Аңчылыкка чектөө колдоо тапкан жок

сүрөт интернеттен алынды Сүрөттүн автордук укугу Social media

Кыргызстанда активисттер аркар-кулжага аңчылык кылууга мораторий киргизүүгө каршы чыккан Жогорку Кеңеш депутаттарын айыптап жатышат. 27 депутаттын тизмеси жарыяланып, 2020-жылы өтө турган шайлоодо аларга добуш бербөө чакырыгы жүрүүдө.

Активисттер 2030-жылга чейин кайберендерге аңчылык кылууга тыюу салууну кийинки чакырылышта ишке ашырууга үмүткөр.

Кирешелүү бизнес

Чет элдик жарандарга жапайы жаныбарларга ууга чыгып, аңчылык кылууга уруксаат берүү - Кыргызстан үчүн киреше булагы болуп жатат.

"Сырттан келген мергенчилерге аңчылыкка уруксаат берүүдөн былтыр 58 миллион сом жаратылышты коргоого деп түштү. Быйыл мындан көбүрөөк түшөт, себеби төлөмдөр көбөйтүлгөн. 87 миллион сом болот деп божомолдоп атабыз. Мындан тышкары, келген туристтерди, мергенчилерге кызмат көрсөтүүдөн эле 60 миллион сомдой Кыргызстанга пайда түшөт",- деди парламенттин жыйынында Жаратылыш байлыктарын коргоо жана пайдалануу департаментинин директору Алмаз Мусаев.

Сүрөттүн автордук укугу Official
Image caption Жаратылыш байлыктарын коргоо жана пайдалануу департаментинин директору Алмаз Мусаев

Шаршембиде Жогорку Кеңеште аркар-кулжага аңчылыкка он жылга мораторий киргизүү боюнча мыйзам долбоору өтпөй калды.

"Жаңы мыйзам долбоору боюнча беш жаныбарга аңчылык кылууга тыюу салынып жатат. Алар: аркар, тоо эчкиси, бугу, элик, каман. Булардын баары кормовая базага кирет. Калгандарына тыюу салынбайт, аңчылык жүрө берет", - деген эле демилгечи депутат Экмат Байпакбаев.

"Кыргызстандын символу коркунучта"

Эко-активисттер, бул жаныбарлар Кызыл китепке кирген, аларды атуу ак илбирстердин азайышына алып келет, деп жатышат.

"Мыйзамдын колдоо таппаганы абдан өкүнүчтүү болду. Болгондо да ак илбристи коргоо күнүндө аркар, теке, маралдарды атууга тыюу салган мыйзамдын четке кагылышы аябай туура эмес болду. Бул эмнеси менен кесепеттүү? Биз жаратылыштын бир бөлүгүн талкалоого жол ачып берип атабыз. Табиятта био ар түрдүүлүк бири бири менен тыгыз байланышкан, бир системаны түзүп жатышпайбы. Кыргызстандын символу болгон ак илбирс тоо-теке менен тамактанат", -деди социолог, эко-активист Гүлбара Оморова.

Сүрөттүн автордук укугу Social media
Image caption эко-активист Гүлбара Оморова

Адис ак илбирс жеминен кур калып, ареалын өзгөртүүгө мажбур болот, ылдый түшсө браконерьлерге оңой жем болот деди.

Кыргызстанда аңчылык чарба тармагында ишкерлерлик менен 52 юридикалык тарап, 42 мергенчилик фирма алектенет.

Эгер мораторий киргизилсе, алардын бир тобунун иши солгундап, кээ бирлери жоюлмак.

"Кыйындардын" жоругу

Айрым депутаттар аңчылык чарбалар аңчылыкты уюштуруу менен эле алектенебестен, жапайы жаныбарларды башаламан атып өлтүрүүдөн коргоо милдетин дагы аткарып жатышкандыгын айтышты.

Калың кар же жут маалында тоолорго жем-чөп чачып кетишет. Муну менен алар өзүнүн бизнесин дагы коргойт, жаныбарларды дагы сактайт.

"Четтен келген же өзүбүздүн жарандарга мамлекет жылына 400-500дүн тегерегинде атууга уруксаат берет. Бирок ошол эле кезде жергиликтүү аткаминерлер ошондон он эселеп көп мыйзамсыз атып жатышат. Алар кимдер: жергиликтүү милиция начальниги, прокурор, сот, ошол аймактардагы кыйындардын бардыгы. Сырттан келген туристтерге мыйзамдуу атууга уруксаат берип, ошондой браконьерчиликти азайталы", - деди КСДП өкүлү Азамат Арапбаев.

Аңчылык департаменти мараторий мыйзамы буга чейин коңшулаш Тажикстанда ишке ашырылып, браконьерлер күчөгөн дейт. Каражат көмүскө жолдор аркылуу кете баштаганда тажик өкмөтү убарагерчилик менен эл аралык уюмдарга кайрылып жатып, мораторийди кайра алганы жүйөө келтирилип жатат.

Ошентсе да, активисттер Кожожаштын уламышын эске салып, ата-бабалар аны бекеринен калтырбагандыр деп жатышат.

Тектеш темалар