Тергөө шалаакылыгы: 36 жылдан кийин акталып, абактан чыккандар

The three men pictured following their release Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Алфред Честнат, Андрью Стуарт жана Рамсон Уаткинс өспүрүм кезинде соттолгон

АКШнын Мэриленд штатында адам өлтүрүү беренеси боюнча абакка кесилген үч адам 36 жылдан кийин эркиндикке чыкты. Сот жаңы далилдерди карап, аларды актады.

Алфред Честнат, Андрью Стуарт жана Рамсон Уаткинс 1984-жылы 14 жаштагы баланы өлтүрдү деп айыпталып, өмүр бою эркинен ажыратылган.

Жылдын башында Честнат жаңы далилдерди таап, Балтимор жаза аткаруу кызматына жөнөткөн. Ошондон улам кылмыш иши кайра каралып, дүйшөмбү күнү сот аларды актады.

Честнат, Стуарт жана Уаткинс 1983-жылы ДеУитт Дакетти мектепке баратканда мойнуна атып өлтүргөн деп айыпталган эле. Бул окуя жаңылыктардын башкы сабында туруп, кызуу талкуулар жүргөн.

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Алфред Четснат эркиндикке чыккандан кийин дароо энесин кучактады

"Полиция жана прокуратуранын шалаакылыгынан улам үч киши бала кезинде эле камакка алынган. Тергөөчүлөр өспүрүм балдарды кысымга алуу аркылуу көрсөтмө алып, 16 жаштагы үч афроамерикалык баланы камашкан",-деди адвокат Мэрилин Мосби.

Прокурорлордун айтымында, полиция айрым көрсөтмөлөргө жана күбөлөрдүн окуя болгон жерде шектелген үч өспүрүм болгон эмес деп айтканына көңүл бурбай койгон.

"Бүгүн жеңишке жеттик деп айта албайм. Тескерисинче, бул окуяны трагедия деп атайм. Кемчиликтерди моюнга алышыбыз керек",-деди Мосби.

Көңүл бурулбай калган көрсөтмөлөрдө башка адамдын ысымы айтылган, күбөлөр дагы дал ошол адам окуя болгон жерде жүргөнүн белгилешкен. Ал 2002-жылы каза тапкан экен.

Кылмыш ишиндеги документтерге мөөр басылып, архивге жөнөтүлгөн болчу. Бирок Честнат өткөн жылы коомдук документтерди карап чыгууга уруксат алган.

Уаткинс болсо, басма сөз жыйынында "күрөш токтой элек, жакында биздин атыбызды кайрадан угасыңар" деп айтты.

Тектеш темалар