ЖЭБ соту: Сапар Исаковду күчтөп алып келишет

Мурунку өкмөт башчы Сапар Исаков Сүрөттүн автордук укугу Nuris Alymbaev
Image caption Мурунку өкмөт башчы Сапар Исаков

ЖЭБде уурдалган кредит иши боюнча сотто көрсөтмө берүү кезеги айыпталуучуларга келди. Бүгүн экс-министрлер Осмонбек Артыкбаев менен Ольга Лаврова көрсөтмө берүүгө даяр экени белгилүү болду.

Ал эми мурунку өкмөт башчы Сапар Исаков отурумга келүүдөн баш тартып, УКМК кызматкерлери аны күчтөп алып келишери күтүлүп жатат.

Маанилүү күбөлөр

Сапар Исаков буга чейин тергөө абагынын камерасынан чыгуудан жана сот отурумуна катышуудан баш тарткан эле. Мурдагы премьер-министр ЖЭБ боюнча иште маанилүү эки күбөнүн суралбай жатканына нааразы болууда.

"24-октябрда Сапар Исаков сотко келүүдөн баш тартып, бирок сот аны жана маанилүү эки күбөнү да мажбурлап алып келүү боюнча токтом кылган. Бүгүн Сапар Исаковго карата ошол токтом аткарылды да, эки күбөгө карата эмнегедир аткарылган жок. Экспертиза дал ушул эки күбөнүн эсептерине негизделген", -деди адвокат Замир Жоошев.

Күбөлөрдүн бири - Мамлекеттик курулуш агенттигинин мурунку кызматкери Асанова, ал эми экинчиси "Энергопроект" уюмунун директору - Евгений Хафисов экени айтылып жатат.

Сүрөттүн автордук укугу Official
Image caption ЖЭБдеги коррупция жөнүндө иштин тергөөсү февралда бүтүп, сотко ашырылган

Бүгүн отурумда айыпталуучулардан үч киши - мурунку энергетика министри Осмонбек Артыкбаев, каржы министри Ольга Лаврова жана Улуттук энергохолдингдин башчысынын мурунку орун басары Жолдошбек Назаров көрсөтмө бере башташат.

"Эксперттер көрсөтмө берип, эми кезек күбөлөргө келген, бирок айыпталуучулар көрсөтмө бере баштады. Сот өзү башта орноткон тартипти бузуп жатат", деди жактоочу Замир Жоошев.

Куугунтукпу же коррупцияга каршы күрөшпү?

ЖЭБдеги коррупциялык иш боюнча мурунку өкмөт башчылар: Сапар Исаков жана Жантөрө Сатыбалдиев баштаган сегиз чиновник айыпталуучу катары өтүп жатышат.

ЖЭБдеги уурдалган кредит ишин иликтөөдө шектелип жаткандардын көбү Алмазбек Атамбаевдин ишенимдүү адамдары болуп, Сапар Исаков өзүнө карата айыптоолорду буга чейин "саясий куугунтук" деп да сыпаттаган.

Бирок ЖЭБ иши президенттин коррупцияга каршы жарыялган күрөштөгү эң чоң кылмыш иши экени айтылып келет.

"Арменияда ушундай эле ТЭЦ 250 МВт 285 миң долларга курулган. Өзбекстанда 870 МВт 484 миңге ремонт болгон. Тажикстанда 349 миң долларга 400 МВт курушкан. Салыштырып келгенде, бизде болжолу 100-140 миллион доллар уурдалган. Депутат-министрлер ичинен сегиз жыл бою TBEA менен кездешкен бир гана адам - бул Сапар Исаков. Криминалистикада байланыш, жеке жолугуу деген нерсе эң маанилүү," -деген эле депутат Каныбек Иманалиев бул тууралуу парламентте былтыр.

Энергетикадагы мафия

Былтыр кыштын кыраан чилдесинде, январь айында Бишкек жылуулук борборунда техникалык кырсык болуп, шаардыктар бир жума бою үйлөрү жылыбай, үшүп чыгышкан.

Сүрөттүн автордук укугу Social media
Image caption ЖЭБдеги авария былтыр 26-январда орун алган

Анын себептерин иликтей келгенде ЖЭБдеги от казандардын эле иши эмес, модернизациялоого алынган 386 миллион долларлык кредиттин пайдаланышына байланышкан дагы көп кыңыр иштер ашкере боло баштады. Кредиттин эсебинен алынган 600 долларлык аттиш менен 14 миң долларлык видео камералар элдин оозун ачырып, кыжырын келтирген өзүнчө бир сенсация болуп калды.

ЖЭБдеги уурдалган кредит иши боюнча ачылган кылмыш ишинин материалы 53 томдон турат. Иш сотко быйыл февралда өтүп, Коопсуздук Кеңеши айыпталуучуларга карата далил жетиштүү экенин айткан.

Ошентип ЖЭБдеги коррупциялык иш - кылмышы менен саясаты чиркелишкен соңку бир жарым жылдан бери уланып келе жаткан эң чуулгандуу иштерден болууда. Анда 111 миллион доллардын эсебин таппай жатышат.

ЖЭБ боюнча сотто айыпталуучулар суралып буткөн соң соттук изилдөө башталат.

Тектеш темалар