"Кумтөр" кенинде жоголгон эки жумушчуну издеп жатышат

Кумтөр кени

Кыргыз өкмөтүнүн расмий билдирүүсүнө караганда, "Кумтөр" алтын кенинде эки кызматкерди - бульдозердин айдоочусу менен түнкү нөөмөттүн кезекчисин таппай издеп жатышат. Алдын ала маалыматтарга караганда, алар жер көчкүдө калган болушу мүмкүн.

Кумтөр кенинде өндүрүш иштери токтотулуп, жекшембиден бери дайынсыз эки жумушчунун өздүгү такталды.

Тоо кен бөлүмүнүн мастери О.Ишенбеков жана бульдозер машинисти Ж.Жунушовду издөө иштери уланууда.

Өкмөт бүгүн кендеги кырсыктын чоо-жайы тууралуу маалымат таратты.

"1-декабрда таңкы 5:43тө Лысый жээк өрөөнүндөгү кендин үйүлгөн жараксыз катмары кескин түрдө жылган. Ошол учурда аймакта тоо кен өндүрүшү бөлүмүнүн операторлору иштеп жаткан. Тоо кен бөлүмүнүн мастерлери диспетчерлерге үйүлгөн катмардын жылганы тууралуу маалыматты бергенден кийин, токтоосуз тоо кен өндүрүшү бөлүмүнүн бардык кызматкерлерине коопсуз аймакка эвакуациялоо тууралуу сигнал берилген.

Өндүрүштөгү зарылчылыкка байланыштуу токтоосуз эвакуациялоо тууралуу сигнал түшкөндөн кийин коопсуз аймакка алып чыгуу максатында тоо кен бөлүмүнүн мастерлеринин бири О. Ишенбеков Форд пикап үлгүсүндөгү кызматтык унаа менен көтөрүлүп, бульдозердин машинисти Ж. Жунушовду алып чыгышы мүмкүн. Бирок тоо кен өндүрүшү бөлүмүнүн эвакуацияланган кызматкерлери чогулган жерде О. Ишенбеков жана Ж. Жунушов жок болуп чыккан, алар рацияга да жооп берген эмес", -делет бул тууралуу расмий маалыматта.

Жекшембиде премьер-министрдин тапшырмасы менен жеринен абалды билүү үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын кызматкерлери Кумтөр кенине жөнөп кетишкен.

Андагы маалыматка караганда, өкмөт башчы Кумтөр кенинде жоголгон жарандарды издөө боюнча зарыл болгон бардык чараларды көрүү тапшырмасын берди.

Кумтөр дүйнөдөгү эң ири он алтын кендин катары кирет. Бул кен Кыргызстандын бюджетин толтуруучу эң чоң ишкана болуп саналат.

Image caption Кумтөр кенинде өндүрүш калдыктары үстүнө төгүлгөндүктөн килейген мөңгүлөр эрип жатканын эколог адистер аныктап чыккан

Кендеги алтын казуу, өндүрүштү башкаруу жана финансы-чарбалык иштеринин баарын "Центерра" компаниясы өзү жүргүзөт.

Август айында эле кыргыз өкмөтү менен "Центерра" экологиялык стратегиялык жаңы келишимди бекитишкен. Кыргыз өкмөтү жаңы келишим боюнча экологиялык жана социалдык төлөмдүн суммасын мурдакы 87 млн доллардан 150 млн долларга чейин көбөйтүүгө жетишкенин билдирген.

Ошол эле убакта бул келишимде кыргыз тарап мурдакы миллиарддаган суммадагы экологиялык доолордон баш тартканы үчүн өкмөттү сынга алып жатышат.

Жогорку Кеңеш 2013-жылы парламенттик комиссия жиберип, "Кумтөр" долбоорун текшерип, "Центерра" менен негизги макулдашууну коррупциялашкан долбоор деп тааныган. (КС)

Тектеш темалар