"Мен эми намыстанбайм". Жөлөк пулга жетпеген эненин арманы

Нүргүл балдары менен
Image caption Нүргүл балдары менен

Кыргызстанда балдардын 32%пайызы жакырчылыкта жашайт. Бирок алардын жарымы дагы жөлөк пул албайт. Себеби, алардын ата-энелери үчүн жөлөк пулга жетүү абдан машакаттуу иш.

Чындап жакыр үй-бүлөлөргө өлкөдө жөлөк пулдар жеткиликтүү болбой жатат.

Нүргүл чиедей үч баласы менен Ак-Босого жаңы конушундагы жер кепеде жашайт.

Image caption Нүргүлдүн кышка да камы жок болуп жатат

Күйөөсү оруудан каза таап, өзү иштебейт. Балдары тое тамак жебей, жашап жаткан үйүн да ижара алган.

Тууган-туушкан, кошуналардан жардам бирде бар, бирде жок.

"Буга чейин Ак-Бата жаңы конушунда турат элем. Пособие алайын деп барсам шаарда учетуң жок дешкенинен туулган жерим Нарынга баргам. Ал жакта эми азыр бул жакта жашабасаң, кантип беребиз дешкен. Комиссия текшерет дешип, анан ошол бойдон калып кете берди",- дейт Нүргүл.

Ал жалгыз бой энеге үч баланы багыш оор болуп жатканын айтты. Андыктан намысын жыйыштырып, балдарын кайыр сурап болсо да багууга даяр.

Кор балалык

Кыргызстанда ар бир үчүнчү бала жакырчылыкта күн кечирет.

Кедей үй-бүлөлөрдө жашаган балдардын саны 800 миңге чамалайт, бирок алардын 289 миңи гана жөлөк пул алат.

"Жөлөк пул алуудагы эң эле биринчи тоскоолдук - талап кылынган документтердин көптүгү. Жөлөк пул алам деген киши жыйырмага жакын кагаз чогултушу керек. Киши бир справканы алып, экинчиси чогулткуча береги справкасыныны мөөнөтү бүтүп калат экен. Ведомство аралык маалымат алмашуу деген жок. Эмгек менен камсыз кылуу кызматы Социалдык өнүгүү министрлигине карайт. Бирок министрлик маалыматты кызматтан алып койбой, элди кайра ага жолдойт", -деди балдардын укугун коргоочу Наталья Шипп.

Кыргызстанда атайы жумушчу топ "Үй бүлөгө көмөк" жөлөк пулдары канчалык жеткиликтүү иликтеп чыгышты.

Жыйынтык - Кыргызстан чындап жардамга муктаждар үчүн жөлөк пулдар жеткиликсиз болууда.

"Акча көбөйөт"

Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров ушу тапта Кыргызстанда 1 миллион 429 миң жаран жакыр экенин айтат. Алардын балдары жөлөк пулга муктаж.

"Биз азыр андай балдардын 312 миңин гана жөлөк пулдар менен камсыздап жатабыз. Ошондо биз андай үй бүлөрдүн 40,6% гана жөлөк пул менен камсыздап атабыз. Биз дагы көп балдарды камсыздашыбыз керек, кыла турчу иштерибиз бул жаатта көп", -дейт министр.

2020-жылы Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигине бюджеттен 11,54 миллиард сом каралууда. Быйыл аталган министрликке 1 миллиард 200 миллион сомго аз акча бөлүнгөн.

Тектеш темалар