Айтурган Темирова: Шамшиев 29 жыл кино тартпай отуруп калды, талантын баалашкан жок

Атактуу кинорежиссёр, СССРдин эл артисти Болот Шамшиев 78 жаш курагында дүйнө салды. Аны менен коштошуу зыйнаты 24-декабрда өтөт. Ал "Караш-караш окуясы", "Ысык-Көлдүн кызгалдактары", "Асма көпүрө", "Ак кеме", "Бөрү зындан" сыяктуу тасмаларды жаратып, эл аралык сыйлыктарды алган.

Би-Би-Си анын мурдакы жубайы, белгилүү актриса Айтурган Темирова менен маектешти.

Айтурган Темирова, актриса Сүрөттүн автордук укугу Social media
Image caption Айтурган Темирова, актриса

Айтурган Темирова: Атактуу кишилерди ушак ээрчийт экен. Шамшиев экөөбүздүн ортобузда эмне болгонун, өзүбүз гана билебиз. Биз ажырашкан жокпуз, биз - бири-бирибизге эркиндик бердик десем туура болот го. Урушуп-талашып, жаман-жакшы айтышкан жокпуз. Кайра куруу, эгемендик жылдардагы оош-кыйыш бизди эки башка жолго салды. Бирок биз дайым байланышта болдук. Балдарыбыздын, неберелердин туулган күндөрүн чогуу белгилейт элек. Кийинки жубайлары менен дагы жакшы мамиледе болдум.

Шамшиев улуу талант эле. Ар бир сөзүндө учкул ой жатчу. Анын оозун карап эле отурчумун.

Би-Би-Си: Шамшиев менен кыргыз киносунун бүтүндөй бир доор кеткендей болду. Ал өткөн кылымдын 60-70-жылдары "кыргыз кереметин" жараткан залкарлардын бири эле. Анын режиссер катары сиз баалаган, бирок көптөр байкай бербеген өзгөчөлүгү эмнеде эле?

Сүрөт Айтурган Темированын кызынын ( Suyutai Jenish) баракчасынан алынды Сүрөттүн автордук укугу Social media
Image caption Сүрөт Айтурган Темированын кызынын ( Suyutai Jenish) баракчасынан алынды

Айтурган Темирова: Учурунда айтылуу Орозбек Кутманалиев "Шамшиевдин киносуна тартылганда өзүбүздү ВГИКти жаңы эле бүтүп келгендей сезебиз. Башка режиссерлордун киносуна тартылганда, санаторийде жүргөндөй болобуз" деп тамашалачу эле. Ошол эле Сүймөнкул Чокморовду биринчи жолу тасмага алып чыкты. "Караш-караш окуясы" тасмасын тартам деп жүргөн мезгилинде С.Чокморовду кокусунан эле көчөдөн жолуктуруп калган. Келбеттүү, кең далы, узун бойлуу Сүймөнкулду дароо эле Бактыгулдун ролуна ылайык көрүп өзү сунуш кылган.

Бирок башында Чокморовду актерлук билими жок деп, айныткандар болгон экен. "Анын потенциалын көрүп турам" деп ролго тарткан. Бир-эки ай күнү-түнү репетиция кылып, актерлукка даярдаган. "Караш-караш окуясы" чыгып, С.Чокморов эркектин ролун эң мыкты аткарганы үчүн эл аралык сыйлыкка татыган. С.Чокморов кийин анын "Ысык-Көлдүн кызгалдактары", "Эрте келген турналар" тасмасында роль жаратты. Санай келсеңиз, С.Чокморов эң көп сыйлыктарды Б.Шамшиевдин кинолорундагы ролу үчүн алган. Кийин Сүймөнкул Чокморовду башка режиссерлер да чакыра баштады.

"Караш-Караш окуясы" тасмасынан алынган сүрөт Сүрөттүн автордук укугу SCREENSHOT
Image caption "Караш-Караш окуясы" тасмасынан алынган сүрөт

Б.Шамшиев дайым "актер" деген пластилиндей ийкемдүү болушу керек деп көп айтаар эле. Скульпторлор жакшы жана жаман деп гипсти тандагандай, образдарга актерлорду көрө билчү. Сырткы кебетесин эле эмес, байкалбаган ички дараметин дагы көрө билчү. Көпчүлүк таланттуу режиссерлор актерлор менен иштеше албаганын билем. Алар дайым даяр артисттерге басым жасашат. Анткени такшалган актерлор менен кыйналбайсың да. Бул эми профессионал да, демек жакшы ойноду деген ойдо кала берет. Б.Шамшиев андай эмес эле. Ал халтураны дароо байкап койчу. О.Кутманалиев "Ак кемеге" тартылганга чейин, башка тасмаларда эпизоддук ролдорду гана жаратып келген. Шамшиев коркпой эле ага Орозкулдун ролун берип жатпайбы.

Сүрөт Айтурган Темированын кызынын ( Suyutai Jenish) баракчасынан алынды Сүрөттүн автордук укугу Social media
Image caption Сүрөт Айтурган Темированын кызынын ( Suyutai Jenish) баракчасынан алынды

Сабира Күмүшалиеваны театрдан киного алып келди. Болот Шамшиев көптөгөн актерлордун талантын көрө билип, аларды ачты деп айта алам. "Караш ашуусунда атылган ок" тасмасында Советбек Жумадылов Жарасбайдын ролун кандай гениалдуу аткарды. Жумадыловдун талантын укмуш ачкан. Ошондон тарта аны баары тасмасына чакыра баштады. Сабира Күмүшалиеваны "Фудзиямада кадыр түн" тасмасында мугалимдин ролуна тартып калды. Ал дайыма терс образдарды ойноп келген эмеспи. Ошон үчүн Айтматовдун өзү дагы бул ролду кандай аткарат деп, күмөнсүнгөн. Ал бул каарманды аткарат деп так кесе айтты Шамшиев. Чынында эле ак көңүл, боорукер мугалимдин образын укмуш аткарып бербедиби. Болот Шамшиев улуу киши болчу, мыкты ата, мыкты күйөө болчу (ред. - ыйлап айтып берет).

Би-Би-Си: Шамшиевдин көптөгөн таланттарды ачкан көрөгөч, көсөм киши болгонун айтып өттүңүз. Сиздин чыгармачылыгыңзга кандай таасир этти эле? 16 жашыңызда "Ысык-Көлдүн кызгалдактары" тасмасына тартылган экенсиз.

  • Айтурган Темирова Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти
  • Кыргыз Республикасынын эл артисти
  • 40тан ашуун кинодо роль жараткан
  • Белгилүү ролдору: Гүлжамал («Ак кеме», 1975; «Эл арасында», 1978), Сарыгулдун аялы («Эрте келген турналар», 1979), Ажар («Бөрү зындан», 1983), Алия Молдогулова («Снайперлер», 1986), Гүлжан («Фудзиямадагы кадыр түн», 1988), Сабина («Заговор», 1989), Токол («Кара кыз», 2005) ж.б.
Сүрөт Айтурган Темированын кызынын ( Suyutai Jenish) баракчасынан алынды Сүрөттүн автордук укугу Social Media
Image caption Сүрөт Айтурган Темированын кызынын ( Suyutai Jenish) баракчасынан алынды

Айтурган Темирова: Менин талантымды дагы ойготту...(ред. - ыйлып айтып берет). Кино студиянын жанында интернатта окуп жүргөн элем. Кудайдын буйругу болсо керек, мени байкап көргүлө деп кино сынакка алып келишиптир. Мага чейин көптөр кино сынакка келишкен экен. Ал менден потенциалды көрсө керек. Мен ал киши үчүн узак жылдар муза болдум. Ооба, муза болдум... Кайра куруу жылдары, андан кийинки эгемен жылдары келди.

Чыгармачыл кишилер бизнести кайдан билишет. Бирок жашоо ошого мажбурлап, фирма ачып, аракет кылды. Аны баалашкан жок. Кемсинтишти, эмгектери баркталбады. 29 жыл кино тартпай отуруп калды. Бул өтө жаман, өтө жаман, түшүнөсүңөрбү. Бул сүрөтчүнүн колунан кыл калемин алып койгондой эле кеп да. Анын колунан баарын алып коюшту. Дагы бир кино жаратчу болсо, Кыргызстанды дагы дүркүрөтмөктүр эле. Майда кишилер ар дайым улуу кишилерди колдон-буттан байлап келишет тура. Турмуш чындыгы ушундай экен. Мен аны Айтматов менен бир деңгээлдеги киши катары көрөм. Экөө дайыма бирге жүрүп, сценарий жазып, ой бөлүшөт эле. "Ай, Боке сен абдан таланттуусуң, жазбайсыңбы",-деп айтып калчу эле. Айтматовдун чыгармаларын киного тартканда, боекторду кошуп, ийине жеткире иштечү. Муну Айтматов өзү да жогору баалайт эле.

*