Трамптын Ооганстанга күтүүсүз сапары

Трамп Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Америкалык президенттин Ооганстанга алгачкы сапары алдын ала жарыяланбай туруп жасалды

АКШ президенти Дональд Трамп күтүүсүз жерден Ооганстанга келди. Алды менен бул жакта кызмат өтөп жаткан америкалык аскерлерге жолугуп, "Ыраазычылык күнү" менен куттуктады.

Америкалык президенттин Ооганстанга алгачкы сапары алдын ала жарыяланбай туруп жасалды.

Андан кийин Трамп ооган президенти Ашраф Гани менен жолукту. Сүйлөшүүлөрдөн кийин журналисттерге маалымат берип жатып, Трамп "Талибан" кыймылы тынчтык келишимин түзүүгө умтулуп жатканын айтты.

"Сүйлөшүүлөрдүн баары ок атышуу токтотулган абалда жүрүшү керек. Алар ок атышууну токтоткусу келген эмес. Эми алар ок атышууну токтотууга каалоосу бар экенин айтышты. Менимче, бул ишке ашат деп ишенем",-деди Трамп.

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Сүрөттүн автордук укугу AFP
Сүрөттүн автордук укугу AFP
Сүрөттүн автордук укугу Reuters

АКШ президентинин иш сапарынан бир апта алдын талиптер туткундарды алмашуу боюнча сүйлөшүүлөргө жетишкен. Ушунун өзү жарашуу боюнча сүйлөшүүлөрдүн кайра жанданышына себеп болуп калышы мүмкүн дейт эксперттер.

Ооганстанга сапары учурунда Дональд Трамп АКШ бул өлкөгө аскердик кийгилишүүсүн кыскарта турганын айтты.

Учурда Ооганстанда 13 миң америкалык аскер бар. АКШ аскерлери Ооганстанга 2001-жылдагы 11-сентябрь окуяларынан кийин кирген.

АКШ менен талиптер ортосундагы сүйлөшүүлөр Трамптын чечими менен токтотулган. Буга Кабулдагы жардыруу себеп болгон. Жардыруудан бир америкалык аскер кызматкери каза тапкан. Талиптер дагы ооган өкмөтүн легитимсиз деп эсептеп, сүйлөшүүдөн баш тартууда.

Ноябрда талиптер 2016-жылы барымтага алынган америкалык Кевин Кингди жана австралиялык Тимоти Уиксти бошотту. (AbA)

Тектеш темалар