Сот Албек Ибраимовдон башкаларын бошотту

Бишкектин мурдагы мэри Албек Ибраимов 15 жылга кесилди Сүрөттүн автордук укугу Meria.kg
Image caption Бишкектин мурдагы мэри Албек Ибраимов 15 жылга кесилди

Ленин райондук соту мурдагы мэрлер Албек Ибраимов, Кубанычбек Кулматов жана алар менен кошо соттолуп жаткан башка тараптарга сот өкүмүн чыгарды. Албек Ибраимов 15 жылга кесилди.

Ал эми калгандары бошотулду. Сот Кубанычбек Кулматовду мамлекетке беш миллион сом айып төлөөгө милдеттендирди.

Кубанычбек Кулматовдун тууганы Бакыт Кулматов сот боюнча пикирин билдирди.

"Баарыбыз акыйкаттыктан үмүт үзүп калганбыз. Акыркы үмүт кудайда калган. Алты айдан бери сотко келип жатам, бир да далили жок эле иш жүрүп жаткан. Сот уятына келдиби же башка себеби барбы, бошотулду", - деди Бакыт Кулматов.

"Боштондукка чыкканым албетте жакшы. Бирок мен баары бир соттолгон жана күнөөлүү болуп калдым. Ушуга нааразымын. Биздин бир дагы күнөөбүз жок. Акыркы эки жылда болуп жаткан нерселер өзү абсурд болчу", - деди Кулматов сот залынан чыккандан кийин.

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Экс-мэр Кубанычбек Кулматов бошотулду. Мамлекетке 5 млн сом төлөп бермей болду.

Албек Ибраимов бир нече берене боюнча соттолуп жаткан, сот баары боюнча күнөөлүү деп тапты.

Прокуратура Албек Ибраимовго 20 жыл, Кубанычбек Кулматовго 15 жыл сураган болчу.

23-декабрда акыркы сөздөр айтылгандан кийин адвокат Сергей Слесарев айыптоо жактоочу тарап айыптоочуга салыштырмалуу соттолуучуларды актоо үчүн бардык далилдерди келтиргенин Би-Би-Сиге билдирди.

Саясат таануучу Сейтек Качкынбай соттун чечимин саясий деп айтса болот деди.

"Бул эми орто чечим болду. Бирөөсүн шарттуу бошотсо, нааразылык, чыңалуу өтө күчөбөй турат", - дейт Сейтек Качкынбай.

Ал эми сот чынында адилеттүү чечим чыгарды деген ойлор да коомдук сайттарда айтылууда. Саясатчы Алмаз Акматалиев түрмөгө камагандын ордуна каражат уурдаган болсо, мамлекетке бердирүү туура деген пикирин билдирди.

Кубанычбек Кулматов Кытайдын гранты менен Бишкекте эки миллион долларга салынган мектептин акчасын жеген деп айыпталып жаткан. Анын мамлекетке келтирген зыяны 94 млн 800 миң сомдон ашык делген.

Албек Ибраимов мэр болуп турган жылдары Бишкектеги жерди мыйзамсыз бөлүүгө тиешеси болгон деп айыпталды. Андан сырткары "Дастан" заводуна жетекчилик кылып турган жылдары мамлекеттин бюджетин ысырап кылган сатып алууларды ишке ашырып, бюджетке 22 млн сом чамалуу чыгым келтиргени үчүн айыпталды. Ибраимовго андан сырткары Ысык-Көлдөгү мамлекеттик пансионатты мыйзамсыз саткан жана андан мамлекетке 82 млн сомдон ашык зыян келтирилген деген күнөө коюлду.

Алардан сырткары ондон ашык киши ушул иштерге катыштыгы боюнча соттолуп жаткан. Бошотулгандар ар кандай өлчөмдөгү айып төлөөгө милдеттендирилди.

Соттолуучулар да өздөрүнө карата саясий куугунтук болуп жатканын айтып келишти.

Мурдагы мэрлер жана учурунда алардын колунда иштегендер же өнөктөштөрү 2018-жылы жай айларында камакка алынган болчу.