Профсоюзчулар эмнеге нааразы болуп жатат?

Кыргызстанда Профсоюздар федерациясы 1990-жылдары түптөлгөн Сүрөттүн автордук укугу Elgezit

Кыргызстандык профсоюзчулардын үнү эл аралык Human Rights Watch укук коргоо уюмуна жетти. HRW Жогорку Кеңешти кесиптик кошуундар тууралуу мыйзамына олуттуу өзгөртүүлөрдү киргизүүдөн баш тартууга чакырып жатат.

Тийиштүү мыйзам долбоору парламентте эки окууда колдоо тапкан.

"Мамлекет ичинде мамлекет"

Бүгүнкү күнү Кыргызстанда 754 миң жаран Профсоюздар федерациясына мүчө.

"Орточо айлык акы менен эле эсептейли. Ошолордон взноско 100 сомдон чогултулганда деле жылына канча акча чогулуп атат. Дээрлик бир миллиард сомго жакын акча чогулат экен. Буларды көз карандысыз деп койсо эле, ээн-эркин болуп, мамлекет ичинде мамлекет болуп алышты. Булардын мүлктөрү да бар, аларды да жетекчилиги каалагандай сатып, ижарага берип жатат. Ошонун баары ачык-айкын болсун деп жатабыз", - деди парламенттеги КСДП фракциясынын өкүлү Кожобек Рыспаев.

Сүрөттүн автордук укугу Official
Image caption КСДП өкүлү Кожобек Рыспаев

Октябрда Жогорку Кеңеш профсоюздардын ишмердиги тууралуу жаңы мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алды. Аны менен Профсоюздар федерациясына финансылык көзөмөл күчөтүлгөнү жатат.

"Өкмөт менен тең атабыз"

Аракеттеги мыйзам боюнча кесиптик кошуундар бир да мамлекеттик органга баш ийбейт, профсоюздар ишмердигин жылына бир жолу Эсеп палатасы гана текшере алат.

"Жаңы мыйзамда профсоюздардын взносторун кантип, канча кармаш керек өкмөт чечет деп атышат. Сиз билесизби, кайсы бир партияга өкмөт ошондой көрсөтмө берип атканын. Ал өкмөттүн иши эмес да. Биз өкмөт менен тең ата социалдык өнөктөшпүз. Бул ыктыярдуу коомдук уюм. Бизди андай рамкага киргизгенге болбойт. Бул профсоюздардын жаратылышына карама-каршы келген жагдай", - деди федерациянын мүчөсү Канатбек Осмонов.

Кыргызстанда соңку жылдары Профсоюздар федерациянын тегерегинде күн алыс эле айыптоолор жаңырып, путевка бөлүштүрүүдөн баштап, федерацияга караштуу мүлктүн тегерегинде да дооматтар айтылып жүрөт.

Федерация мүлкү

Кыргызстандагы профсоюздар федерациясы 1990-жылдары түптөлгөн, учурда анын курамына жыйырмага жакын тармактык жана аймактык профсоюздар кирет. Федерация жер-жерлерде бир нече эс алуу жайлары, курорт-пансионаттарды союздан мурастап калган.

Алалы, учурда анын аракеттеги алты: "Көгүлтүр Ысы-Көл", "Жети-Өгүз", "Жыргалаң", "Ысык-Ата", "Жалал-Абад", "Кыргызстан" санаторий-курорту, эки "Ала-Тоо", "Чолпон-ата" эс алуу үйлөрү бар. Ошондой эле балансында дагы эки пансионат бар: "Ош" жана "Арсланбап". Мындан тышкары турбазалары, мейманканалары жана жер тилкелери бар.

Сүрөттүн автордук укугу Official
Image caption Кыргызстандагы профсоюздар федерациясы тармактык жана аймактык профсоюздардан турат

"Биздин чоң объектилерибиз бар. Мисалы, жүз гектар жерди ээлегендери бар. Анын баарын кармаш бизге бүгүнкү күнү кажетсиз болуп жатса, ага жөндөн жөн жер салыгын же башка салык төлөгөндөн көрө, ал эми имараттын өзүнө акча каражаты керек болуп турса, кандайдыр бир бөлүгүн кеңештин чечиминин негизинде аукцион аркылуу сатыкка койгонубуз мыйзамдуу эле нерсе. Мүлктү деле андай эле массалык түрдө сатып ийген жерибиз жок", - дейт аталган федерация төрагасынын орун басары Жээнбек Осмоналиев.

Ал 2015-жылдан бери федерацияга караштуу бир да объект сатыла электигин баса белгиледи.

Төрага укуктары кеңейет

Профсоюздар жөнүндө жаңы мыйзамдын айланасындагы ызы-чуу федерация ичиндеги ички ырктын кеткенин да көрсөтүп жатат. Алалы, өзгөртүү-толуктоолорго ылайык федерация төрагасынын ыйгарым укуктары да кеңейгени жатат, бирок муну жамааттын баары эле колдобойт.

"Федерациянын төрагасына ушунчалык көп укук берип атат, андай укук Кыргызстандын президентинде да жок. Ал кишини съезд гана беш жылга шайлайт экен. Беш жыл өтмөйүнчө ага эч ким тие албайт экен. Азыркы төрага келгенден бери федерацияда тынчтык жок. Жогорку Кеңештин социалдык комитетинин төрайымы бул кишинин жубайы болуп атат. Бул жерде кызыкчылыктардын кагылышы деген нерсе бар. Бирок эми 120 депутат бар да, алар акыркы чечим кабыл алып атканда ушуларды эске алар дейм", - аталган федерациянын мүчөсү Канатбек Осмонов.

Мыйзам долбоору тармактык жана аймактык кесиптик кошуундардын өз алдынча иш алып барышына да тыюу салып, аны федерацияга биригүүгө милдеттендирет.

Human Rights Watch уюму бул талап көз каранды эмес эмгек кошуундарынын өз алдынча иш алып барышын чектеп, Кыргызстан мүчө болгон эл аралык эмгек келишимдеринин шарттарын бузат деп жатат.

Тектеш темалар