Токаевдин Бишкекке мамлекеттик сапары: конфликттен жүдөгөн коңшулар

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Сүрөттүн автордук укугу President.kg

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев мамлекеттик сапары менен Бишкекке келди. Президент Жээнбеков Токаевди "Манас" эл аралык аэропортунда тосуп алды.

Казакстан президентинин сапары эки өлкөнүн ортосундагы эки жыл мурдакы дипломатиялык жаңжалдан кийин саясий мамилелер жакшыра баштаган учурга туура келүүдө.

Расмий Бишкек казак президентинин мамлекеттик сапары эки тараптуу мамилелердин эң жогорку саясий деңгээлинде өтө турганын билдирип жатат.

Токаевдин Бишкектеги мамлекеттик сапарында чек ара, транспорт, миграция, саламаттык сактоо жана башка тармактар боюнча кызматташтыкты өнүктүрүү жөнүндө документтерге кол коюлат.

Андан сырткары, бешинчи кыргыз-казак мамлекет аралык кеңештин бешинчи жыйыны болот. Бул беш жылдан бери биринчи болуп жаткан жыйын. Анын бир топ жылдан бери өтпөй келген себеби Атамбаев Кыргызстанды башкарып турган учурда эки өлкөнүн башчыларынын жеке мамилелери салкындап кеткенинен болду дешет.

Сүрөттүн автордук укугу President.kg

Эки өлкөнүн ортосундагы саясий мамилелер азыр жакшы болуп турган учур. Кыргыз президенти Жээнбеков Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаев менен да, президент Токаев менен да бардык жагынан мамилени бекемдегендин үстүндө келатат. Жээнбековдун экс-президент Атамбаевдин таасиринен кутулганы Нур-Султандын саясий мүдөөсүнө да төп келди.

Жээнбеков президент болуп шайланып жаткан убакта экс-президент Атамбаев Назарбаевди Кыргызстандын ички ишине кийлигишип жатканы үчүн курч сынга алып, ошол себептүү эки коңшу өлкөнүн саясий мамилеси дипломатиялык жаңжал чыгып кеткени белгилүү.

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Чек арадагы жоюлбаган тоскоолдуктар

Ошол эле убакта кыргыз тараптын коңшусуна чек арадагы тоскоолдуктар боюнча дооматы азыр да бүтө элек. Кыргыз ишкерлеринин товарын казак чек арачылары өткөрбөй койгон учурлар утур-утур болуп жатат. Казак тарап өз кезегинде коңшусунун чек арасында бажы көзөмөлү жакшы иштебей, аткезчилик тыйылбай жатканын жүйө тартып келатат. Казакстан менен болгон чек арадагы тоскоолдуктар жөнүндө Бишкек 2017-жылы ЕАЭБке жана Дүйнөлүк соода уюмуна чейин арызданган эле.

Атамбаевдин убагында ЕАЭСке кирүү процессине жардам катары Казакстан убада кылган 100 млн доллардан Кыргызстан баш тартып койгону белгилүү. Бишкек "бербестин ашы бышпас" деп нааразы болуп, чек арадагы ветеринардык жана фитосанитардык лабораторияларды өзүнүн каражатына бүткөрө турганын билдирген. (КС)

Тектеш темалар