Э.Абдыжапаров: Шамшиевдин актёрлук таланты ачылбай калганына өкүнгөмүн

"Мурас сыры" тасмасы Сүрөттүн автордук укугу Адилет Акматов
Image caption "Мурас сыры" тасмасы

Белгилүү кинорежиссёр Болот Шамшиевдин сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду. Коштошуу зыйнатына президент Сооронбай Жээнбеков өзү катышып, "Болот Шамшиевдин чыгармалары кыргыз киносунун "кереметин" түзгөн өзгөчө бир доорунун ажырагыс бөлүгү" болуп каларын айтты.

Би-Би-Си режиссёр Эрнест Абдыжапаровду маекке тартып, "Кыргыз кереметин" жараткан залкарлар арасында Шамшиевдин орду кандай эле, деп сурады.

Э.Абдыжапаров: Ал доордо тасмалар сейрек тартылган. Айталы, Сталиндин учурунда жылына болгону жети тасма тартылган экен. "Хрущевдун жылымык" (оттепель) доорунда - өткөн кылымдын 50-жылдарынын соңу, 60-жылдардын башында киного жаӊы толкун келген. Андай толкун союздун курамына кирген бардык республикалардан чыккан. Бизде ошол доордун залкары Шаршен Усубалиев "Кыргызфильм" студиясы түптөлүп калган маалда кыргыз балдары окусун деп, жер-жерден таланттарды чогултуп, ВГИКтен окуткан. Ошолордун арасында Динара Асанова, Геннадий Базаров, Болот Шамшиев, Төлөмүш Океев, Мелис Убукеевдер болгон. Ал адамдар 60-жылдары алкачкы тасмаларын тарта баштады.

Image caption Белгилүү режиссёр Эрнест Абдыжапаров

Шамшиев "Манас" эпосун дүйнөгө тааныткандардын алгачкыларынан эле. Ошол учурда "Манасчы" тасмасын тарткан. Ал кезде кыргыз интеллигенциясы "Манасты" билем дегени менен "Манастын" кыргыз маданиятындагы өтө баалуу кенч экенин Шамшиев тасмасы аркылуу алып чыкты. Анын "Караш-караш окуясы" кыргыз менен казактын көчмөн турмушун сүрөттөгөн Мухтар Ауэзовдун экранизациясы болду. Шамшиев бизге Сүймөнкул Чокморовдой талантты ачып берди. Тасма аркылуу XIX кылымдагы Орус империясына кошулган доорду чагылдырып берди. Аны кыргыздардын алгачкы тарыхый тасмасы десек болот. "Караш-караш окуясы" өзгөчө бир кино тилинде, стилистикада, өзгөчө ыкмада тартылып, москвалык киносынчыларды таң калтырган. Кыргыздын нукура маданиятынын өзөгүн кино аркылуу көрсөткөндөр - Мелис Убукеев менен Болот Шамшиев эле. Ошолордун арты менен "кыргыз керемети" жаралган.

Би-Би-Си: Шамшиевдин көзү өткөндөн кийин ушул залкар эгемендик доордо кино тартпай калды деп, аттиң кылып жатабыз. Ал киши каржылык колдоо болбой калганын көп айтып келген. Башка дагы себептери болдубу?

Э.Абдыжапаров: Эгемендүүлүктү алганда чоң империядан бөлүнүп, кандайдыр бир эркиндикке ээ болдук десек болот. Бирок ошол эле маалда бир үй-бүлөдө бир эненин сүтүн эмип жүрүп эле, көчөдө калган жетим балдардай абалга кабылдык. Ошол маалда "кайра куруунун" илеби менен бир канча кино студия иштеп жаткан болчу. Бирок Москванын каржысы токтоп калды. Кыргызстанда кино тартуу же кандайдыр бир искусствону көтөрүү деген маселе күн тартибинен чыгып калган. Кыргызстан баягы майда хроника тарткан менен же майда кыска метраждуу тасмалар менен алек болуп калды.

Ошол маалда биз - Актан, Темир, мен, Марат Сарулу сыяктуу муун чыктык. Ал эми заркарлар Т.Океев, М.Убукеев, Б.Шамшиевдер болсо бул доорго өздөрүнүн талантын такыр батыра албай калды. Биз эптеген, кысылган каражатка өздөрүн батыра албай калды. Ошол учурда кыргыз киносу каржыланбай калып, Т.Океев элчи болуп кетти. Б.Шамшиев болсо "Салам-Алик" фирмасын ачып, бизнес кыла баштады. Өткөн кылымдын 88-жылдарында башталган "Вселенная Манаса" тасмасын Мелис Убукеев 1995-жылы бүтүрдү. "Манас" эпосунун 1000 жылдыгына карата бүттү. Геннадий Базаров болсо "Кыргыз телефильмде" каржылоо уланып жаткандыктан ошол жерде эмгектенди.

Сүрөттүн автордук укугу Адилет Акматов
Image caption "Мурас сыры" тасмасы

Болот Шамшиевдин чыгармачылыгы токтоп калды дегенге эч кошула албайбыз. Анткени, эгемендик жылдары кыргыздын Манасына, кыргыздын тарыхына, кыргыздын каада-салтына, кол өнөрчүлүгүнө сүңгүп, катуу изилдеп жүрүп, өзүнүн философиясын түптөп чыкты десем болот. Качан кезикпейли, кыргыздын өзгөчөлүгүн кеп кылаар эле. Анын Манастын тарыхын ушунчалык изилдегенин угуп олтуруп, таң калчу элем. Анткени ал кишинин билими, өзү тапкан материалдырына таянып, анан кандайдыр бир өзүнүн өзөгүнөн чыгарган бир жыйынтыктарын айтып жатканы өзгөчө бир керемет эле. Мен ал кишиден терең ойчулдукту, философ адам экендигин байкап калдым. Ошол эле маалда киного тартылганы эсиме келди. Адилет Акматовдун тасмасына тартылып бизди таң калтырган. Ошондо көрүп аябай өкүндүм. Көрсө, Болот Шамшиевдин элге билинбей калган актерлук таланты ачылбай калган экен. Ооба, биздин эсибизде Лариса Шепитьконун "Зной" деген тасмасында жаш баланы ойногону. Ошол бойдон улгайган кезде Адилеттин тасмасында роль ойноптур. Болгону ушул эки ролду жараткан экен. Улуу, гениалдуу актерду биз чагылдырбай калганыбызга өкүндүм. Менин бир өкүнүчүм ушул.

Би-Би-Си: Б.Шамшиев эгемендик жылдардан кийинки тартылган көп кинолорду "профессионалдуу эмес, искусство эмес "деп сындап келди. Балким сиздин дагы кинолорго тийиштүү сын болгондур. Кийинки муундагы кинорежиссерлор менен мамилеси кандай болду?

Э.Абдыжапаров: Ооба, ошондой өзүбүзчө олтурганда дагы, басылмаларга дагы өзүнүн оюн жаап-жашырбай эле ачык айтчу. Азыркы тасмаларды такыр кабыл алчу эмес. Себеби, ал киши иштеп жүргөн, окуган доору - советтик мектептин деңгээлине, албетте, тасмаларыбызды чыгара алган жокбуз. Бирок ал киши баа берип койгону эле болбосо, "тартпагыла" деп чектегени жок. Негизи эч качан жардамын жана кеңешин аяган эмес. Киносынактарда калыстар тобуна катышып, премьераларга барып өз кеңештерин айтып турчу. Мени "Айыл өкмөтү" тасмасынан кийин чакырып, "киноңду кеп кылып жатышат, көргүм келип жатат" деди. Үйүнө барып көрсөтсөм, абдан жогорку баасын берди. Бирок кийинки тасмаларым андай баасына ээ боло албады.

Тектеш темалар