Электр жарыгын үнөмдөө чөнтөккө гана пайда эмес

Электр энергиясына эсеп дүмүрчөк
Image caption Электр энергиясына эсеп дүмүрчөк

Кыш жакындаган сайын Кыргызстанда электр энергиясын үй жылытууга колдонушат. Мындан улам "Түндүк электр" өңдүү ишканалар аны үнөмдөө чакырыктарын жазуу түрүндө таратууда.

"Түндүк электр" кайсы сааттарда линияларга күч келерин белгилеп, жылыткычтарды ошол учурда жакпай туруу сунуштарын айтты.

Октябрда таңкы саат жети менен тогуздун арасында, кечинде жети менен тогуздун ортосунда жылыткыч колдонбой туруш керек.

Ноябрь, декабрда таңкысын 8:00-9:00, кечкисин 18:00-21:00де, январь, февралда эрте менен 8:00-9:00, ал эми кечинде 19:00-22:00 аралыгында үнөмдөп туруу кажет. Ал эми март, апрель айларында 7:00-9:00, 20:00-22:00 сааттарда электр жарыгы эң көп колдонулгандыктан системага күч келиши мүмкүн.

Бул сааттарда электр энергиясы менен иштеген башка жабдыктарды иштетпей туруу да чыңалуунун алдын алат.

"Бул электр энергиясын натыйжалуу пайдалануу боюнча эреженин 89-бөлүмүнө жараша аткарылып жатат, башкача айтканда мыйзамдуу. Анткени эсеп-дүмүрчөктөгү графикти айрымдар туура эмес түшүнүп, ушул сааттарда жарык өчүрүлөт экен деген маалыматтар чыгып жатат. Өчүрүүлөр болбойт. Электр энергиясын колдонууда кубаттуулуктун өлчөмү бар да", - деди Би-Би-Сиге "Түндүк электр" ачык акционердик коомунун басма сөз кызматынын адиси Бегимай Төрөбаева.

Суук башталган учурда үйдөгү жарыктын кубаты начарлап калганын байкоого болот.

Жылыткыч колдонуу бир гана Бишкекке мүнөздүү эмес. Мисалы, Каракол шаарында жашаган Мира суук учурда борбордук жылытуу системасы ишке киргенге чейин үйдү электр жарыгы менен жылытууга аргасызбыз деди.

Image caption Электр энергиясын ашыкча колдонуу линияларда чыңалуу жаратат дейт расмийлер

Электр жарыгын үнөмдөө чөнтөккө гана пайда эмес

"Суук болгондо электр жылыткычтарын колдонуп жатабыз. Жылуу күндөрү светти үнөмдөп жакпаганга аракет кылабыз, анткени акчасы көп чыгып кетет. Бизде бир топ суук болуп жатат. Жылытуу сезону баштала элек. Үйдө майда балдар бар. Кабаттуу үйлөрдө башка альтернатива жок болгон үчүн электр энергиясын, эки саат же төрт саат деп жагып жатабыз", - деди Би-Би-Сиге Мира.

Чыңалуу жаралса электр линияларына күч келет, өтө оор учурда аварияларга алып барышы мүмкүн.

Үйлөргө жарыкты бирдей деңгээлде жеткирүү максатында өлкөнүн айрым жерлерине "акылдуу эсептегичтер" орнотулган.

Өнүккөн өлкөлөрдө баскан турган сайын жарыкты сарамжал колдонуу адаты калыптанган жерлер бар.

Өчүп турган телевизор, кир машина, компьютер же башка электр приборлорун деле токтон сууруп коюу электр энергиясын үнөмдөйт. Мындай жабдыктарды эң үнөмдүү режиминде иштеткен да оң.

Image caption Электр энергиясын үнөмдөө менен сиз абанын таза болушуна салым кошосуз

"Биз кичинекей чагыбызда, Советтер Союзу учурунда бөлмөдөн чыгып баратканда светти өчүрүп коюу адаты бар эле. Ушундай эле жол менен Кыргызстан боюнча 35-40 пайыз электр жарыгын үнөмдөсө болот. Бул абдан чоң үнөмдөө", - деди Би-Би-Сиге БУУнун Өнүктүрүү программасынын өкүлү Кумар Кылычев.

Кышкысын жуулган кийимдерди жылыткычка эмес, зымга жайып кургатуу, эшик-терезени жылуулоо үйдөгү жылуулукту сактайт.

Электр энергиясын үнөмдүү колдонууга керек болсо Бириккен улуттар уюму үндөп келет.

Ушу тапта климаттык өзгөрүүгө каршы туруу, абаны таза кармоо максатында да дүйнө жүзү электр энергиясын үнөмдөгөнгө аракет кылып жаткан учур.

Image caption Өчүп турган жабдыктарды токтон сууруп туруу электр энергиясын үнөмдөйт

"Жарыкты утуру өчүрүп туруудан сырткары жаңы технологияны колдонсо болот. Мисалы, диоддук лампочкаларды колдонуш керек. Алардын баасы кымбат болгон менен сапаттуусу кеминде он жылга жетет. Ал эми жөнөкөй лампочкалардан ошончо убакыт аралыгында андан артык суммага сатып аласың. Дүйнө жүзүндө 2040-жылга ай сайын 500 млрд долларга чейин электр энергиясынан үнөмдөсө болот деген эсептөө бар", - деди Кылычев.

Кылычев диоддук лампочкалар электр энергиясын беш эсеге чейин үнөмдөрүн белгиледи.

Ал Кыргызстанда өндүрүлгөн электр энергиясы 51 пайызды толук камсыздарын кошумчалады.

Өлкөдө электр энергиясынын баасы кВт саатына 0,77 сом, айына 700 кВт сааттан ашык жакса, кВт саатына 2,16 сомдон.

Бул социалдык тариф дүйнөдө гана эмес, чөлкөмдө да эң арзан экени айтылып келет.

Тектеш темалар