ЕАЭБдеги Кыргызстан: өйдөлөгөн жашоо, басмырлаган мамиле

Кыргызстан ЕАЭБке киргенинин пайда-зыянын эсептеп, жыйынтыгын чыгарууда. Ушул жылы августта тоолуу чакан ѳлкѳнүн чоӊ экономикалык бирикмеге киргенине тѳрт жыл толду. Ушул убакыт ичинде кѳп кѳрсѳткүчтѳр боюнча жылыштар менен катар Кыргызстанга бирикменин ичинде дискриминациялык мамиле дагы болбой койгон жок.
Жакшы динамика
Кыргызстандын ЕАЭБдеги тѳрт жылдык жашоосунун оӊ-терс натыйжалары Бишкекте башталган чоӊ конференцияда талкууланды. Өкмөт экономикада ѳсүш жылына тѳрт пайыздан кем болбой келатканын, баалардын ѳспѳгѳнүн, экспорттун кѳбѳйгѳнүн, инфляциянын тѳмѳнкү деӊгээлин, сооданын оӊ динамикасын жүйө тартууда.
"Экономикадагы жакшы динамика барган сайын күчөп баратат",-деди вице-премьер-министр Замирбек Аскаров.
Жаӊы бирикмеге кошулгандан бери Кыргызстанда ИДП жан башына кѳрсѳткүчү номиналдуу алганда 22% ѳстү. Кээ бир аналитиктер болжоп айткандай, керектѳѳ баалары 20% ѳсүп кеткен жок. Инфляция кеминде 9% кем болбойт деп күтүшкѳн, иш жүзүндѳ анын жылдык кѳрсѳткүчү 3% жетпеди.
"Макроэкономикалык туруктуулукту сактап калдык. Кире электе канча эксперттер коркутту эле азыр кирсек оңбойбуз, жоголобуз, инфляция аябай өсөт деп. Бирок мына ИДП өстү, орточо өсүш темпин карасак 4,1% түздү. Салыктык кирешелер эки эсе өстү", -дейт экономика министринин орун басары Элдар Алишеров.
"Акыйкат мамиле эмес"
Ошол эле убакта ЕАЭБдеги тоскоолдуктар, дискриминациялык жүрүштѳр жѳнүндѳ нааразы кеп дагы болуп жатат. Сырттан кирген автоунааларга жеӊилдик мѳѳнѳтү Армения үчүн узартылса, Кыргызстан үчүн уруксат болбоду. Казакстан алгандай көп жеңилдик Кыргызстанга берилбеди. Мындай басмырлоого баш ийбей, бул бирикмеден чыгып кетүү жѳнүндѳ чакырыктар ѳлкѳнүн парламентинин ѳзүндѳ айтылууда.
"Бөрүбай протоколу боюнча Казакстандын төрт миңден ашык товарларынын пошлинасы бизге караганда азыраак. Анын жанында биз конкуренция кыла албайбыз. Бул Евразия экономикалык бирикмесинин Кыргызстанга акыйкат мамилеси эмес. Экинчиден, Кыргызстандын чек арасы жабылганда көрдүк. Маселе экономикалык-укуктук талаада чечилген жок. Саясий чечим кабыл алынды. Бул да өкүнүчтүү. Канча кыргыздын товары өтпөй, канча ишкер күйүп кетти. Тариф саясатына келгенде Дүйнөлүк соода уюмунун тарифтерин колдонуш керек болчу. Бизде кээ бир өлкөлөр өзүнө ыңгайлуу жерде ДСУнун тарифтерин колдонот, ыңгайсыз жерде ЕАЭБдикин колдонот",-деди Жогорку Кеӊештин депутаты Каныбек Иманалиев.
Кыргызстан ЕАЭБге киргени элдин жашоо деӊгээлине кандай таасир этти деген дагы суроо бар. Жакырчылык деӊгээли тѳрт жылда 32 пайыздан 22 пайызга түштү. Эмгек акынын кѳлѳмү 2010-жылга салыштырганда эки жарым эсеге жакын ѳстү.
Ал эми Россияда жүргѳн кыргызстандык эмгек мигранттарынын саны 2018-жылдагы маалымат боюнча 663 миӊ, Казакстанда 150 миӊ чамал болуп жатат. Мигранттар которгон акчанын кѳлѳмү ѳткѳн жылы 2,7 миллиард доллар болду.
"Чоң Евразиянын" кичине Кыргызстанга мүмкүнчүлүктөрү
ЕАЭБ менен Кытайдын ортосунда башталган кызматташтык деӊиз жолдорунан алыс, темир жолдору жок, географиялык туюкта турган Кыргызстан үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү алып келчүдөй. Кытай менен Орусиянын лидерлери «Чоӊ Евразия» деп аталган мегадолбоорду баштап жатышканы белгилүү. Кытайдын чоӊ долбоорлоруна кошулуу Кыргызстан үчүн транспорттук-транзиттик инфраструктураны ѳнүктүрүү үчүн маанилүү болмокчу. Бирок Кытайга каршы маанайдын күч алып жатканын эске алганда, бул жолдо дагы ѳзүнчѳ тайгак ашуулар кѳп болот ѳӊдүү.