Жолдо төгүлгөн кан: Айдоочу, сен кайда шашыласың!

Жол кырсыктарынан каза тапкандарды эскерүү күнү, Бишкек, 15-ноябрь Сүрөттүн автордук укугу Official
Image caption Жол кырсыктарынан каза тапкандарды эскерүү күнү, Бишкек, 15-ноябрь

Кыргызстанда жол кырсыгынан каза тапкандар былтыркыдан 9,2% көбөйүп, ал эми жол кырсыктары 12,3%га өстү. ИИМ министри Кашкар Жунушалиев мындай жагдай үчүн Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгын күнөөлөп жатат.

Бирок эксперттер маселе тереңде, аны чечүү үчүн комплекстүү чаралар керек дешет.

Бир окуянын тарыхы

Жогорку Кеңеш депутаты Алиярбек Абжалиевдин уулу катышкан жол кырсыгынын техникалык экспертизасы чыгып, бирок кырсыкта каза тапкандардын жакындары бүтүмгө ынабай турушат.

Ысык-Көл ОИБи, 7-июлда болгон кырсыкка депутат отурган машиненин айдоочусу катуу ылдамдыкка келе жатканы себепчи болгон, деген тыянак чыгарган эле.

"Машинанын ылдамдыгы саатына 120 километр дешип, айып пул эле төлөтүп коелу деп атышат. Эгер ылдамдыгы 180 километрден өттү дегенде ал кылмыш болмок да. Жолдошум өзү ГАИде иштеп, пенсияга чыккан. Бүт мыйзамдарды билет. Ушул экспертиза жыйынтыгына нааразымын, эч кандай чындык жок. Машине катуу ылдамдыкка келип 15 сантиметрге чейин эле кирген деп жазыптыр, андай эмес, машине берки машинени ичине кирип кеткен", -дейт каза тапкан балдардын бирөөсүнүн апасы Рахат Тойчиева.

Сүрөттүн автордук укугу Social media
Image caption Жол кырсыгында каза тапкандар быйыл 500 адамга көбөйдү

Уулун жоготкон дагы бир ата - Бакытбек Малдыбаев ал жол кырсыгынын чоо-жайы бурмаланып жатат деген пикирде:

"Уулум отурган Lexus ES машине эч качан карама каршы чыга калган эмес. Ал бурулуштан гана бурулуп жаткан".

Кырсыктаган эки унаанын бири - BMW Х7 машинасында Жогорку Кеңеш депутаты Алиярбек Абжалиевдин уулу, Бишкек шаардык кеңештин депутаты Темирлан Токобековдун болушу бул окуяга резонанс берди. Абжалиев өлкө башчысына куда экени да кырсыкка өзгөчө көңүл бурдуртуп жатат.

Сандар сүйлөйт

Бирок ошол эле маалда Кыргызстанда адам өлүмү менен коштолгон, бирок коомчулуктун көңүл сыртында калып жаткан кырсыктар көп. Жыл башынан бери 4 миң 694 адам жол кырсыгынан каза тапты. Бул былтыркы ушул маалга карата 515 адамга көп.

Мындан улам министр Кашкар Жунушалиев кырдаалды жөнгө салуу үчүн тийиштүү мекемеге кыска мөөнөт берди.

Сүрөттүн автордук укугу Official
Image caption ИИМ министри Кашкар Жунушалиев

"Алдын ала иш чараларын өтө төмөн уюштургандыктан жол кырсыктарынын саны өстү. Канчалаган жарандарыбыз жол кырсыгынан каза болуп, канчасы жаракат алууда. Бул багытта кескин чараларды көрүү керектигин эскертемин" - деди министр.

Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматы боюнча Кыргызстанда соңку он жылда автоууна паркы дээрлик үч эсеге көбөйдү. Алалы, өлкөдө бүгүн 1 миллион 348 миң бирдик автоунаасы бар. Бирок ошол эле маалда жол инфраструктурасы анча сандагы транспорт каражаттарын тейлей албай жатат. Бул тыгындарды шарттап, ал өз кезегинде жол кырсыктарына алып келүүдө.

Айдоочулук күбөлүктү сатып алып, жол эрежесин билбей эле унаа башкарып жүргөндөр мындан көп.

Мындан улам айыптын баарын Жол коопсуздугу боюнча тийиштүү мекемеге оодара салуу канчалык туура?

"Коопсуз шаар" кулачын жая элек

Чынара Касмамбетова Кыргызстанда жол коопсуздугу жаатында ыраттуу иш алып барган бейөкмөт уюмду жетектейт.

" Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы кандай шартта иштеп жатат? Баягы эле материалдык базасы чабал, айлыктары аз шартта иштеп жатат. Кадр маселеси деле ачык суроо тейден калууда. "Коопсуз шаар" долбоору ишке кирди, бирок ал жалгыз Бишкекте иштеп жатат. Калган аймактарда жол коопсуздугу боюнча саясат өзгөрүп кеткен жок да. Маалыматтык саясат, инфраструктура баары эле баягыча да" - деди эксперт.

Сүрөттүн автордук укугу YouTube
Image caption Чынара Касмамбетова, "Жол коопсуздугу" коомдук бирикмесинин директору

Ал Евразиялык аймактагы 53 өлкөнүн ичинен 100 миң адамга карата статистикада Кыргызстан адам өлүмү менен коштолгон кырсыктардын саны боюнча экинчи орунда экенин кошумчалады.

Көбөйүп жаткан жол кырсыктары тууралуу ИИМ айтып оозун жыйгыча, дүйшөмбүдө Майлуу-Суу - Бүргөндү жолунда жеңил машине жардан сай жээгине кулап, жубайлар каза болду. Ошону менен быйыл жол кырсыгынан каза тапкандар саны дагы эки кишиге көбөйдү.

Тектеш темалар