Орусия: мигранттарды аралаган терроризм айыбы

Кылмышка шектүү кармалды

Москвада метрону жардырууга камданып жаткан деп шектелген кыргызстандык делген жаран 5-ноябрда камакка алынды. Террордук коркунучунда мигранттардын аты чыгып жатканын эксперттер бир жактуу карабоо керек дешет.

Терактка камданып жаткан Кыргызстандын тургуну Талант Онуров сурак учурунда күнөөсүн мойнуна алганын Москванын тергөө комитети сайтына жазды.

"Москванын тергөө башкармалыгы 1989-жылы төрөлгөн жаранга байланыштуу "террордук акт жасоого даярдануу" беренеси боюнча кылмыш ишин териштирип жатат. Тергөөнүн маалыматы боюнча, 2019-жылдын сентябрь айында кыргызстандык адам борбор шаарга террордук акт жасоо максатында келген. Бир ай ичинде ал өзүнө шерик издеп, адабияттарды окуган, видеолорду көргөн, ошондой эле адамдарга карата мыйзамга каршы иш-аракетин жасоо үчүн жай издеген", - деп жазды 5-ноябрда тергөө башкармалыгы.

Кыргызстандык эксперт Маметбек Мырзабаев Орусиядагы мигранттардын арасындагы эсктремизм тууралуу сөз болгондо "атайын террордук акт жасаганы келген" деген маалыматка көңүл бурууда.

"Байкасаңар, ал жакта ушул сыяктуу окуяларда, кечээги мисалда да кыргызстандык адам Кыргызстандан келгенде кармалды деген маалымат сөзсүз айтылат. Ал жакта жүргөндө эмес, башка жактан барганда эмес... Кызыгы ушул. Башкача айтканда, Орусиянын тартип коргоо органдары Борбор Азиядан мигранттар аркылуу экстремисттик коркунуч аларга барып жатканын айтышат. Бирок Кыргызстандын укук коргоо органдарынын позициясы буга карама-каршы. Алар Орусиядагы экстремисттик топтор бул жактан жаштарды азгырып кетип жатат дешет", - деди Мырзабаев.

Search for Common Ground уюму Орусиядагы борборазиялык мигранттар арасындагы радикалдашуу боюнча 2017-жылы жүргүзгөн иликтөөсүндө алардын дээрлик баары жумушка кирип, акча табуу максатында бараарын көрсөткөн.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Санкт-Петербург метросундагы 2017-жылдагы жардыруу боюнча айыпталуучулар

Изилдөөгө катышкан Мырзабаев Кыргызстанда террордук бөлүкчөлөр болушу мүмкүн, бирок ал Орусияга террорист экспорттой турган деңгээлде эмес деген оюн бөлүштү:

"Орусияда терроризм коркунучу деген тема көзөмөлдөн чыгып кеткен миграцияны ооздуктоо үчүн да колдонулат. Айрыкча ири шайлоолордун алдында ушундай шылтоо менен мигранттарды департациялоо жүрөт. Жашыруун деле болбой калды, бул геосаясатта да колдонуларын ачык эле айтсак болот".

Орусиянын тергөө комитетинин башчысы Александр Бастрыкин 2017-жылы "Россия газетасы" басылмасына берген маегинде мындай дейт:

"Радикализмге азгыргысы келгендер атайын Орусияга көнүп кете албаган жакынкы өлкөлөрдөн келген мигранттарды пайдаланышат. Мындай жол менен алар кийин теракт жасоого тартуу үчүн "уктап жаткан бөлүкчөлөрдү" түзүүгө аракет кылат. Ошондуктан миграциялык агымды көзөмөлдөөнү катуулата турган чараларды, анын ичинде мыйзамдык иш-аракеттерди көрүшүбүз керек".

Бастрыкин жана Орусиянын коопсуздук кызматынын төрагасы Александр Бортниковдун ушул маңыздагы билдирүүлөрүн басма сөздөн көп кездештирүүгө болот.

"Антитеррор-Альфа" коомдук бирикмесинин жетекчиси Артур Медетбеков бир миллиондой кыргыз мигранттары Орусияда жүргөнүн, алардын көбү жаштар экенин белгилеп, биринчиден ар кандай идеяга, акчага азгырылуу коркунучу бар дейт.

Image caption Санкт-Петербургдагы теракт 2017-жыл

"Экинчи жагдай бар, анда айрым мигранттар маалыматынын жоктугунан бирөөлөргө алданып же жардамдаша коём деп кылмыш жасоого шерик болуп калышат. Ал эми үчүнчү топтогулар тартип коргоо кызматкерлеринин жумушта жыйынтык көрсөтүү үчүн ыплас жолду тандоосунун курмандыгы болуп калат", - деди Би-Би-Сиге Медетбеков.

Артур Медетбеков Кыргызстанда уруксаат берилген даават же башка диний иш-аракеттер Орусияда тыюу салынганына эмгек мигранттары көңүл буруш керек деди.

Ал эми Search for Common Ground уюму жасаган дагы бир иликтөөдө Кыргызстанда жаштар бийликке, адилетсиздикке нааразы болгон менен өч алуудан, радикалдык ойлордон алыс экени көрүнгөн.

Орусияда терроризмге шектелген кыргызстандык боюнча бул биринчи учур эмес.

2018-жылы кыргызстандык делген Атабек Рустамов аттуу жаран Санкт-Петербургда терроризмге, "Ислам мамлекети" аталган топко адамдарды азгырган деген айып менен жети жылга эркинен ажыратылган.

2017-жылы Санкт-Петербургда он беш адамдын өмүрүн алган метродогу жардырууда түбү кыргызстандык делген Акбаржон жана Аброр Азимовдор камалган. Аларга көмөктөшкөн деген эки киши да кыргызстандык экени айтылган.