Ырысгүл мурдакы жолдошу кечирим сураганын айтты

Кыргызстандагы коомдук сайттарда бир аптадан бери талкуудан түшпөй жаткан темалардын бири - Ырысгүл деген келинге байланыштуу тасма болуп калды окшойт. Бир караганда, күнүмдүк турмуштагы эрди-катындын кер-мур айтышындай көрүнгөн ал тасма вирустай эле тарап, коомдук талкуулар Ырысгүлдү депрессияга түшүргөнү тууралуу буга чейин сөз кылганбыз.

Ырысгүл өзү Би-Би-Сиге байланышка чыгып, ал тасманы тараткан мурдакы жолдошу кечирим сураганын айтып, аны коомчулукка жеткирип коюну өтүндү. Ошондой эле ал коомчулукту бирөөнүн жеке турмушуна асылып, оор сөздөрдү айтуудан алыс болууга чакырды.

Кыска тасмада кишинин жүзү көрүнбөйт, ал: "Бул Ырысгүл экөөбүздүн ортобуздагы азил-тамашабыз эле. Бирок бизде дос-душман деген бар экен. Бул биздин душмандарыбыздын жасаганы болду. Ошонун аркасынан биздин үй-бүлө эки башка жолго түштүк. Бул үчүн Ырысгүлдөн кечирим сурайм",-деп айтат.