Мажүрөө мамлекетке төрт кабаттуу бюрократиялык-коррупциялык түзүлүштүн кереги барбы?

Кыргызстандын аймактык-административдик түзүлүшү жети областтан, эки республикалык маанидеги шаардан, кырктан ашык райондон турат Сүрөттүн автордук укугу Википедия
Image caption Кыргызстандын аймактык-административдик түзүлүшү жети областтан, эки республикалык маанидеги шаардан, кырктан ашык райондон турат

Президент Сооронбай Жээнбеков 19-ноябрда донордук форумда региондорду өнүктүрүү стратегиясы боюнча сүйлөгөн сөзүндө өзүнүн өткөн жылы өкмөткө берген тапшырмасы - аймактык-административдик реформа жөнүндө эчтеке айткан жок. Президенттин тапшырмасы боюнча өкмөт өткөн жылы эле жол картасын иштеп чыгып, бул реформаны этап-этап менен жүргүзүүгө тийиш эле.

Би-Би-Си жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана региондорду өнүктүрүү боюнча экс-министри, юридикалык илимдердин кандидаты, республиканын эмгек сиңирген ардагери Өмүралиев Төлөбектен Кыргызстанда эгемендик жылдарында административдик-аймактык түзүлүшкө реформа жүргүзүүгө кандай аракеттер болгонун жана анын эмне себептен создугуп келатканын сурады.

Мажүрөө аракеттер

Би-Би-Си: Президент административдик-аймактык реформаны жүргүзүү боюнча жол картасын түзүү, аны этап-этап менен жүргүзүү жөнүндө өкмөткө тапшырма бергенден бери эки жылга чукулдап калды. Анын эмне үчүн создугуп жатканы түшүнүксүз. Мындай реформанын керектигин түшүнүп турса да мурдакы президенттер да ишке ашыра алган эмес. Бул ошончолук эле оор маселеби?

Т. Ɵмүралиев: Республикабызда бул түзүлүштү оңдоо маселесинин көтөрүлүп келе жатканына чейрек кылымдан ашып, сот бийлигин реформалоодон да узак "сүйрөлүп" келүүдө. Мунун түпкү себептерин түшүнүп, туура баа берүү максатында тарыхый фактыларга кайрыла кетүү зарыл.

Алсак, СССР жоюлар мезгилде Кыргызстанда эки эле - Ош менен Ысык-Көл облустары бар болчу. 1990-жылдын 14-декабрында Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңеши республика Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош, Талас жана Чүй облустарынан турат деген чечимди кабыл алып жиберген. Анткени ал кезде алты облустун башкаруу системасын союздук бюджеттин дотациясынын эсебинен кармоого мүмкүнчүлүк бар болчу.

Эгемендик колго тийгенде, Кыргызстан демократия менен рыноктун "касиеттүү" күчүнө таянып, тез оңолуп кетет деген үмүт ишке ашпай, "базар барга таттуу, жокко ачуу" болуп чыккан. Мындай шартта, "легендарлуу" парламент көсөмдүк кылып, Кыргызстандын 1993-жылдагы алгачкы Конституциясына "Мамлекеттик башкарууну уюштуруу максатында Кыргыз Республикасынын аймагы мыйзамда аныкталган администрациялык-аймактык бирдиктерге бөлүнөт" деген кыска, ушул убакка чейин өзгөрүүсүз келе жаткан статьяны киргизген. Мында республика сөзсүз облус, район, шаар, айыл аймактарынан турат деп айтылган эмес. Бирок, бийлик совет заманынан мураска калган аймактык-административдик реформага барбастан, селолук кеңештердин бир катарын майдалап бөлүү жана алардын аттарын өзгөртүү менен гана чектелип келди.

Мындай ыкшоо аракеттерден майнап чыкпасын сезген жергиликтүү жамааттардын бир тобу өздөрү демилге көтөрүп, жаңы принципте уюшулган административдик-аймактык бирдиктерди ( ААБ) түзүү боюнча пилоттук реформа өткөрүү тууралуу сунуш менен чыгышкан. Жогорку Кеңеш муну колдоп, 1994-жылы Нарын облусунун Нарын шаары менен борбору ушул эле шаар болгон Тянь-Шань районунун (азыркы Нарын району) административдик-аймактык бирдиктерин кошуп башкаруу тууралуу токтом кабыл алып берген.

Акыры бийлик дагы козголуп, 1996-жылы 4-мартта президент А. Акаев республиканын административдик-аймактык бөлүнүшүн оптимизациялоо боюнча чоң жаңылык болгон Указ чыгарган. Ага ылайык атайын түзүлгөн комиссия облустарды жоюу, район менен шаарларды бириктирип туруп бир аймак түзүү, айылдык кеңештерди кошуп чоңойтуу аркылуу республикага үч деңгээлден ашпаган административдик-аймактык түзүлүштү киргизүүнү туура тапкан. Тилекке каршы, бул новатордук сунуштар дагы бийлик органдары тарабынан каралбай калды.

Бирок 1998-жылдан кийин кырдаал өзгөрө баштап, Чүй облусунда Ысык-Ата району менен Кант шаары кошулуп, жаңы Ысык-Ата району уюштурулган. Ал эми Ысык-Көл облусунда кошуна жайгашкан Каракол шаары менен Ак-Суу району, Ош облусунда Баткен шаары менен Баткен району бириктирилген башкарууга өтүп, буларда мамлекеттик органдардын санын кыскартууга, жергиликтүү бюджетти экономдоого, шаар менен айылдын маселелерин жармакташып чечүүгө перспективдүү жол ачылган. Тилекке каршы, 2001-жылдан кийин булар кайрадан ажыратылып, мурдагы калыбына келтирилди.

2003-жылы байыркы Токмок шаарын өнүктүрүү зарыл деген идея жаралып, Чүй облусунун борборун Бишкек шаарынан Токмокко которуу тууралу мыйзам чыкканда, ал республиканын аймактык-административдик түзүлүшүн реформалоого жаңы жол ачты деп рекламаланган.

Республикада саясий кырдаал курчуй баштаганда, мамлекеттик бийлик администрациялык түзүлүштү реформалоого реалдуу киришебиз деп, 2005-жылдын башында жылыга 24 млн.сом жумшалган облустук жана райондук кеңештерди жоюуга барган. Ал эми булар менен кошо облустук жана райондук мамлекеттик башкаруу системасын өзгөртүүгө бийликтин "жүрөгү" даабай, колу барбай койгон.

Бирок республиканын администрациялык-аймактык түзүлүшүн өзгөртүүгө концепциялык мамиле кылуу жөнүндө президент К. Бакиевдин 2007-жыл 4-июлдагы Жарлыгы кеңири колдоого алынып, аны ишке ашыруу боюнча көптөгөн сунуштар айтылган. Ошол кезде Сооронбай Жээнбеков өзү жетектеп турган Айыл чарба министрлигинен, Акылбек Жапаров башкарган Финансы министрлигинен, Исхак Масалиев баштаган айрым депутаттардан, бир катар мамлекеттик органдардан жана коомдук уюмдардан Өкмөттүк комиссиянын кароосуна олуттуу сунуштар түшкөн. Алардын көпчүлүгүндө 2007-2010 ж.ж. республиканын облустарын жоюу, республикалык бюджетти децентралдаштыруу, жергиликтүү өз алдынча башкаруудагы ар бир шаарды өзүнүн тегерегинде жайгашкан райондор менен бириктирип, жаӊы принципте уюштурулган мамлекеттик административдик-аймактык округдарды түзүү жана жергиликтүү калктын макулдугу менен майда айылдык аймактарды бириктирип, чоӊойтуу тууралуу пикирлер айтылган.

Тилекке каршы, ал кездеги өкмөттүк комиссия бул сунуштардын бир тобун четке кагып, Концпецияга облустагы маданий-социалдык мекеме, уюм, ишканаларды гана жоюп, ал эми губернатор, акимдердин полномочиелерин жогорулатуу, укук коргоочу, күч жана финансы органдарынын айрымдарына регионалдык деген статус берүү аркылуу облустук түзүлүштү кол тийгизбей сактап калуу вариантын киргизген.

Image caption Аймактык-административдик түзүлүштү өзгөртүү аракеттери Аскар Акаев президент болуп турганда башталган, бирок анын баары мажүрөө масштабда болгон.

Би-Би-Си: Республиканын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу Мыйзамдын ал убактагы абалы кандай эле?

Т. Өмүралиев: Эң кызыгы, укуктук мамлекет деп жарыяланган өлкөбүздө "Кыргыз Республикасында административдик-аймактык түзүлүш тууралуу" абдан керектүү мыйзам араң 2008-жылдын 25-апрелинде, же эгемендүүлүктө 17 жыл жашагандан кийин кабыл алынган. Тилекке каршы, чоң окуя катары бааланган бул мыйзам мамлекетти бекемдеп куруудагы проблемаларды чечкенге жол ачпай, бюрократия менен коррупциянын булагы болгон 4 кабаттуу аймактык-административдик түзүлүштү мыйзамдаштырып берген.

Би-Би-Си: 2012-жылы Кыргызстандын өкмөтү «Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүнүн Концепциясы» деген документти карап, бекиткени белгилүү. Анда кандай реформаларды жүргүзүү каралды эле?

Т. Өмүралиев: Бул концепцияга өкмөт 2013-жылдын октябрында айрым өзгөртүүлөрдү киргизген. Бул Концепцияда 2012-2017 ж.ж. мамлекетти эки деңгээлдүү бюджетке өткөрүү, айыл аймактарын кошуунун эсебинен алардын санын азайтуу, райондорду ирилештирүү, ал эми облусту алып калып, анын башкаруу системасын оптималдаштыруу каралган.

Бирок "ийри жыгач түзөлбөйт" болуп, бул концепция президент А. Атамбаевдин колдоосуна алынбай, административдик-аймактык түзүлүштүн төрт кабатын ээлеген мекеме, ишкана, уюмдар кыскарбастан кайра көбөйүп кеткен.

Корутундулап айтканда, чейрек кылым ичинде бийликтин күчү болгону поселкалык кеңештерди жойгонго, бир катар айыл аймактарын майдалап бөлүүгө, алардын аттарын өзгөртүүгө жана тегерегиндеги айылдарды бириктирүү аркылуу бир нече кичи шаарларды түзүүгө араң жетти. Ал эми совет мезгилинен мураска калган төрт кабаттуу административдик-аймактык курулушту өзгөртүү, ал аркылуу мамлекеттик органдардын жана чиновниктердин санын кескин кыскартуу, ошондой эле региондорду өнүктүрүү боюнча аракеттердин көбү "показуха" болуп келген. Себеби бюрократиянын "тузагына" түшүп, паракорчулук менен коррупциянын "ширесин" ичип, өсүп-өнгөн мамлекеттик аппаратка мындай реформа "өз өмүрүн кыю" менен барабар болгон.

Image caption 2012-жылы Кыргызстандын өкмөтү иштеп чыккан «Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүнүн Концепциясы» деген документти президент Алмазбек Атамбаев колдобой койгон.

"Үч баштуу" желмогуз

Би-Би-Си: Ошол кездеги бийлик бул багытта чечкиндүү реформага бара албай койгонунун негизги себеби эмнеде? Финансы-экономикалык жактан "мажүрөө" мамлекетке 4 кабаттуу оор жана кымбат түзүлүштү кол тийгизбей сактап келүүгө бийликтеги президенттер эмнеге кызыкдар деп ойлойсуз?

Т. Өмүралиев: Илимий-практикалык жактан изилдей келгенде, мындай көрүнүштүн түпкү сыры аймактык-административдик түзүлүштүн, коррупция жана региондорду өнүктүрүүнүн ортосундагы үчилтик байланыштын проблемалары чогуу чечилбей келе жаткандыгында. Дүйнөлүк практикада болсо ушул чырмалышкан үч маселенин "дарты" менен күрөшүүнүн иштиктүү чарасы катары мамлекеттик органдардын, алардын кызматкерлеринин санын кескин кыскартууга реалдуу мүмкүндүк берген аймактык-административдик түзүлүштү реформалоо колдонулат.

Бизде мындай реформаны өткөрө албагандыктан, республикабыздын орустун матрешкасындай бири-бирине "минген" төрт кабат иерархиялык түзүлүштүн ар бир кабаты коррупциянын өзүнчө уясы болуп келүүдө. Мунун эң үстүңкү кабатын элитардык коррупция ээлеп, ал оор кылмыштарды уюштуруунун ордосу экендигинин бети ачыла баштады.

Ал эми ортоңку деңгээлди ээлеген облустук жана райондук мамлекеттик органдардын жайнаган бюрократ-чиновниктеринин, алардын "сабагын" алган муниципалдык кызматкерлердин көпчүлүгү бюрократияга, паракорчулук менен жемкорлукка берилип, майда жана орто коррупциянын торуна түшүп калган. Мындай корукунуч тууралуу 200 жыл мурда француз жазуучусу Оноре де Бальзак "Существует только одна гигантская машина, управляемая пигмеями, и это бюрократия" деп эскертсе, кыргызда "Желмогуздун кичинеси кыйын" деп бекеринен айтылбаган.

Ошондуктан Кыргызстанда бул "үч баштуу" желмогуз менен күрөшүүнүн өзгөчө вариантын, тактикасын колдонуу зарыл. Анткени азыр ири коррупция менен кармашып жаткан мамлекеттин күч органдарын митедей жайнаган жергиликтүү масштабдагы жеп-ичкичтерге каршы пайдалануу "замбирек менен чымчык атканга" тете болуп, өтө көп убакытты талап кылып, кымбатка да туруп калат.

Би-Би-Си: Бул өзгөчө варианттын өзөгү эмнеде, анын илимий негиздери барбы?

Т. Өмүралиев: Анын бөтөнчүлүгү чейрек кылымдан бери бир катар айыл аймактарын майдалап бөлгөндү реформа деп атаганды токтотуп, чакан республикабыздын облустук деңгээлин жоюуда жатат. Албетте, аткаминерлердин "армиясы" бул сунушту мамлекеттүүлүктүн "устунун" кыйратуу катары баалап, катуу каршылык көрсөтөөрү шексиз. Бирок мындай орчундуу "операцияга" баруу мамлекет куруунун илиминде каралгандыктан, бир топ өлкөлөр бул мүмкүнчүлүктү натыйжалуу пайдаланып келишүүдө.

Бул илимге ылайык, ар бир мамлекеттин аймактык-административдик түзүлүшү табигый жана жасалма деген эки категорияга бөлүнөт. Анын табигый түзүлүшүнө калк отурукташкан айыл менен шаарлардын аймактары кирип, буларды бириктирүү, ажыратуу же жоюу оңойлукка турбасы аныкталган. Ал эми район, облус, провинция, регион, губерния аттуулар жасалма түзүлүш катары таанылып, аларды жаңы уюштуруу, жоюу же кошуу проблемаларын ар бир мамлекет койгон максатына жараша чечип алат.

Би-Би-Си: Биздеги маалыматтар боюнча административдик-аймактык түзүлүштү өзгөртүүнүн дагы башка варианттары бар экен. Алардын бири-биринен айырмасы жана өзгөчөлүктөрү эмнеде?

Т. Өмүралиев: Андай варианттар жетиштүү. Алардын биринде облустарды жоюп, райондорду гана калтыруу керек делсе, экинчилери облустарды күчтөп, райондорду толугу менен жергиликтүү өз алдынча башкарууга өткөрүү туура дешүүдө. Үчүнчүлөрү райондорду ирилештирүүгө өтүү зарылдыгын айтышса, башкалары тыкыс жайгашкан шаар менен райондорду кошуунун эсебинен жаңы системаны курууну сунушташууда. Дагы бирөөлөр бекем орноп калган түзүлүшкө тийбестен, айыл аймактарын гана шартка жараша ирилештирүү же бөлүү туура дегендер да бар. Бирок бул сунуштардын көбү толук анализделбей, бир беткей болуп, административдик-аймактык түзүлүштүн реформа кылуунун биз айтып кеткен үчилтик проблеманы чогуу чечүүдөгү ойногон ролу эске алынбай келүүдө.

Бирок, мындай абалдан чыгуунун негизги жолун президент С. Жээнбеков өзүнүн 2018-жылы 16-ноябрда телеканалга берген интервьюсунда "4 деңгээлдүү башкарууну 3 деңгээлге түшүрүү маселесин чечүүбүз зарыл" деп туура айткан.

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Президент Сооронбай Жээнбеков 2018-жылы административдик-аймактык түзүлүштү реформалоону этап-этап менен жүргүзүүнүн жол картасын иштеп чыгууну өкмөткө тапшырган.

Регионалдык модель

Би-Би-Си: Азыркы талаптарга жооп берген модель-варианттар жок экендигин белгилеп кеттиңиз. Ал эми сиздин өзүңүз иштеп чыккан моделдин өзгөчөлүгү эмнеде?

Т. Өмүралиев: Бул проблеманын өтө маанилүү экендигин мен 1982-1986 жылдары алыскы Тогуз-Торо районун жетектеп жүргөндө сезе баштагам. Ал эми аймактык-административдик түзүлүштүн илимий жагын Москвадагы КПСС Борбордук Комитетинин алдындагы коомдук илимдер Академиясында окуп жүргөндө мамлекеттик башкарууну децентралдаштыруу деген темада юридикалык илимдердин кандидаты деген наамды жактоодо пайдалангамын. Төрт жыл облустук партия комитетинде, төрт жыл Нарын районун башкарып иштедим, он жылдан ашуун президенттин администрациясынын бөлүм башчысы, Мамкаттоонун алгачкы директору, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана регионду өнүктүрүү боюнча министри болуп эмгектенгендик. Пенсияга чыккандан кийин алты жыл бою Дүйнөлүк Банктын агрардык саясат жана кыймылсыз мүлктүү каттоо боюнча Тажикстандагы кеңешчиси болуп иштедим. Бул иштин баары Кыргызстандын аймактык-административдик түзүлүшүн илимий-практикалык көз караштан өткөрүп, анын өзгөчө вариантын иштеп чыгууга мүмкүндүк берди.

Менин пикиримде, бул максатта кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн "каркасын" бекемдөө талабына жооп берген регионалдык моделди киргизүү зарыл. Мунун өзөгүндө облустун ордуна бири-бирине чектеш жайгашкан райондорду жана сөзсүз түрдө аларга аймакташ болгон шаарды (кичи шаарларды) ээлеген территорияларын эч бузбастан туруп бириктирүү идеясы жатат. Анын көлөмү облустан кичине, бирок райондон алда канча чоң болгондуктан, бул жаңы түзүлгөн территорияны расмий түрдө регион деп атоо аркылуу анын чегинде мамлекеттик башкаруудагы регионалдык-административдик бирдикти уюштурууга толук шарт пайда болот.

Биринчиден, коом менен мамлекетибизде регион аттуу территориалдык түшүнүктүн маанисин так аныктап туруп пайдалануу зарыл. Анткени регионду туруктуу өнүгүүсүнүн абалы биринчи кезекте ага түз жооп берүүчү мамлекеттик башкаруунун күчү менен сапатына жараша болот.

Экинчиден регионалдык башкаруу уюшулса, ал облуска караганда "бир тепкич" ылдыйлап, эл-журтка, жергиликтүү жамааттарга жакындоонун эсебинен мамлекеттик бийлик менен калктын ортосундагы ажырымды кыскартат.

Жогорудагыларга таянып, эскирген облустук бирдиктердин ордуна рационалдуу башкарууга ылайыкталган оптималдуу административдик-регионалдык бирдиктерди (АРБ) түзүүгө өтүү туура болот.

Би-Би-Си: Мындай сунушуңузга кандай конкреттүү мисалдарды келтиресиз?

Т. Өмүралиев: Мисалга, Нарындагы Долон ашуусунун ары жагындагы Нарын шаары, анын тегерегиндеги Ат-Башы, Ак-Талаа, Нарын райондору чектери эч өзгөртүлбөстөн бириктирилип, Нарын админстративдик регионалдык бирдиги түзүлөт. Ысык-Көл жана Нарын облустарынын жоюу шартында келечекте Жумгалдагы Кара-Кече көмүр кени менен Балыкчы шаарынын ортосунда темир жол тартылышын эске алып, бул экөөнү жана аларга чектеш Кочкор жана Тоң райондорун кошуп бириктирип, үч район жана борбору Балыкчы шаары болгон Ала-Тоо регионун түзүүгө болот. Түп, Аксы, Жети-Өгүз райондорунан борбору Каракол шаары болгон Чыгыш Ысык-Көл региону уюшулат. Жакынкы келечекте Ысык-Көл району эл аралык эс алуу зонасына айлануусун эске алып, аны жалгыз Чолпон-Ата шаары менен гана бириктирип, өзгөчө башкаруудагы Чолпон-Ата регионун уюштуруу максатка жооп берет.

Үчүнчү мисал катары Чүй облусунун чыгыш тарабындагы Ысык-Ата, Чүй жана Кемин райондору жанындагы шаарчалары менен бириктирилип, борбору Токмок шаары болгон Чыгыш Чүй региону уюштурулса, Москва районунан Панфилов районуна чейинки райондук бирдиктердин базасында борбору Кара-Балта шаарчасы болгон Батыш Чүй региону түзүлөт. Бишкектин тегерегиндеги Аламүдүн, Сокулук райондору менен Шопоков шаарчасынын эсебинен Чүйдүн борбордук регионун уюштуруу да майнап берүүчү вариант.

Ош облусунда болсо эли эң көп болгон Кара-Суу районун, Кара-Суу шаарын, Чоң-Алай жана Алай райондорун бириктирип, Кара-Суу регионун уюштурса болот. Ушундай эле, Өзгөн, Кара-Кулжа райондору менен Өзгөн шаары бириктирилген регионду түзүү да максатка ылайыктуу.

Ал эми Жалал-Абад облусунун ордуна кошуна жайгашкан район менен шаарлары бириктирилген мамлекеттик башкаруудагы 4-5 административдик-регионалдык бирдиктерди түзүүгө шарттар бар. Талас облусунун аймагынын чакандыгын жана элинин санын аздыгын эске алып, аны бир эле Талас региону деп атап, болбосо эки регионалдык бирдик түзүүнүн вариантын карап көрсө болот.

Кыргызстандын Батышынын чек аралык маанисин жогорулатып, Лейлек, Баткен, Кадамжай райондорун ичиндеги шаарлары менен кошо бириктирип, өзгөчө башкаруудагы регионду уюштуруу мамлекеттик чек араны бекемдейт.

Буларга кошуп совет мезгилинен бери калкынын саны кескин көбөйүп, шарты такыр өзгөрүлүп кеткен Бишкек жана Ош шаарларынын "кол тийгис" болуп, көрмөксөнгө салынып келе жаткан аймактык түзүлүшүн реформалоо талап кылынат.

Би-Би-Си: Административдик-аймактык реформанын эң башкы максаты мамлекеттик чыгымдарды кыскартуу жана ошол эле учурда натыйжалуу, ийкемдүү башкарууга жетишүү керек эмеспи? Ошол максаттар орундалабы?

Т. Өмүралиев: Буга кыскача жооп бере келгенде, төмөндөгү жүйөлүү далилдерди келтирсе болот.

  • 1. Саясий-укуктук, административдик жана территориялык жагынан алганда, Кыргызстандын мамлекеттик аймактык түзүлүшүнүн терминологиясында биринчи сапар регион, региондун аймагы, регионду өнүктүрүү, регионду башкаруу ж.б.у.с. аттуу чаржайыт түшүнүктөр мыйзамдашып, официалдуу түрдө таанылып, регионалдык маанидеги конкреттүү саясатты жана иш чараларды турмушка ашырууга мүмкүндүк ачат. Мунун негизинде үстүбүздөгү жылдын 27-февралында Президенттин регионду өнүктүрүү боюнча конференцияда региондорду баш аламан өнүктүрүүнү токтотуу керек деп айтканы реалдуу аткарылат.
  • 2. Регионалдык түзүлүшкө өтүүнүн негизинде төрт кабат мамлекеттик башкаруунун облустук деңгээли жоюлуп, "ит итти жумшайт, ит куйругун жумшайт" болгон бюрократиялык мамилелер кыскарып, мамлекеттик бийликтин вертикалы бекемдейт. Кыйла өзгөрүлгөн админстративдик-регионалдык кызматтык системаны толук кандуу иштетүүгө өткөрүү анын укуктук, аткаруучулук жана көзөмөлдүк функция, полномочиелеринин ишке толук ашырылышына жол ачат.
  • Мындай чечкиндүү "операцияга" барбастан, облусту сактап калып, жанаша жайгашкан эки районду бириктирип чоңойтуу тууралуу варианттар мамлекеттүүлүктүн "тилинде" ирилештирүү болуп эсептелип, толук кандуу реформа деп аталууга жатпайт. Ал эми облусту жоюп, ордуна регионалдык түзүлүштү жана башкарууну киргизүү ири масштабдагы уюштуруучулук-укуктук, экономикалык жана территориалдык зор мааниси бар тарыхый чечим жана окуя болуп калат.
  • 3. Регионалдык түзүлүшкө өткөндө анын жаңы башкаруу органдары мамлекеттин кабыл алган регионду өнүктүрүүнүн концепция, программаларын өздөрү тыкыр анализдеп, конкреттештирип туруп, тиешелүү өзгөртүүлөрдү Өкмөт менен макулдашып киргизип, аны аткарууну уюштурууда республиканын, региондогу район, шаар, айыл аймактарынын кызыкчылыктары жана керектөөлөрүн айкалыштырып, алардын ресурстарын, каражаттарын, башка мүмкүнчүлүктөрүн биргелешип, жармакташып чечүүгө реалдуу мүмкүндүк ачылат.
  • 4. Мамлекеттин регионалдык башкаруу органдары облустукуна караганда шаарларга, элдүү конуштарга, жергиликтүү жамааттарга бир топ жакындагандыгы, ал эми райондук акимчиликтерге салыштырмалуу укугу, компетенциясы, мүмкүнчүлүктөрү кенен болгондуктан, жер-жерлердеги ал-абалды өздөрү чукулдан көрүп, билип, баа берүү аркылуу башкаруунун сапатын жакшыртууга, мамлекеттик көзөмөлдү күчөтүүгө кенен мүмкүндүк алат.
  • 5. Мамлекеттин атайын программаларынын эсебинен жансактоого көнүп алган кичи шаарлардын көбү өздөрү терең изденбей, аракеттенбей, кошуна айыл өкмөттөрү, райондор менен тыкыс алакалаш боло албай, моношаар болуп келишүүдө. Регионалдык бийлик уюшулганда ал облуска караганда жергиликтүү калкка жакын болуп, шаарчалардын калкы менен активин "ойготуп", аракеттендирип, кошуна-колоңдору менен жакындаштырып, аларды түрдүү кооперацияларга, ассоциацияларга жана дүйнөдө практикаланган агромелирация бирикмелерин (агромелиорация - сугаруу эмес) түзүүгө багыттап турат.
  • 6. АРБти түзгөндө, Кыргызстандын тарыхында биринчи сапар кадр саясатын реалдуу өзгөртүп, кескин жакшыртууга жол ачылат. Себеби облустук система жоюлганда, андагы жүздөгөн кызматкерлер (алардын ичиндеги бюрократтар, жегич-ичкичтери менен кошо) кызматтарынан бошойт. Албетте бул өтө оор "шоковый операция", бирок мунсуз мамлекеттик кызматтын сапатын жана авторитетин кыска убакытта чечкиндүү көтөрүүнүн жолу жок жана болбойт. Аткаруучулук тартиптин үлгүсү делген Германиянын Канцлери Бисмарк дагы бюрократ-чиновниктерден кутула албай, "мыйзам жаман болсо дагы жакшы чиновниктер менен мамлекетти башкарса болот, бирок чиновниктер жаман болсо эң сонун мыйзам да жардам бербейт" деп айткан эмеспи. Кыргызстанда болсо "жакшы" деген баага татыктуу чиновниктердин аздыгы, мыйзамдардын сапаты төмөндүгү жакшы белгилүү.
  • 7. Регионалдык бирдиктерди башкаруу максатында санариптештирүү жана электрондоштуруга негизделген такыр башка типтеги жана сапаттагы регионалдык башкаруу системасы уюштурулат. Муну ишке киргизүү үчүн мамлекет олуттуу жаңырган кадр саясатын жүргүзүп, регионалдык органдардын жетекчилиги менен жооптуу кызматкерлигине кандидатураларды ар тараптан карап, ичмекей-жемейкейликке, тууганчылыкка жана башка "чылыктарга" малынбагандарды тандап алуунун бузулбас эрежелерин бекитип, пайдаланса болот.
Сүрөттүн автордук укугу Valery Sharifulin

Би-Би-Си: Сиз административдик-аймактык реформадан кандай пайда болорун санап жакшы айтып кеттиңиз. Бирок сиздин модель боюнча облустун ордуна регион түзүлгөн менен, республика мурдагыдай эле 4 кабаттан - борбордон, региондон, райондон жана жергиликтүү бирдиктерден туруп калып жатпайбы?

Т. Өмүралиев: Чынында эле облусту жоюп, регионалдык деңгээлге өткөндө көздөгөн үч кабат түзүлүш даана тургузулмак. Бирок маселе Кыргыз ССРи уюшулгандан бери "былкылдабай" келе жаткан райондук административдик-аймактык деңгээлди жоюу керекпи же жокпу деген проблемага такалууда.

Менин жеке пикиримде, районду жойбошубуз керек. Анткени аймактык-административдик түзүлүштүн деңгээлинде мамлекеттин райондук органдары, мекеме, ишкана, уюмдары жайгашып, калкка керектүү кызматтарды көрсөтүп, тейлеп, мыйзам чегинде тескеп турушат. Ушул аркылуу район мамлекеттик бийликтин жергиликтүү калк, анын жамааттары, граждандары менен катнашунун, мамлекеттик жана жергиликтүү маанидеги маселелерди алакалашып чечүүнүн "зонасынын" ролун ойнойт.

Бирок жаңы регионалдык мамлекеттик бийлик бир тепкичке ылдыйлап, башкаруу объектилерине жакындап калгандыктан, алар региондун аймагындагы мамлекеттик жана жергиликтүү маанидеги маселелерди өздөрү тейлеп-тескеп, көзөмөлдүктү жүргүзгөнгө мүмкүндүк алышат. Мындай шартта, райондук мамлекеттик акимчилик бул функцияларды кайталап калат. Буга жеткизбеш үчүн бийлик чейрек кылымдан ашык убакыттан бери иштөө стилдери жаңыланбай, жеке башкаруу принцибине негизделген райондук мамлекеттик администрациянын канчалык кереги бар деген проблеманы чечүү зарыл. Анткени, район административдик эмес, функционалдык-аймактык бирдикке айлануусу керек. Мунун негизинде Өкмөттүн күч-аракети райондук мекеме, уюмдардынын иштерин жергиликтүү калкты тейлөөнүн жана кызмат көрсөтүүнүн деңгээлин жакшыртууга жумшалат. Бул чараларды регионалдык башкаруу системасына өтүүнүн экинчи этапында турмушка ашыруу туура болот.

Биз сунуштаган республиканын жаңы административдик-аймактык системасы байыртадан бери бабаларыбыз "Босогоң бектүү, Керегең күчтүү, Түндүгүң эптүү болсун" деген улуу батасын жараткан уникалдуу кыргыз "Боз үйүнүн" түзүлүшүнүн (моделинин) турпатына келет. Мында мамлекеттүүлүктүн жаңырган каркасынын "бектүү босогосу" - бул чек арасы бекем мамлекет; "күчтүү керегеси" - мамлекеттин ичиндеги эл жашаган айыл менен шаарлардын аймактары. Жаңы түзүлгөн регионалдык бирдиктер болсо "күчтүү керегеге" байланган "ууктун" ролун аткарып, мамлекеттик бийликтин үч бутагынан турган "түндүктү" тиреп кармап турат. Ал эми райондук аймактык бирдик болсо ушул "күчтүү керегеге" мамлекеттин жаңы түзүлгөн регионалдык бирдиктерин - уугун бириктирип байлаган "кереге чалгычтын" ролун аткарып калат.

Би-Би-Си: Мындай реформаны ишке ашырууга канча убакыт керек болот? Келерки жылы шайлоо болорун эске алганда, бийлик бул ишке тобокелге салып жакында барарына ишенүү кыйын.

Т. Өмүралиев: Менин пикиримде, муну сот реформасындай созбостон, мода болгон "пилотный проект" дегендерге убакыт коротпостон, эки этапка бөлүп туруп уюштурууга мүмкүндүк бар.

Ал үчүн регионду уюштурунун биринчи этабында облустарды жоюну атайын республикалык комиссиянын жетектөөсү аркылуу жүргүзүп, облустук мекемелердин карамагындагы бардык имараттарды, финансылык, материалдык-техникалык базасын ж.б.у.с. жоготпой, талатпай тез арада өткөрүп алууну уюштуруу керек. Ушул эле убакта региондун составына кирип жаткан шаарлардын, райондор жана айыл аймактарынын биринин да чек арасын бузбастан, ээлеп турган жайыттары менен, эч өзгөртбөстөн туруп бириктирүүнү камсыз кылуу зарыл. Мындай принцип сакталганда, регионалдык бирдиктерди түзүү процессин ар кандай талаш-тартыштарга, бөлүп-жарууларга жол бербей, маалкатпай мыйзамдаштырууга шарт түзүлөт. Бул этап убакыт жарым жылдын тегерегинде ишке ашат, регионалдык башкаруу органдарынын жайгашчу имараттарын, кызматтык структурасын, штаттык бирдиктерин түзүү, кадрларды тандоо ж.б.у.с. процедураларга кетет.

Экинчи этапта болсо орун-очок алган регионалдык башкаруу органдары тиешелүү Өкмөттүк комиссиялар менен бирдикте көп убакыттан бери чечилбей, талаш-тартышка түшүп келген жер, жайыттардын чеги сыяктуу чыр маселелерди, ошондой эле айыл аймактарын, айрым райондор менен кичи шаарларды бөлүп, кошуу проблемаларын чечүү ишине киришсе болот.

Тектеш темалар