгөн эле чечим болчу, шаршембиде кайрылуучу тараптын төрага Карыбек Дүйшеевге ишеним көрсөтпөө өтүнүчү бекеринен колдоо тапкан эмес, дешти.

КСДП өкүлү Кундуз Жолдубаева "палатанын төрагасы экс-спикердин жардамчысы болгондуктан бейтарап боло албайт деп, ишеним көрсөтпөө өтүнүчү берилген", деди.

23-октябрдагы жыйында жоопкер тарап палатанын дагы бир судьясы Эркинбек Мамыркановду бул маселеде отурумдан четтетүү сунушу кабыл алынган болчу. Мамырканов талаштуу мыйзам боюнча палата чечими чыккыча баасын берип, регламент бузганы жүйөө келтирилген.

"Президенттин ишмердигинин кепилдиги тууралуу" мыйзам быйыл апрелде Жогорку Кеңеште толукталып, 15-майда президент кол койгон. Мыйзам 24-майда күчүнө кирген.

Жогорку Соттун Конституциялык палатасы он бир судьядан турат. Конституциялык палата конституциялык көзөмөлдү жүзөгө ашыруучу өз алдынча жогорку сот органы болуп саналат. Жана анын чечими акыркы болуп эсептелет жана даттанууга жатпайт.

Тектеш темалар