Орусиядагы кыргызстандык мигранттар кабылган жол кырсыктары

таксилер Сүрөттүн автордук укугу domodedovod.ru

Акыркы мезгилде Орусиядагы кыргыз мигранттары кабылган бир нече жол кырсыгы катталып, кызуу талкууларга себеп болду.

Москва Жол-транспортунун инфраструктурасын жакшыртуу департаментинин маалыматына таянсак, азыркы учурда Москвада такси кызматындагы айдоочулардын дээрлик 50% мигранттар. Анын ичинде 30% кыргыздар, 15% өзбек жарандары, 14% тажиктер, 11% азербайжандыктар, 8% Армения, бир пайызын Грузия жарандары түзөт.

Өзүн Курсант деп тааныштырган кыргызстандык таксисттердин бири жумушу башкаларга салыштырмалуу жеңил болгондуктан, такси кызматына жумушка орношууну каалагандар көп болууда дейт.

"Таксиде иштөө башка жумушка караганда жеӊилирээк. Курулуштарда же кампаларда оор жүк көтөрүп ишгенге караганда албетте, жеӊил да. Жылуу жумшак иштейсиӊ",-деди ал.

Кыргызстандыктар катышкан жол кырсыгынын соңкусу өткөн аптада катталды. Санкт-Петербург шаарында катталган жол кырсыгында сегиз киши жаракат алган.

Коомдук сайттарга тараган видеодо "Фольксваген" үлгүсүндөгү жеңил унаа "Рено" үлгүсүндөгү машинаны капталынан сүзүп, жолдон өтүп бара жаткан жүргүнчүлөрдү аралап кеткен. Кырсыктан жети жүргүнчү жана "Ренодогу" айдоочу жаракат алган.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги бул окуяда "Фольксваген" унаасын башкарып бара жаткан айдоочу Кыргызстандын жараны экенин тастыктады.

"Эки унаанын кагылышында бир айдоочу катуу жаракат алган, экинчи айдоочу Кыргызстандын жараны экени аныкталды. Анын каттоого турбагандыгы боюнча да мыйзам бузуулары бар экен. Азырынча иликтөө иштери жүрүүдө. Элчилик бул маселени көзөмөлүнө алган", -дейт элчиликтин маалымат кызматынын өкүлү Гүлбарчын Байымбетова.

Мындан бир ай мурда, тагыраагы 27-сентябрда Екатеринбург шаарында кыргыз мигранты себеп болгон жол кырсыгынын видеосу тарап, жергиликтүүлөр катуу айыптап чыгышкан.

Кызыл жарыктан жогорку ылдамдык менен өтүп бара жаткан унаага катарлаш дагы машиналар келип, кагышканын тасмадан көрүүгө болот. Айдоочунун бирөөсү кыргызстандык экени такталды. Екатеринбург шаарындагы кыргыз диаспорасы аркылуу ошол айдоочу Айбек Мамбеталиевге байланыштык.

"Унааны өзүм башкарып бара жаткан элем. Беш адам бар эле. Жумушка баратканбыз. Болгону тормузду тепкенге жетишпей калдым. Баарынын абалы жакшы. Бизди сүзүп алган эки унаадагы адамдар ошол жерден эле үйүнө кетишкен. Азыр окуяга ким күнөөлүү экени тактала элек",-деди ал.

"Эхо Москва" радиосуна берген маегинде Москванын Жол-транспортунун инфраструктурасын жакшыртуу департаментинин орун басары Дмитрий Пронин такси кызматында иштегендердин көбү кыргызстандык жарандар экенин айтты.

"Жол кыймылын көзөмөлдөө инспекциясы менен чогуу Москвадагы таксисттерге рейд жүргүздүк. Айдоочулардын 50% чет элдик жарандар. Алардын арасында саны боюнча Кыргызстандын жарандары лидерлик кылат",-деди Пронин.

Эмне үчүн кыргызстандык таксисттер чуулгандуу жол кырсыгына кабылып жатат?

"Биринчиден, кыргыз таксисттердин саны көп болгондуктан. Экинчиден, Москва чоӊ шаар жана унаа кыймылы өтө жогору. Бул жерде жол тыгыны 9 баллга чейин болот. Андан сырткары кечке отура берип, мээбиз уктап, катуу чарчап калабыз",-деди Мурат аттуу мигрант. Анын үстүнө көпчүлүгү жаштар болгондуктан, катуу ылдамдыкта айдап, кээде эреже бузуп жатышат.

Буга чейин кыргызстандык айдоочу аралашкан жол кырсыгы Орусиянын борбордук телеканалындагы популярдуу программасында талкууланган. "Россия 1" каналынын "Прямой эфир" телеберүүсүнүн алып баруучусу Андрей Малахов кырсыкка кабылган кыргызстандык жигит тууралуу айыптаган сөздөрдү айткан эле. Кийин бул кыргызстандык интернет колдонуучулар арасында катуу нааразылыкты жаратып, андан кечирим суроону талап ылышкан. Көп өтпөй Малахов анын айткандарын туура эмес түшүнүп алышканын айтып, кыргызстандыктардан кыргыз жана орус тилдеринде кечирим сураган эле.

Өткөн жылы Орусияда футбол боюнча дүйнө чемпионаты өтүп жатканда кыргызстандык 28 жаштагы айдоочу Чынгыз Анарбек уулу уктап кетип, жөө жүргөн чет элдик туристтерди сүзүп алганы дагы чоң талкууларга себеп болду. Бул кырсык боюнча сот иштери көпкө созулуп, акыры кыргызстандык мигрант камактан бошотулган эле.

Компаниялар айдоочулардын тажрыйбасына карап онлайн сынак аркылуу жумушка алышат.

"Жумушка орношуу үчүн кеңсеге барып, компьютер менен сынак беребиз. Өтпөй калгандар толтура. Москвада алардын ордуна бирөөлөр өтүп кеткен учурларга да күбө болуп жүрөбүз",- дейт мигранттардын бири.

Москванын "Домодедова" эл аралык аэропортунан Кыргызстандын номери менен жүргөн "Хонда Степ" үлгүсүндөгү унааларды көп кезиктирсе болот. Бул таксилер аэропорттон чыккан кыргыздарды автобустун баасында метрого чейин жеткиришет.

"Унаалар өзүбүздүкү, Кыргызстандын номери менен эле жүрөбүз. Бизге негизи такси кылганга уруксат жок. Карай турган кишилер бар, эми ошолорго берчүсүн берип иштеп жатабыз. Кыргызстандын номерлерине айып пул келбейт деген чын",-дейт Эдил аттуу жигит.

Мына ушундай номердеги унаа башкаргандар дагы жол эрежесин көп бузат дегендер бар. Былтыры Орусиянын Мамдумасында Кыргызстандын эл аралык айдоочулук лицензиясын жокко чыгаруу боюнча мыйзам долбоору демилгеленген. Бирок ал мыйзам кабыл алынган эмес.

Тектеш темалар