Унаа кымбаттайбы? Кыргызстан ЕАЭБден жеңилдик алган жок

Кыргызстандагы Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Сырттан келген унаалардын бажы төлөмү жаңы жылдан тарта кымбаттай турган болду. Кыргыз өкмөтү ЕАЭБтеги өнөктөштөр мөөнөттү жылдырууга негиз жок экенин алдын ала айтышкан деди. Ал тапта дүрбөлөң түшүп, унаа сатып алам дегендер көбөйдү.

Кыргызстандын унаа базарындагы көрүнүш толук өзгөрдү.

Машина мындан төрт-беш жыл мурдагыдай санда жана сапатта түрдүү өлкөлөрдөн келген жери жок.

Аны ташып келгендер да азайды.

Бишкектеги унаа базарында жаңысын алып калсам деген кардар көп деди маектешибиз Замир Зубаиров:

"Кечээ түшкө чейин жүрдүм базарда, түшкү саат бирлерде машинанын болжолдуу он-он беш пайызын айдап чыгып кетишти. Ошонун баары сатылса керек, болбосо кечке чейин турат эле деп ойлойм. Машинаны өзүнө каттатып жаткан жайда болсо кезек узун. Базарда негизи аларман көп экен".

Жаңы жылга чейин машинамды алмаштырып алсам деген Зубаиров сапаттуусун таба албай убара. Ал Оштон келип, дем алыш күндөрү базардан машина алалбай кайтып баратканын айтты:

"Машина кымбаттап кетиптир. Бир досум эки ай мурда машинасын саткан. Азыр так ошондойду эки миң доллар кымбат алып жатат. Мен 2013-жылы алгам, эми алмаштырайын десем тазасы жок экен, бүт эле урулган. Жакшысын тапсаң өтө кымбат".

Темир тулпар издеп унаа сүйүүчүлөрдүн дүрбөлөң түшкөнүнүн жөнү бар. Январдан тарта Евразия экономикалык биримдиктен башка өлкөлөрдөн келген унааларга бажы төлөмү бир канча эсе көтөрүлөт.

Өкмөт аны узартуу мөөнөтүн сурап жатканын жарыялап, машина алам дегендерди эки анжы абалга таштаган болсо эми биротоло көтөрүлмөй болду көрүнөт.

"Бул маселе боюнча башка мамлекеттерде алдын ала сүйлөшүүлөр жүргөн. Армения, Казакстан да ушундай жеңилдикти каалаган. Бирок бардык мамлекеттер, айрыкча мындай өндүрүш бар Орусия автоунааларга жеңилдик берүү зарылчылыгы жок деген жыйынтыкка келишкен. Буга байланыштуу унаа боюнча бизге мөөнөт беришпейт болуш керек. Ошондуктан машина ташуучулар эски тариф менен алып келиш үчүн ушул жылдын аягына чейин жетишип калышы керек", - деди Экономика министринин орун басары Элдар Алишеров.

Кыргызстан 2015-жылы Евразия экономика биримдигине киргенде уюмдун бирдиктүү бажы тарифине макул болгон. Бирок уюмга жаңы киргенде Кыргызстанга 2020-жылга чейин өткөөл мөөнөт берилген. Эми ал аягына чыгып жатат. Мындай тарифтин негизги максаттарынын бири уюмдун ичиндеги унаа өндүрүшүн колдоо, унааны көбүнчө Орусия чыгарат. Бажы төлөмү унаанын чыккан жылына, кыймылдаткычтын көлөмүнө жараша өзгөрөт. Бажы кызматы түшүндүргөндөй, мисалы, 2009-жылкы кыймылдаткыч көлөмү 2,5 литрлик "Тайота камри" 1250 доллар төлөп кирип жатса, январдан тарта 13 600 доллар бажы төлөмү менен кирет, демек ал унаа баасына таасир этет.

2015-жылдан кийин Кыргызстанга келген унаалардын саны кескин кыскарган. 2014-жылы 110 миң унаа келсе, Кыргызстан биримдикке кошулгандан кийин 2015-жылы эки миң гана машина кирген. Кыргызстан жеңилдикти колдонуп, 2018-жылы бажы төлөмүн түшүрдү эле, дароо жети миң унаа кирди.

Тектеш темалар