Рамис Мамбеталиев: Кумтөрдө жер көчкү жүргөн аймак кооптуу экени алдын ала айтылган

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Би-Би-Си "Кумтөр" ишканасынын профсоюздар уюмунун төрагасы Рамис Мамбеталиевге кайрылды.

Кумтөр алтын кенинде эки кызматкерди - бульдозердин айдоочусу менен түнкү нөөмөттүн кезекчисин издеп, таппай жатышат. Алдын ала маалыматтарга караганда, алар жер көчкүдө калган болушу мүмкүн.

Би-Би-Си "Кумтөр" ишканасынын профсоюздар уюмунун төрагасы Рамис Мамбеталиевге кайрылып, окуянын чоо-жайын сурады.

Р. Мамбеталиев: 1-декабрда таңкы алтыга жакын жер көчкү жүрүп кеткен экен. Биздин эсептөөлөр боюнча он эки миллион куб деп атабыз. Бул кеминде отуз миллион тонна топурак. Учурда кырсык болгон жерде элүүгө жакын ӨКМ кызматкери жүрөт. Так санын ала элекпиз, жаңылары да келип атышат. Мындан тышкары "Кумтөрдө" иштеп аткан кызматкерлерден төрт самосвал, үч экскаватор, эки погрузчик издөө иштерине тартылды. Бардыгы болуп алтымыш-жетимиш киши издеп атышат. Жыйынтыгы жок болууда. Издөө иштери үч топко бөлүнүп, ӨКМ көзөмөлүндө жүрүп жатат.

Азыр дайынсыз болуп жаткандардын бир туугандары, ата-эне, аялдары, балдары кенге келишти.

Сүрөттүн автордук укугу Social media
Image caption Кумтөр кенинде кырсык болгон аймак

Би-Би-Си: Дайыны чыкпай аткан эки адамдын өздүгү тууралуу бүгүн өкмөт маалымат берди. Сиз да тактап коесузбу, алар кимдер экенин?

Р. Мамбеталиев: Жоголгондордун бири Өмүрбек Ишенбеков мастердин жардамчысы экен. Ак-Суудан экен. Экинчиси - Жолдош Жунушев, ал болсо Тоң районунун Темир-Канат айылынан экен. Экөөнүн тең иштеп жаткандарына он жылдын тегереги болуп калыптыр. Тажрыйбалуу кызматкерлер болушкан.

Би-Би-Си: Ал жакта кырсык болгонбу же коопсуздук чаралары эске алынган эмеспи? Эмне болгону белгилүү болдубу?

Р. Мамбеталиев: Жетекчилик ал жакта кырсык болгонун айтып жатат. Ал эми кызматкерлер болсо, ал жер кооптуу экенин алдын ала айтканбыз, маалымдама берип, эскертип турганбыз дешүүдө. Азыр эми териштирүү иштери жүрүп жатат. Негизи бул жерде жер кыймылдап турат, кеминде суткасына жыйырма беш сантиметрдей. Бирок кызматкерлер жер эки жарым метрге чейин жылып кеткенин айтып жатышат. Мамлекеттик экотехинспекция азыр съемкалардын барын карап, териштирилип жатат.

Би-Би-Си: Кумтөрдө өндүрүш токтогону айтылып жатат. Азыр ал жакта иш кандай болуп атат?

Р. Мамбеталиев: Алтын куючу фабрика иштеп атат. Карьерде иш токтоду, экскаватор, самосвалдар токтоп турат. Алардын он пайыздайы эле иштеп жатат, механиктер гана иш алып барууда.

Би-Би-Си: Кенде 2016 жана 2017-жылдары адам өлүмү менен кырсыктар катталыптыр. Былтыр мындай окуялар болгон эмеспи?

Р. Мамбеталиев: 2018-жылы кырсык катталган эмес. Быйылкы жыл үчүн бул биринчи ушундай кырсык болуп жатат.

Би-Би-Си: "Кумтөр" ишканасы издөө иштерине тартылдыбы?

Р. Мамбеталиев: Кечээ күнү кенде иштеген бир миңге жакын киши чогулуп, күрөк менен болсо да казып жардам берели дешти. Баарыбыз чыгып, жапа тырмак казалы деп. Бирок он эки миллион куб деген чоң тоо да. Ал дагы деле жылып атат, кыймылы токтой элек, андыктан дагы балдардан жоготуп ийбейли деп, ӨКМ уруксаат бербей жатат.