2019: Кыргызстан канчалык санарип боло алды?

2019-жылды президент аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы деп атады. Мамлекеттин санариптешүү аракети кандай жүрүүдө?

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Тез татымда өзүн өзү тейлөө системасы

Стратегия, концепция, программа жана башка ар кандай документтерди кабыл алуу, алар тууралуу басма сөзгө жарыялоо... Бирок аларды эл канчалык түшүнүп жатат?

Анда адегенде санарип өлкө кандай болооруна көңүл бурсак.

Санарип өлкө деген эмне?

Мекемелерге барып, узун тажатма кезекте туруп алтындай убактыңызды эмнеге сарптайсыз? Көпчүлүгү телефонун чукулаганга өтөт болуш керек. Электрондук почталарын текшерип, социалдык тармактарга бирдеме жазып, балким «Фейсбукка» кезек күтүү кандай тажатма болуп жатканын жазып жиберишиңиз мүмкүн.

Технологиянын доорунда, логиндер башбармактын изи менен ачылып жаткан чакта ошол ишиңизди смартфон аркылуу бүтүргөнгө эмнеге болбосун?

Санарип мамлекет же өкмөт - бул, тейлөөлөрдү санариптештирүү, мамлекеттин бюрократиялык системасын санарип технология жана интернетти пайдалануу аркылуу жеңилдетүү.

Дүйнөдө санариптешүү боюнча алдыңкы он өлкө:

  • Эстония
  • Финляндия
  • Норвегия
  • Дания
  • Жаңы Зеландия
  • Израиль
  • Канада
  • Сингапур
  • Нидерланддар
  • АКШ

Лидер өлкө - Эстониянын мисалында...

Мурдагы СССРдин курамынан чыккан Эстония санарип мамлекет курууда биринчи орунда. Ал 1997-жылдан баштап бүтүндөй өкмөттү онлайнга өткөрүү үчүн катуу эмгек сарптап жатат.

Бул өлкөдө качандыр бир учурда «Скайпты» ойлоп табышкан. Эми болсо 100 пайыз санарипке өтүүгө умтулуп жатат.

Эксперттер эстон өкмөтүнүн e-Estonia деп аталган долбоорун - өкмөттүн көпчүлүк кызматтарын интернет-платформага ийгиликтүү өткөргөнүн дүйнөгө мисал болуп бере турган аракет катары баалашты.

Image caption Кыргызстанда интернетке көбү телефондон кошулат

Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик агенттиктин башчысы Дастан Догоев өлкө толук санариптешүүгө жетүү жарандардан да көз каранды дейт:

"Кыргыз республикасынын жараны тиешелүү санариптик адаттарга ээ болуш керек. Ал жаңы технологиялар жана электрондук маалыматтар менен иштеп, өзү үчүн сапаттуу чечим кабал ала алган адам болуш керек".

Салык төлөө системасы

Эстонияда 2000-жылдан жарандар санарип системасынан салыктарды төлөй башташкан. Азыркы учурда эстондордун 95 пайызы салыгын так ушундай төлөйт.

Кыргызстанда 2019-жылы 700 миңдей салык төлөөчү болсо, 150 миңдейи онлайн түрдө салык берүүгө өттү.

"Ишкер электрондук форматка көчөм десе каттоодон өтүш үчүн Салык кызматына бир жолу келиш керек. Жеке логин жана сыр сөзүн алат. Ар кимдин жеке кабинети salyk.kg сайтында. Электрондук кабинетте өзүнүн жеке маалыматтары, кандай салыктын түрлөрүн төлөгөнү жана салык тууралуу жалпы маалыматтары бар. Ошол эле жерден "өз ыктыярың менен патент алуу" терезесин ачсаң онлайн патентти жасап алууга болот"- деп түшүндүрдү Салык кызматынын басма сөз катчысы Эркин Сазыков.

Кыргызстанда 2018-жылдын октябрынан тарта патенттерди онлайн алууга болот.

Салыктын айрым түрлөрүн онлайн төлөө милдеттүү болуп киргизилди. Бирок азырынча көпчүлүктүн ыктыярына коюлду.

Санарип медицина

Эстонияда дарыларга рецептерди, анализдердин жыйынтыгын онлайн аркылуу алганга мүмкүн.

Сүрөттүн автордук укугу MOD

Кыргызстанда айрым бейтапканаларда кезекке туруу электрондошту.

Бишкектик дарыгер Эрмек Исмаилов карапайым калкка жеңилдиктер сезгилген азырынча жок дейт.

"Бейтаптар мурдагыдай эле бир ооруканадан экинчи ооруканага чуркаганга мажбур болуп жатышат. Маалымат баракчаларын алуу дале кыйын, ага бир күн толук кетет. Санариптештирүүнүн пайдасы дарыгерлерге да анчалык жете элек. Анткени маалыматтарды компьютерге жазып, кайра кагаз түрүндө да толтурат. Бир ишти эки жолу жасап жатышат. Бирок санариптештирүүнүн башталганы жакшы. Беш-он жылда толук өтөбүз деп ишенем", - деди Исмаилов.

Ал медицинаны санариптештирүүнүн негизги - максаты, бейтапты дарыгерге болушунча бат кезиктирүү жана ар кандай документтерди тез алуу болуш керек дейт.

Билим берүү тармагы

2019-жылы 660 мектеп мамлекет тарабынан интернеткке кошулду.

Мектептерге кирүү кезеги электрондошту. Ушул пилоттук кезек аркылуу 2019-жылы он алты миң бала мектепки кирди. Андан сырткары бала бакчаларга 2018-жылдан бери электрондук кезек аркылуу алып жатышат.

el-sozduk сайтынын түзүүчүсү Чоробек Сааданбек билим берүү тармагын электрондоштурууда бир маселе түйшөлткөнүн айтууда:

"Бул - мектептерди жогорку ылдамдыктагы интернет менен камсыз кылуу. 2020-жылы мектептер жүз пайыз интернетке туташат, быйыл 97 пайыз туташтырылды дешти. Бирок мектептер мамлекет төлөп берген интернетти пайдаланып жатышабы? Мектептерде интернет дагы деле жеткиликтүү эмес, ал кара кулпунун кайтаруусунда жатат. Учурунда мектептерди компьютерлештирүүдө так ушундай көрүнүш болгон".

Чоробек Сааданбек салык төөлөөчүлөр жылына 50 млн сомдун тегерегинде мектептердин интернети үчүн төлөп, бирок анын натыйжасы болбой жатканына министрлик көңүл буруш керек деп жатат.

Алдыңкы мамлекеттердин сыры

Кыргызстандагы процесс чабал жүрүп жатканын айтып, өкмөттүн аракетин сындагандар четтен чыгып келатат. Чоробек Сааданбек санариптештирүү боюнча президенттин жыйынын эске салды.

"Ош шаарында өткөн санариптештирүү конференциясында чиновниктер уктап отурган. Президентибиз Tesla электр унаасын эмгек сиңирген, тажрыйбалуу тракторчуларга айдатууну туура көргөндөй элес калтырды", - деди Чоробек Сааданбек.

Дүйнө рейтингинде санариптешүү боюнча экинчи турган Финляндия электрондук акча жүгүртүү боюнча биринчи орунда. Өлкө үчүн интернет өтө маанилүү. 2010-жылы өкмөт ар бир жаран ылдам интернетке ээ болушу керектиги тууралуу мыйзам дагы кабыл алган. Мындай кадамга барган дүйнөдөгү биринчи өлкө болду.

Кыргызстан өкмөт өкүлү Дастан Догоев бул багытта банктар жана мобилдик операторлор менен кызматташып жатканын айтты.

Image caption Кыргызстанда 31 кызматтын түрү электрондошууга өттү

Мисалы, Канада жетинчи орунда. Өлкөдө мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр, электрондук капчык жакшы өнүккөн. Канадада интернет өтө арзан эмес. Бирок онлайн түрүндө мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн ыңгайлуулугу жана интернеттин чектөөсүз берилгени ишкерлер үчүн мыкты шартты түзөт.

Санариптешиүү боюнча биринчи онго кирбеген Түштүк Корея 27-орунда. Биро ал үйлөргө жеткирилген интернеттин ылдамдыгы боюнча биринчи орунда боло алат.

"Түштүк Кореядагы күнүмдүк жашоонун агымы абдан бат. Азык-түлүк же башка буйрутмалар төрт-беш секундда ишке ашат",-дейт Сеул тургуну Чой Е Юн. Банк кызматы дагы кардарлар үчүн өтө ыңгайлуу дейт ал.

Эл аралык изилдөө институттарынын эсеби боюнча, Кыргызстанда интернет колдонуучу жарандардын саны эки миллион төрт жүз миңди түзөт.

Адамзат корккон жасалма акылдынбири камерабы?

Кандай болсо да четтен санариптешүүгө умтулган Кыргызстандын бир долбоору - "Коопсуз шаар" эле.

Коюлган камералардын акыркылары адамды жүзүнөн тааныйт. Бирок көчөдө баратканда камераларга сүрөткө түшүп, жада калса телефон, интернет байланышын бирөөнүн көзөмөлүнө ачып берүүнү баары эле каалабайт экен.

Укук коргоочулар адам эркиндигин чектеген мындай 20 камера Бишкекте эч ким менен талкууланбай эле коюлуп калганына нааразы болушту.

Бийликтин айтымында, максаты кылмышкерлерди кармоо.

Image caption Адамды жүзүнөн тааныган камералардын зыяны пайдасынан 30 пайыз деп эсептелет

"Ал камералар күнөөсүз адамды да шектүү кылып көрсөтүп койсочу? Мындай камераларга дүйнөнүн ири шаарлары каршы чыгып жаткан чакта биз алып келип коюп алдык",, - деди "Интернет саясатынын жарандык демилгеси" фондунун жетекчиси Татту Мамбеталиева .

Адамды жүзүнөн тааныган эмес, кадимки жол эрежесин карайт деген камерага түшүп калган сүрөт элге тарап, унаа ичинде ким менен ким отурат деген талаш-талкуу жаралды. Укук коргоочулар маалымат ушинтип ачыкка чыгып кетсе, ага ээ болгон тарап башкаларга каршы ультиматум куралы катары колдонот дейт. Мисалы, Ички иштер министрлиги Улуттук коопсуздук комитетине каршы же тескерисинче колдонулса, жалпы коопсуздукка коркунуч келет дешүүдө.

Маселенин мындан да олуттуу тарабы бар. Кыргызстан камералар системасын Кытайдан алды. Ал эми Кытай каалаган адамын таап алуу боюнча бул технологиянын лидери саналып жатат. Батыштын бир катар шаарлары Кытайдын камераларына тыюу салган.

Бирок Ички иштер министрлиги маалымат эч кимге берилбей турганын билдирген.

"Маалымат бизде гана болот. Эч кимге берилбейт. Кытай бизге мониторинг борборун гана орнотуп берди", - деген эле ички иштер министри Кашкар Жунушалиев.

Анткен менен камералар ачык коюлабы же жашыруунбу? Алгачкы камералар кандай иштеп жатат? Маалыматтар кандай сакталууда? Деген өңдүү суроолорго Би-Би-Си Бишкек шаардык милициясынан жооп ала алган жок.

Кыргызстандын акыйкатчысы Токон Мамытов адамды тааныган камералар адам укугуна каршы келбейт деп эсептейт:

"Ошол эле адам укуктарын коргогон эл аралык компаниялардын имараттарында ушундай камералар турбайбы. Камералар өзү укук бузбайт, маселе алардын жашыруу коддору кимдин колунда болот - мына ушунда".

Буга чейин Кытайдын камераларынан баш тарткан шаарлар бул мамлекет улуттук азчылыктарды аңдууну көздөйт деген жүйөнү келтиришкен.

Негизги максат - жашоону жеңилдетүү

Эстонияда ал тургай керектүү документтерге интернет аркылуу кол коюп, шайлоого да добуш бере алышат.

Дүйнөнүн көп өлкөлөрү Эстониядан үлгү алып, алардын программаларын колдонууда. Кыргызстан да ошондой кылды.

Бирок адамдардын жеке маалыматтарынын баары онлайн-платформада сакталашы коопсуздук маселесин жаратат.

Киберкоопсуздук бюнча кыргыз өкмөтү 2019-жылы стратегия кабыл алды.

2019-жылы президенттин Кыргызстанды санариптештирүү боюнча жарлыгындагы жети жумуштун беши аткарылды.

Быйыл санарип Кыргызстандын пайдубалы түптөлүп жатат деди Догоев. Өкмөт өлкөнү 2023-жылга чейин толугу менен санариптешет деп аракет кылууда.

«Түндүк» платформасы аркылуу бүгүнкү күндө 31 кызмат электрондук жол менен көрсөтүлүүдө. Маалымат боюнча бул система аркылуу 189 кызмат көрсөтүүнү санарип форматына өткөрүү пландалган. «Түндүк» министрликтерди, мекемелерди жана жеке компанияларды бириктирген маалымат алмашуу системасы.

2017-жылы башталган санариптештирүү программасы «Таза коом» деп аталчу.

Жалпы санариптештирүү жараянына келсек, ушу тапта 12 маалымкаттын түрүн онлайн алса болот. Бул ишти аткаруунун башында келаткан Дастан Догоев айрым документтерди онлайн алуудан 2019-жылы миллиондогон сомдор үнөмдөлгөнун билдирди. Канткенде да, бул жумуштун башталганынын өзүн кубаттап, ийгиликтүү бүтүшүнө үмүт арткандар көп.

Тектеш темалар