Энергетиктер иши: Сапар Исаков менен Айбек Калиев 15 жылга соттолду

Бишкек ЖЭБдеги коррупция боюнча сот отуруму Сүрөттүн автордук укугу Official
Image caption Сапар Исаков соттун башынан аягына чейин ага коюлган күнөөлөрдү саясий куугунтук деп атап келди.

Бишкек ЖЭБдеги коррупция жөнүндө сот өкүмү чыкты. Экс-премьер-министр Сапар Исаков 15 жылга эркинен ажыратылып, мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратылып, мүлкү конфискацияланмай болду.

Сот Бишкек жылуулук борборун Кытайдан алынган кредитке модернизациялоо ишинде коррупция жана кызмат абалынан кыянат пайдалануу түрүндө кылмыштар болгон, анын натыйжасында мамлекетке беш миллиард 439 миллион сом зыян келген деп тапты. Мурунку өкмөт башчы Сапар Исаков кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чаап, подрядчикти тандоо, келишимдин баасын бекитүү жана ага кол коюу маселесин түздөн түз чечип, аларды ишке ашырганы аныкталып, далилденди деп корутунду чыгарды.

«Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурунку башчысы Айбек Калиев 15 жылга эркинен ажыратылды. Мурунку өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев кызмат абалынан пайдалануу боюнча күнөөлүү деп табылып, жети жарым жылга, «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов 11 жыл үч айга түрмөгө кесилди.

Мурдакы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев менен мурдакы финансы министри Ольга Лавровага акчалай айып салынды.

Сүрөттүн автордук укугу Official
Image caption 600 доллардык аттиштер 2018-жылдын башында кызуу талкууланган

100 миллион сом

Жарыш сөз мезгилинде мамлекеттик айыптоочу «Коррупция» беренеси боюнча Артыкбаевдин күнөөсү далилденбегендигин баса белгиледи. Ошол негизде ага коюлган күнөөнү «Кызмат абалынан пайдалануу» беренесине алмаштырууну өтүндү. Ошондой эле ага 5 млн.сомду мамлекеттин пайдасына төгүү жазасын чегерүүнү жана сот залынан бошотууну сураган.

26-ноябрда Артыкбаевдин туугандарынын бири Башкы прокуратуранын бирдиктүү эсебине 100 миллион сом алып келип салганы жарыя болгон. Бул каражаттар «Электр станциялары» ишканасы Эксимбанктан алган насыяны жабууга жумшалат.

Сүрөттүн автордук укугу Akipress
Image caption Осмонбек Артыкбаев сот залынан бошотулду

Мурдакы министрдин жактоочусу Рабига Садыкованын айтымында, Бишкек ЖЭБин модернизация кылуу жөнүндө чечим Артыкбаев министр болуп дайындалганга чейин эле жогорку деңгээлде кабыл алынган.

Анын үстүнө, Артыкбаев Бишкек жылуулук борборунда модернизация иштери башталганга чейин эле кызматынан кеткен. Анын бизнеси мамлекеттик кызматка келгенге чейин эле, 1995-жылдардан баштап түптөлгөн экен.

Соттук отурумдарга Осмонбек Артыкбаевди коляска менен алып келип жатышты, анткени ага өз алдынча басып келүүгө оор болду. Ал бир жыл ичинде эле эки ирет кыр аркасынан операция болду.

"Саясий куугунтук"

Сапар Исаковдун адвокаттары сот өкүмүн "саясий куугунтук" деп аташты. Алардын айтымында, сотто кылмыш далилденген жок.

"ЖЭБди модернизациялоодо эч кандай кылмыш жок. Тескерисинче өлкөгө пайда болду. Бир да адамдын күнөөсү жок. Сегиз адамдын баарын кое бериш керек эле. Төртөөн кое бергени жакшы. Бирок, менин жеке оюм, төртөө да жөн чыккан жок. Бир топ акчаны жумшап чыгышты. Бирөөн да жөн кое беришкен жок. Коррупция болду деп элге көрсөтүш үчүн болду. Биринчи максат Сапар Исаковду отургузуу болчу",-деди мурунку өкмөт башчынын адвокаты Замир Жоошев.

Тергөө материалдары боюнча, ЖЭБди жаңылоо убагында "жумурга кеткен" акчалардын жалпы суммасы 111 миллион доллар (же беш жарым миллиард сомго) чукул болуп жатат.

"Бул сумманы эксперттер аныкташкан. Алардын корутундусуна ылайык, ЖЭБ 275 миллион сомго эле жаңыласа болмок экен. Эгер ошол сумманы биз 300 мегаваттка бөлө турган болсок, ар бир мегаВатт үчүн бир миллион долларга жетпеген акча чыгып атат. Чындыгында ЖЭБдеги ар бир мегаватт 1 миллион 287 миң долларга бааланып, орусча айтканда, "под ключ" курулган. Борбор Азиядагы бааларга салыштырмалуу бул абдан жакшы баа болгон. Эксперттердин бурмаланган корутундусунан тышкары , ошол баада ЖЭБди жаңылоого мүмкүн болгон деген бир да расмий документ жок", -дейт Замир Жоошев.

Сүрөттүн автордук укугу Official
Image caption ЖЭБ иши боюнча эки экс-премьер-министр, эки экс-министр, энергетика тармагынын бакандай төрт жетекчиси соттолду.

Сапар Исаков өзү дагы ЖЭБ боюнча ага коюлган айыптардын баарын четке кагып, аны саясий куугунтук деп атаган эле.

Бул кылмыш иши боюнча тергөө материалдары 53 томко тигилип, ишти кароо дээрлик он айга созулду.

Былтыр кыштын кыраан чилдесинде, январь айында Бишкек жылуулук борборунда техникалык кырсык болуп, шаардыктар бир жума бою үйлөрү жылыбай, үшүп чыгышкан.

Анын себептерин иликтей келгенде ЖЭБдеги от казандардын эле иши эмес, модернизациялоого алынган 386 миллион долларлык кредиттин пайдаланышына байланышкан дагы көп кыңыр иштер ашкере боло баштады. Кредиттин эсебинен алынган 600 долларлык аттиш менен 14 миң долларлык видео камералар элдин оозун ачырып, кыжырын келтирген өзүнчө бир сенсация болуп калды.

Жогорку Кеңеш Бишкек ЖЭБдеги кырсыктын себептерин өзүнчө иликтеп чыккан эле. Депутаттык комиссия өзүнүн корутундусунда Бишкек жылуулук борборун модернизациялоого Кытайдан алынган 386 миллион доллар кредит ысырап пайдаланылган, ошондуктан мурдакы өкмөт башчыларынын жана энергетика тармагын башкарган жетекчилердин жоопкерчилигин кароо керек деп билдирген. (КС)

Тектеш темалар