Кыргызстан электрондук патентке көчүүдө

Салыкты электрондук түрдө төлөө азырынча ар кимдин ыктыярына коюлган
Image caption Салыкты электрондук түрдө төлөө азырынча ар кимдин ыктыярына коюлган

Кыргызстандан октябрдан тарта чакан ишкерлер патентти электрондук түрдө ала баштады. Салыкты онлайн төлөө Кыргызстанды санариптештирүү иш-чарасынын ишке кирген бир тармагы. Ал канчалык сапаттуу жүргүзүлүүдө?

Кийинки жылдан тарта салыктын бир нече түрү милдеттүү түрдө электрондук жол менен төлөнөт. Ушу тапта чектерди чыгарууга атайын аппарат колдонуунун ордуна, приложениелер аркылуу чек берүү ыкмасы ишке кирип жатат.

Кыргызстанга адегенде турист катары келип, кийин бул жерди башкалар да көрүш деп туристтик фирма ачкан испаниялык ишкер Рикард Томас өлкөдөгү салык чогултуу системасынын өзгөрүп баратканын айтып берди.

Image caption Жеке ишкер Рикард Томас салык системасынын электрондошуп жатканы бир топ ресурсту үнөмдөйт дейт

"Кыргызстан бул жараянга эми гана өтүп жатат. Бирок ага карабай, биз канча убактыбызды үнөмдөп, кандай натыйжалуу иштей аларыбыз сезиле баштады. Айрыкча эсептерибизди жүргүзгөн кызматкерге бир топ жеңил болот. Толтура отчет жазып, аны мамлекеттик кеңсеге алып барып, кезек күтүп, туура эмес болуп калса кайрадан баарын кайталабайт. Биз өзүбүз да электрондоштурууга акырындан өтүп жатабыз", - деди Би-Би-Сиге AFA Travel фирмасынын негиздөөчүсү Рикард Томас.

Салык кызматынын берген маалыматына ылайык, Кыргызстанда 700 миңдей салык төлөөчү болсо, 150 миңдейи онлайн түрдө салык берүүгө өттү.

Сүрөттүн автордук укугу SCREENSHOT
Image caption Салык кызматынын сайтынан скриншот

Аны салык кызматынын сайтынан ар кимге ачылган электрондук кабинетте ишке ашырат деди кызматтын басма сөз катчысы Эркин Сазыков:

"Ишкер электрондук форматка көчөм десе каттоодон өтүш үчүн Салык кызматына бир жолу келиш керек. Жеке логин жана сыр сөзүн алат. Ал жеке кабинети salyk.kg сайтында. Электрондук кабинетте өзүнүн жеке маалыматтары, кандай салыктын түрлөрүн төлөгөнү жана салык тууралуу жалпы маалыматтар бар. Ошол эле жерден "өз ыктыярың менен патент алуу" терезесин ачсаң онлайн патентти жасап алууга болот".

Ошол эле жерден салык кызматынын кызматкерлери менен байланыша турган чат да бар.

2019-жылдын 1-июлунан бери импортчулар, экспортчулар жана кошумча нарк салыгын төлөөчүлөр салыкты милдеттүү түрдө онлайн берип жатышат.

Жеке компанияда башкы бухгалтер болуп иштеген Чынара Чыналиева менен Биринчи май райондук салык кызматынан кезиктик.

"Биринчиден убакытты үнөмдөгөнгө жакшы болду. Мурда келип, бул жерде аябай узун кезекте турчубуз. Азыркы жаңы система абдан ыңгайлуу", - деген Чыналиева маселе чыкканда райондук салык кызматына келгенге аргасыз болуп жатыптыр.

Сүрөттүн автордук укугу SCREENSHOT
Image caption Салык кызматынын сайтынан скриншот

Азыр салык кызматы менен социалдык фонддун имараттары бириктирилген. Социалдык фонд электрондук кызмат көрсөтүүгө өтө элек. Биз барган туристтик компания салыктарды кеңседен отуруп тапшырган менен социалдык фонддун отчетторун тапшырганы баарыбир катташ керек деди.

Мамлекеттик кызматтарды электрондоштурууга Кыргызстан өтүп жаткан мезгил. Андыктан Чыналиевага окшоп баары бир мамлекеттик кызматка келгенге аргасыз кылган учурлар катталууда. Андан сырткары салык төлөө ыкмасын электрондоштуруу азырынча каалоочулар үчүн гана.

Милдетүү түрдө кошумча нарк салыгын электрондук түрдө төлөп жаткандардын саны 9650 деп катталган.

Тектеш темалар