Комиссия Кой-Таш окуясы боюнча бүтүмүн ушул апта чыгарат

Экс-президент Алмазбек Атамбаев Кой-Таш айылындагы үйүнүн короосунда Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Экс-президент Алмазбек Атамбаев Кой-Таш айылындагы үйүнүн короосунда

Кой-Таш окуясын иликтеген улуттук комиссия корутундусун даярдап бүтө элек. Бул тууралуу анын мүчөсү Артур Медетбеков билдирди. Комиссиянын документине бир киши каршы кол койсо, бирөө кол коюудан баш тартты.

Кой-Таштагы окуяны иликтөөчү улуттук комиссиянын иши толук бүтө элек. Бул тууралуу анын мүчөсү, "Антитеррор-Альфа" коомдук бирикмесинин башчысы Артур Медетбеков билдирди.

Ал териштирүүнүн корутундусу азыр долбоор гана экенин, ушул аптада даяр болорун айтты.

Президент Сооронбай Жээнбеков 2-ноябрда журналисттер менен жолугушуусунда Кой-Таш окуясына байланыштуу суроого жооп берип жатып ага баа бере албай турганын, комиссия чечим чыгараарын билдирди.

Медетбеков эки айда түрдүү тараптардан, жетекчилер менен мамлекеттик кызматкерлерден катардагы жарандарга чейин, кайсы бир деңгээлде тергөөчүлөрдөн маалымат алышканын, видео тасмалар анализделгенин кошумчалады.

Ага комиссиянын бир мүчөсү медицина өкүлү Жаркынбек Касымбеков кол коюудан баш тартса, мурдагы судья Клара Сооронкулова бүтүмгө каршы колун койгон.

Сооронкулова анын себебин мындай түшүндүрдү:

"Корутунду чыкканда кайсы жерлерине каршы экенимди так айтсам болот. Бирок жалпысынан, менин позициям - кызматтагыларды жана укук коргоо тармагындагы жетекчилердин жоопкерчилигин кароо болчу. Бул маселе каралган жок. Каршы чыкканымын негизги себеби ушул. Операция дейбизби же башкача атайбызбы, айтор Кой-Таштагы иш-аракетте бир топ мыйзам бузуулар кеткен. Менин жеке пикиримде, кызмат адамдардын да жоопкерчилиги каралыш керек болчу".

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Алмазбек Атамбаевдин үйү 7-8-августта

Комиссиянын ишинин жыйынтыгында сунуштар өтө көп болду деген Артур Медеткулов бул жерде Алмазбек Атамбаев менен Фарид Ниязов тууралуу сөз болуп жатат деп кошумчалады.

"Комиссиянын акыркы жолугушуусунда Алмазбек Атамбаев жана Фарид Ниязов менен жолугуш керекпи деген маселе коюлду. Ал добушка коюлуп, өткөн жок. Ал эми укук коргоо органдарынын жетекчилери менен бир жолу эмес, эки-үч жолу сүйлөштүк. Жада калса алардын иштеген жерине чейин барып тактоо иштерин өткөрүп, суроо-жооп иретинде жолугушуу өткөрдүк", - деди Медетбеков Би-Би-Сиге.

Комиссиянын корутундусу Жогорку Кеңеште каралат. Ал укуктук иликтөө болбогондуктан жыйынтыгы сунуш иретинде берилет.

Ошондуктан комиссиянын корутундусу мүчөлөрдүн сунуштарынан турат. Алардын бири, Жогорку Кеңештин депутаты Тынчтыкбек Шайназаров корутундуну Жогорку Кеңеш кабыл алат деди.

"Мен башынан бери мурдагы президент күбө катары чакырылганда мыйзам чегинде талапты аткарыш керек болчу деген пикирди билдирип келатам. Тергөөчүлөр, тартип сактоо кызматкерлеринин иш-аракеттери толугу менен мыйзамдуу болгон. Экс-президент дагы мыйзам талаасынан чыкпаш керек эле", - дейт Шайназаров.

Кой-Таштагы окуяны иликтөө комиссиясы августтун аягында өкмөт башчы тарабынан түзүлгөн. Вице-премьер министр Жеңишбек Разаков жетектеген комиссияга Жогорку Кеңештин депутаттары, өкмөт өкүлдөрү, коомдук ишмерлер, Коргоо кеңешинин өкүлдөрү кирген.

Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары комиссия бейтарап иликтешинен шек санаарын билдирип келишет.

Кой-Таш айылындагы Алмазбек Атамбаевдин үйүндө аны суракка күч менен алып келүү иш-аракети учурунда ок атылып, башаламандык орун алган. Ал күндөрү атайын даярдыктагы бир жоокер окко учуп, милициянын начальниги оор жаракат алган, ондогон киши жараланган. Ага чейин Атамбаев уюшкан кылмыштуу топтун башчысы Азиз Батукаевди абактан мыйзамсыз бошотуу боюнча күбө катары тергөөгө эки ирет чакырылган. Экс-президент азыр кылмыштын башка түрлөрү боюнча шектелип, тергөө абагында отурат.

Тектеш темалар