Бишкектеги кафеде болгон жарылуудан бир киши каза тапты

Бишкектеги өрт Сүрөттүн автордук укугу social media

Бишкектин борбордук бөлүгүндөгү кафелердин биринде болгон жарылуудан бир киши каза болгону белгилүү болду. Ал эми жаракат алгандар он беш киши деп ырастады өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги.

"Жарылуудан жаракат алгандар саны он беш киши. Алардын жетөө жаш балдар экен. Төрт жаш бала Балдардын шаардык ооруканасына, чоң кишилердин алтоо Бишкек травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборуна жеткирилди. Эки киши реанимация бөлүмүндө. Алардын абалы оор. Экөөнүн денеси 25-30 пайыз күйгөн, калган үчөөнүн денесинде 5-13 пайыз күйүк бар. Бир киши түтүндөн ууланган.Тилекке каршы, ошол кафенин кызматкери делген 25 жаштагы кыз каза болуп калган",-деди Би-Би-Сиге Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы.

Сүрөттүн автордук укугу social media

Алдын ала маалыматтарга караганда, жарылуу кафедеги тамак даярдоодо колдонулган газ баллондон чыккан. Өрт өчүрүү кызматы жарылуудан кийин тутанган өрттү толугу менен өчүрдү.

"Мен ушул "Антошка" деген кафенин жанында соода кылам. Жарылуу болоор замат эле өрт чыкканын көрүп калдым. Үч бала кийими күйгөн, жарым жылаңач эле качып чыгышты. Тез жардам, өрт өчүрүү кызматы он минутанын ичинде эле жетип келди. Кафеде тез татымдагы тамактар даярдалгандыктан кардарлары көп экен. Балдары менен олтургандар бар экен. Бири-бирин тебелеп эле качып чыгышты. Жарылуу катуу эле болду",-деди окуянын күбөсү Калича Абдуллаева.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Саламаттык сактоо министрлигине кафеде чыккан өрттүн кесепетинен жабыркагандарга тиешелүү медициналык жардам көрсөтүү жана дарылоо боюнча чараларды көрүүнү тапшырган.

"Өкмөт башчы тиешелүү мамлекеттик органдарга Чүй проспектиси менен Эркиндик бульварынын кесилишиндеги жарылуунун жана андан улам тез татым жайынын өрттөнүүсүнүн себептерин тыкыр иликтеп чыгуу тапшырмасын берди",-деп жазды өкмөттүн расмий сайты. (AbA)

Тектеш темалар