Зомбулукка кабылган аял жардам сурагандан тартынбаш керек

Алтын Капалова Сүрөттүн автордук укугу Facebook
Image caption Алтын Капалова

"Жаңы үйлөнгөндө эмес, кийинчерээк, эки-үч жылдан кийин башталган. Аял зомбулукка кантип кабылып, кантип анын борборунда жашап калганын өзү билбей калат. Ага кирип кеткенден кийин өзүңдү куткарып чыгуу кыйын болуп калат", - деди жолдошунан көргөн кордугун баяндаган Алтын.

Капалова балдарга китеп жазат, социологиялык изилдөөлөрдү жасайт жана коомдогу түрдүү маселелерге оюн ачык айткан блогер катары бергилүү.

Мындан бир жылдай убакыт мурун Фейсбуктагы баракчасына үйүндөгү зомбулук тууралуу жазган.

Ал мурдагы жолдошу менен жашап жүргөн учурун баяндаган:

"Түнү менен ыйлагандан кийин мен жумушка көп эле бети башым шишип келчүмүн. Кесиптештер бир нерсе болгонун түшүнүп турса да, эч ким киришчү эмес. Ошондуктан мен азыр көк-ала болгон же көңүлү өтө чөккөн аялды көрсөм тартынбай эле жардам кереги жокпу деп сурайм".

Эч бир себеп зомбулукту актабайт

Капалованын узун блогунун дагы бир үзүндүсү мындай:

"Ал мени уруп жатканда өзү да түшүнбөй калат деп ойлочумун. Өзүм аябай кыйналып турсам дагы аны аяп, ар кандай ойлор менен актаганды токтоткон жокмун. "Ал өзү кыйынчылыкта чоңойду. Апасын атасынан коруп жүрүп өзү да зомбулукка кабылган" деп жүрдүм".

Жазуучунун бул посту көп окулуп, көп адамдар комментарий жазды. Ал постто биринчи жолу жашырбай ачык айтып жатканын, бирок мурунку жашоосун эстөө ал үчүн оор экенин, андыктан бул тууралуу башка сүйлөшпөй турганын кошумчалаган.

Сүрөттүн автордук укугу Empics
Image caption Ноябрдын этегинде аялдарга каршы зомбулукту токтотуу боюнча дүйнөдө бир катар акциялар өттү

Ага карабай аялдарды зомбулуктан коргоонун 16 күндүгүндө Капалова Би-Би-Сиге бул боюнча айтып берүүгө макул болду. Жеке жашоосун майда-чүйдөсүнө чейин жазып чыгуу себеби да аялдарды өзүн өзү коргоого, жардамга кайрылууга үндөө болчу.

"Ошол постту чыгаргандан кийин мага көп аялдар жазды. Баарынын окуясы окшош башталган. "Жакшынакай эле жашап жаткам, анан уруша баштадык же бир урду эле башында мейли, бир жолу эч нерсе болбойт, жашоодо боло берет дедим. Кийин кандай сүйрөп сабаганга жеткенин билбей калдым" деген бирдей сценарийди айтышат. Эмне себептен мындай? Анткени биз эркек баланы кичинесинен бирөөнү урганда тыйбайбыз, балам кыйын деп көндүрөбүз. Ал эми кыздарды өзүн коргогонго үйрөтпөйбүз. Катуу күлсө, сен кызсың, акырын күл, чуркаса акырын бас, кызсың дейбиз. Ошондуктан кыздар басынууга, эркектер үстөмдүк кылып көнүп калат", - деди Капалова Би-Би-Сиге маек куруп жатып.

2018-жылы үй-бүлөдөгү зомбулук боюнча 369 кылмыш иши ачылган, алардын төртү адам өлтүрүү боюнча. Бул 2016-жылга салыштырмалуу эки эсе жогору. Үй-бүлөдөгү зомбулуктун курмандыгы көбүнчө аялдар.

Кайгыны бөлүшүп азайт

Капалова ачык айтуу маселени жоюуга жардам берет дейт:

"Канча көп аял айтып чыкса, зомбулукка каршы күрөшүбүз ошончулук күчтүүрөөк болот. Мен мына ошондуктан ачык жазып чыктым. Көп аял үйдө көргөн кордугун айтуу уят деп ойлойт. Мен дагы ошондой баскычтан өткөмүн. Кээ бирлери өзүн күнөөлүү сезет. Бирок кандай айыбың болбосун токмоктогонго акысы жок ".

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Брюсселдеги акция, 24-ноябрь, 2019

Капалова аялдарды кыйноодон чыгууга жардам сурап кайрылгыла дейт:

"Үйдө такай зордук көрсөң, аң-сезимиң тескери иштеп, көп нерсени даана түшүнбөй каласың, эмне болуп жатканын билбей каласың. Тегерек четте андай көрүнүштөр көп болгондуктан жашоо ушу экен да деп жашай бересиң. Мындай абалдан өзүңдү алып чыгыш кыйын. Ошондуктан биздин өкмөт, тиешелүү мекемелер да кайдыгер болбош керек".

БУУнун Аялдар түзүмү 2015-жылы сурамжылоого катышкан аялдардын 28,6 пайызы чогуу жашаган эркек кишиден акыркы он эки айда жок дегенде бир жолу зомбулук көргөнүн билдирген дейт. 15-49 жаш аралыгындагы кыз-келиндердин ар бир төртүнчүсү үй-бүлөдө зомбулукка кабылган.

Бул сурамжылоого катышкан эркектердин 50 пайызы аялды урбаш керек десе, аялдардын 66 пайызы аялдарды урганга болбойт деген оюн айткан. Аялдардын калган 34 пайызы менен эркектердин 50 пайызынын пикири кандай болгону кызык. Ошондой эле эркектердин 33 пайызы акыркы он эки айда аялына зомбулук көрсөтпөгөнүн айткан.

Зомбулук - бул, бир эле денесине залака келтирүү эмес. Аялдарга экономикалык, психологиялык да көрсөтүлөт.

"Үйдө акчаны эркек киши таап же кайындарына көз каранды болуп, кирешеси жок отурса - бул аялга экономикалык басым болуп саналат. Үйдө көбүнчө акча тең бөлүштүрүлбөй, келиндин кызыкчылыгы эске алынбай калат. Кечке эле жемелей берсе, үйүңө жеткирип коём деп коркута берүү - бул психологиялык зомбулук. Кыз төрөлсө атын Уулболсун деп коюп жатканын өзү эле зомбулук, ошол ымыркай кызга төрөлгөндө эле биз сени күткөн эмеспиз деп жатат. Деги бизде зомбулук деген көп, болгону бизге ал көнүмүш адаттардай сиңип калган", - деген оюн бөлүштү Капалова.

Капалова өзү менен маектешип отурган он беш аял "кимдин күйөсү кол көтөргөн" деген суроого баары урат деп жооп берген окуяны мисал келтирди.

Image caption Аялдардын укугун коргоо боюнча акциялардан сүрөт

2018-жылы сот үй-бүлөдөгү зомбулук боюнча 1700 чамалуу ишти караса, 300гө жетпегени гана аягына чыккан. 2018-жылы үй-бүлөдө кордук көргөн 6800 чамалуу аял аксакалдар сотуна, кризистик борборлорго жана башка уюмдарга кайрылган.

Мамлекет да кайдыгер карабаса

Кризистик борборлор ассоциациясынын директору Толкун Тулекова үй-бүлөдө кордук көргөн аялдар көбүнчө укук коргоо органына кайрылбайт деди.

Тулекова аялдарга жардам берүүдө үй-бүлөнү сактап калууга аракет кылуу менен катар аялдын өмүрүнө коркунуч жаралбайбы деген маселе турарын белгиледи. Анын маалыматында Кыргызстанда жылына кризистик борборлорго болжолдуу 7000 аял, алардын 80 пайыздайы үй-бүлөдөгү зомбулук боюнча кайрылат.

"2018-жылы коргоо ордери үчүн 7114 киши кайрылган. Алардын 93 пайызы аялдар. Бул негизинен 20-45 жаш арасындагы кыз-келиндер. Бир нече жылдан бери никеде жашап жаткандар. Тилекке каршы ошолор дагы үйдөгү зордук-зомбулуктан жапа чегет. Жардам сурап кайрылбай жүрө беришет. Андан жалгыз аялга эмес, баарына кыйын болот", - дейт Тулекова.

Сандар көрсөткөндөй, ур-тепкиге алынган кыз-келиндер арасында тез жардам же биринчи тепкичтеги башка медициналык мекемелерге кайрылганы дээрлик жок. Алар стационардык ооруканаларда гана катталып калышат, демек денесине өтө оор залака келгенде гана, мажбур болгон үчүн кайрылышат дегенди билдирет.

Тулекова киши жазаланбай калса зомбулук көрсөтүүнү улантат, ошондуктан кыргыз коому үй-бүлөдөгү зомбулукка болгон көз карашын өзгөртүш керек деп жатат:

"Үй-бүлөдөгү зомбулуктан коргоо боюнча жаңы мыйзамдарда күнөөлүү менен иштешүүнү көздөйт. Анда адамды туура жолго салуу боюнча психологиялык программалар каралган".

Адистердин айтымында, зомбулуктан кутуулууда күнөөлүү тарапка жардам берүүгө да көңүл бурулуш керек. Аларга психологиялык жардам жана билим берүү зарыл.

Үй-бүлөдөгү зомбулукка каршы иш-аракеттерди Социалдык өнүктүрүү министрлиги ишке ашырууга аракет кылууда.

Үй-бүлөдөгү зомбулук боюнча ким болбосун, мисалы, күбө болгон кошуналары да милицияга кайрыла алат. Ал эми милиция 24 саат ичинде реакция кылыш керек.

Коргоо ордери үч күнгө берилет. Анда күнөөлүү менен жапа чеккен тарап байланышпаш керек. Бул эрежени күнөөлүү тарап бузса башка кодекс менен жазага тартылат. Ага ылайык 30-60 миң сом жаза төлөөгө милдеттендирилет. Андан сырткары коомдук ишке жана түзөтүү иштерине тартылат.