Коррупция консулдарга чейин жеткенби?

Эркин Сопоков дүйшөмбүдө кызматынан алынган Сүрөттүн автордук укугу Social media
Image caption Эркин Сопоков дүйшөмбүдө кызматынан алынган

Уйгур тектүү кытай ишкери Саймаитинин Стамбулдагы өлүмү кыргыз элчиликтериндеги коррупция маселесин козгоду. Ишкерди атып кеткен жерде кыргыз консулдугуна тийиштүү автоуунанын табылышы суроолор жаратып жатат.

Кыргызстандын мурдагы башкы консулу Эркин Сопоковдун ишмердүүлүгүн текшерүү үчүн мекемелер аралык жумушчу тобу Түркияга бармай болду.

Сопоковдун унаасы

Жумушчу топтун курамына кимдер кирди жана алар Стамбулга качан сапар алышат, ал жагы тактала элек. Тышкы иштер министрлиги жумушчу топко Башкы прокуратура, УКМКдан өкүлдөр киргенин гана айтып чектелди.

"Автоунаа Сопоковдун менчиги болгон жана ал жеке компанияга сатууга берип койгон. Бул боюнча мыйзам чегинде жооп берет",-деди министр Чыңгыз Айдарбеков парламенттин шаршембидеги жыйынында.

Сүрөттүн автордук укугу Official
Image caption Чыңгыз Айдарбеков, министр

Белгилүүсү, Сопоков дипломатиялык номерди тапшыруу боюнча процедураларды бузуп, бир ай мурун транспорт каражатын каттоодон чыгарган. Рейндж Ровер үлгүсүндөгү унаасын ал "Рамадан туризм" автосалонуна сатыкка койгон.

Тышкы иштер министрлиги дипломатиялык номерлерди пайдалануу боюнча Эркин Сопоковго буга чейин сөгүш жарыяланганын да айтып жатат.

Сопоковдун өзү бул окуяларга азырынча түшүндүрмө бере элек жана ал Кыргызстанга кайтып келдиби, белгисиз.

"Териштирүү жүрүп атат"

Айэркен Саймаитиге кол салуу болгон жерде табылган унаа Кыргызстандын Стамбулдагы консулуна таандык болуп чыкканы чоң резонансты пайда кылды. Окуянын эртеси эле Сопоков Стамбул шаарындагы Кыргызстандын башкы консулу кызматынан бошотулду.

Бирок парламентте кыргыз элчилигине көө жапты дешип, ага карата чара көрүү талап кылышууда.

"Кыргызстанда издөөдө жүргөн кылмышкер консулдун машинесинде жүрүп өлтүрүлдү. Түрк басылмалары аны консулдуктун кызматкери экен деп жазып атышат. Сопоковду болсо жөн эле иштен алып койдуңуз. Бул жазасын тартабы?", - деди "Ата Мекен" фракциясынын өкүлү Эмил Токтошев.

Депутат дипломатиялык автономерлери тууралуу кыргыз элчиликтеринде мурда да ызы-чуулар болгонун эске сала өттү.

Сүрөттүн автордук укугу SABAH.COM.TR
Image caption Sabah.com.tr сайты жарыялаган сүрөт

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Стамбулдагы окуя боюнча териштирүү жүрүп жатканын, анын жыйынтыгында чара көрүлөрүн айтты.

Сопоковдун коопсуздугу

Кыргызстандын Түштүк Кореядагы мурунку элчиси Кылычбек Султан мындан бир жыл мурун элчиликтердеги коррупция боюнча президентке кайрылып, дипломатиялык унаа номерлери, паспорт жана макамдар белгисиз адамдарга берилип жатканы тууралуу басма сөз жыйынын уюштурган.

"Мен анда маалыматтарды президентке жеткире албадым. Эгер азыркы окуяда Сопоковдун коопсуздугу тууралуу президент өзү милденттенме албаса, бул адамга каалагандай көрсөтмө бердиртип, балким, чыныгы бул ишке теиешеси барлар кутулуп кетет. Стамбулга жөнөгөнү жаткан комиссия ал жерде чындыкты изилдеш үчүн эмес, чыныгы күнөөлүүлөрдүн изин жаап жашыруу үчүн деле барып атышы мүмкүн", -дейт мурунку элчи.

Кылычбек Султан элчилик кызматынан былтыр бошотулган. Ал дипломатиялык номерлердин баалары тууралуу да айтып берди:

Сүрөттүн автордук укугу Official
Image caption Кылычбек Султан, мурдагы элчи

"Мен билгенден бир эле дип номер үчүн элүү миң долларлык пайда түшүшү мүмкүн эле, акчалай. Андан тышкары, кол тийбестик өңдүү иммунитеттери бар да".

Уйгур тектүү кытайлык ишкер Айеркен Саймаитинин ысымы Кыргызстанда бир нече чуулгандуу иштерде аталып жатат.

Ишкер киши колдуу каза тапкандан кийин ал Кыргызстандын Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы тарабынан издөөдө экени белгилүү болчу. Бирок Жогорку Кеңеште маалымат берип жатып, ички иштер министри эки жыл мурун Айеркен Саймаитиге "алдамчылык" боюнча кылмыш иши козголуп, эл аралык издөөгө алынганын айтты.

Буга чейин ага ИИМ издөө салганы бир да жолу айтылган эмес эле. (EKa)

Тектеш темалар