Айтматова: кытай ишкери менен жолдошумду депутат тааныштырган

Ширин Айтматова Сүрөттүн автордук укугу Social media

Ширин Айтматованын жолдошу Сыргак Кенжебаев ири өлчөмдө көз боёмочулукка шектелип, УКМК тарабынан 20-декабрда кармалды. Иш кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки тергөө башталды.

Ширин Айтматова бул окуяны өзүнүн саясий ишмердигине байлап жатат. Ал жетектеген "ҮМҮТ 2020" кыймылы өлкөдөгү коррупцияга каршы, өзгөчө бажы тармагындагы жемкорлукка каршы иш алып барып келет.

Ал арада кытайлык ишкер бүгүн басма сөз жыйынын уюштуруп, Сыргак Кенжебаев аны 350 миң долларга сызга отургузуп кеткенин айтып чыкты.

Биринчи арыз

Мотайлифу Маймайтяминг Кыргызстанда "Коопсуз шаар" долбооруну алкагында Кытайдан камера ташуу үчүн Сыргак Кенжебаев менен бизнес шерик болуп иш баштаганын айтып берди.

Image caption Кытай ишкери басма сөз жыйынын уюштурду

"Мен 2019-жылы 8-мартта Кыргызстанга келгем. Аскар аттуу досум аркылуу Сыргак Кенжебаев менен таанышканмын. "Акылдуу шаар" долбоору үчүн деп Кытайдан камераларды Кыргызстанга алып келдим. Сыргак менен келишим түзүп өнөктөш болдук. Кирешенин 85% мен, ал 15% алмай болгонбуз. Сыргак өзү ачкан офиске Эрлан деген баланы отургузуп, ошол жерден алдамчылык башталды".

Кытай ишкери ортодо Кенжебаевге паспортун берип коюп, аны ала албай убара болгонун, 350 миң долларын алдатканын айтып жатат. Мотайлифу Маймайтяминг журналисттердин эмнеге ИИМ эмес, түз эле УКМКга кайрылдыңыздар деген суроосуна, Сыргак Кенжебаевдин органда тааныштары бар экенин айтып, коркутканын жүйөө келтирип жатат.

Атайын кызматка ал 14-декабрда арыз менен кайрылганы белгилүү болду.

Экинчи арыз

Ал арада бүгүн ИИМ Сыргак Кенжебаев дагы бир арыздын негизинде кылмышка шектелип жатканын билдирди.

Кыргыз жараны Виктор Гавришев анын уулу Егор Гавришевге 2013-жылы Бишкек ШИИБи мыйзамсыз айып такканын айтып, бул кылмыш иши бир орус жараны жана ишкер Сыргак Кенжебаевдин шыкагы менен козголгон деп эсептейт.

Сүрөттүн автордук укугу Official

"Виктор Гавришев мыйзам бузуу фактылары болгон деп президент, баш прокурорго чейин кайрылган. Ошол себептүү текшерүү иштери башталды. Кенжебаевге расмий айыптар коюла элек. Анын кылмышка катышкандыгын аныктоо үчүн ИИМдин тергөө кызматы ишти өндүрүшкө гана алды", -деп билдирди ИИМден Эрнис Осмонбаев.

Бул иште ШИИБ тергөөчүсүнө "кызматынан кыянаттык менен пайдалануу" жана "шалаакылык" беренелери боюнча, ал эми Кенжебаевге көз боёмочулук айыбы коюулуп калышы мүмкүн.

2013-жылы Егор Гавришевге дээрлик 809 миң долларлык спутник телефондорун жыйырма миллион сомдук бажы төлөмдөрүн төлөбөй Кыргызстанга ташып киргени боюнча кылмыш иши козголуп, ишкер быйыл февралда камакка алынган. Учурда Егор Гавришевге үй камагында.

"Саясий куугунтук"

Ширин Айтматова өзүнүн твиттер баракчасында жолдошу Мотайлифу Маймайтяминг менен тааныш экенин тастыктады. Кызыгы, Айтматова кытай ишкери менен Сыргак Кенжебаевди президенттин кудасы - депутат Абжалиев тааныштырганын жазды. Айтматова өзү антип жазганын Би-Би-Сиге тактады, бирок тааныштыруунун чоо-жайына кенен токтолгон жок.

Сүрөттүн автордук укугу Social media

Айтматова жолдошунун камакка алынышын саясий ишмердигине байланыштырып, куугунтук деп сыпаттоодо.

Сыргак Кенжебаевдин баш коргоо чарасын караган сот аны эки айга тергөө абагында калтырды.