Гонконг: Бээжинге ыктаган талапкерлер демократтардын чаңында калды

оппозиционерлер Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Жуниус Хо парламентке өтпөй калганы тууралуу кабарды оппозициянын тарапкерлери кол чабуулар менен кабыл алды

Жекшембиде Гонконгдо өткөн жергиликтүү кеңешке шайлоодо оппозициялык кыймылдын жана партиянын талапкерлери жеңишке жетишти. Гонконгдун 18 округунда райондук кеңешке болгон шайлоодо демократтар 452 орундун 278ин утуп алды.

Өкмөттүк блок мурда жергиликтүү кеңештин болжолу 75% көзөмөлдөп турган эле. Шайлоого катышуу 71 пайызды түздү. Жалпы 2,9 млн. шайлоочу келип добуш бергени айтылууда. 2015-жылы өткөн шайлоого катышуу 47 пайызды түзгөн эле.

Оппозициялык кыймылдар Гонконгдогу нааразылык жүрүшүндөгү талаптарды Бээжинге чейин жеткирүү тууралуу билдирүүлөрдү жасашкан. Борборду жактагандар демонстранттардын шаардагы башаламандыгына каршы добуш берүүгө чакырды.

Парламентке кимдер келет?

Бул жолку шайлоого бир нече белгилүү саясатчылар катышты. Ошондой эле толкундоолордун арты менен элге таанылгандар дагы чыкты.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Айрым жерлерде шайлоодогу оппозициянын жеңишин катуу майрамдашты

Бээжинге ыктаган чуулгандуу саясатчы Жуниус Хо парламентке өтпөй калды. Ал митингчилерди күч менен таратууну колдоп, полициянын катаал аракеттерин жактаган эле. Июль айында Хо дагы бир чуулуу ишке аралашып калды. Ал шектүү кишилер менен сүрөткө түшүп калган. Кийин алар метродо демонстранттарга кол салышкан.

Бир нече айдан бери токтобой жаткан акциялардын уюштуруучуларынын бири, адам укугу боюнча жарандык фронттун лидери Жимми Шам биринчи жолу шайлоого катышып, мандат алды деп жазды басылмалар.

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Администрация жетекчиси Кэрри Лэм добуш берүү маалында тынчтык сакталып турганына ыраазычылык билдирди

Шайлоонун алдында ага кол салуу болгон эле.

Октябрь соңунда Гонконг бийлиги шайлоодон 23 жаштагы активист Жошуа Вонгду четтеткен болчу. Ал 2014-жылдагы "Кол чатырчандар" кыймылын уюштургандардын бири эле. Вонгдун ордуна келген талапкер жеңишке жеткени кабарланды.

"Июнь айында нааразылык акциялар башталгандан бери демократияны жактаган топ ири жеңишке жетти. Эки миллиондон ашуун шайлоочу демократияны жактагандарды колдоду. Бул шаардыктардын демонстранттарга карата катаал мамилеге көз карашын көрсөтөт. Кечээ биз демократияга татыктуу экенибизди көрсөттүк. Бир гана жергиликтүү кеңешти шайлоо бизди канааттандырбайт. Биз өзүбүздүн администрацияны, өкмөттү тандоого укуктуу болушубуз керек",-деди активист.

Расмий Бээжин тарабынан азырынча эч кандай реакция боло элек. Жапонияда иш сапары менен жүргөн Кытайдын Тышкы иштер министри Ван И "эмне болгон күндө дагы Гонконг Кытайдын бир бөлүгү эсептелет" жана "анын өнүгүшүнө, стабилдүүлүгүнө доо кетирүү аракетинен майнап чыкпайт" деп айтты. Кытайдын мамлекеттик басылмалары Гонконгдогу шайлоо тууралуу үн каткан жок. (AbA)

Тектеш темалар