Ички миграция: көчкөндөрдүн көбү жаштар

Кыргызстанда бир облустан экинчи облуска көчкөндөрдүн басымдуусу жумушка орношуу максатын көздөйт
Image caption Кыргызстанда бир облустан экинчи облуска көчкөндөрдүн басымдуусу жумушка орношуу максатын көздөйт

Президент Сооронбай Жээнбеков балдарды коргоого ички миграция тоскоол болуп жатканын, аны азайтуу керектигин айтты.

Ал мындай тапшырманы жыл башында өкмөт башчыга берди.

Ал эми Улуттук Банктын башчысы менен жолугушууда бюджеттик кызматкерлерге бир млрд 200 млн сомго ипотека берилери айтылды.

Бийлик быйыл балдарды колдоого артыкчылык бермекчи.

Ички миграция

Чүй облусу менен Бишкек шаарынаа бардык аймактардан жыл сайын жаңы жашоочулар кошулуп турат.

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматында, калкынын саны боюнча алганда 2018-жылы Нарын облусунун эли эң көп көчүп чыкты. Бул аймактан көчүп кетүү боюнча миң адамга тогуз киши туура келет.

Республика боюнча көчкөндөрдүн 65 пайызга чукулун Бишкек кабыл алган.

Өз облусунан чыгып кеткендердин басымдуусу эмгек курагындагылар. Демек, ички миграциянын негизги себеби - жумуш издөө десе болот.

2018-жылы Бишкекке отурукташкандардын 49 пайызы 24-34 жаш аралыгындагылар.

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматында Кыргызстанда Кыргызстанда калктын 22 пайыздан ашыгы жакыр жашайт. Мисалы, Нарында бул катмар 30 пайызды түзүп, жакырчылыктын көрсөткүчү боюнча Баткен, Жалал-Абаддан кийинки үчүнчү орунда турат.

Жогорку Кеңештин социалдык маселелер боюнча эксперти Салтанат Бараканова ички миграцияны жөнгө салуу - бул элге шарт түзүү, жумуш менен камсыз кылып, мамлекеттик тейлөөлөрдү жакшыртып берүү дейт.

"Алар ички мигранттар эмес, биздин эле жарандар, жашоого жакшы шарт издеп жүргөн жашоочулар. Алардын ары-бери көчүп жүрүшүнө Конституция жол берет. Ошондуктан жарандар кайсы жерде жашабасын татыктуу шартты өкмөт түзүп берүүгө милдеттүү. Ошол эле суусун, электр энергиясын, газын, мектебин, саламаттык сактоо тейлөөлөрүн камсыздап бериш керек. Бул кызматтар негизги милдети элди светсиз же суусуз калтырбоо экенин түшүнéш керек. Кээде тескерисинче аз карызы үчүн светин үзүп кеткен туура эмес көрүнүштөр болуп калууда. Эгерде жер-жерлерде жумуш орундары, жакшы шарт болсо баары шаарга келмек эмес", - деди Би-Би-Сиге Бараканова.

Image caption Кыргызстанда 700 миңдей бала жакырчылыкта чоңоюп жатат

Ал ички миграция боюнча мыйзам адамдын жашоосун жакшыртып, аны камкордукка алууга эмес, каттоо, документтештирүү сыяктуу максат менен чектелип калганын кошумчалады. Ошондуктан мыйзамды да өзгөртүү зарылчылыгы бар деген ойдо.

Колдоого муктаж балдар

Кыргызстандын калкынын дээрлик 37 пайызын балдар түзөт же алардын саны эки млн 100 миңден ашык. Бул жалпкы калктын санынын үчтөн биринен көп, башкача айтканда мамлекет балдары көп, эли жаш өлкө болуп саналат.

Бирок балдардын 700 миңден ашыгы жакырчылыкта өсүп жатат, ЮНИСЕФ бул санды 900 миң деп берет. Алар тоё тамак жебеген үй-бүлөлөрдө чоңоюп жаткан балдар.

"Балдарды коргоо лигасынын" башчысы Назгүл Турдубекова балдарды эмгекке тартуу өскөнүн билдирди.

Кыргызстанда балдарга зордук-зомбулук көрсөтүү да курч көйгөйлөрдүн бири. Бирок ИИМде катталган сандар анын ылдыйлап жатканын көрсөтөт. Анткен менен балдарга сексуалдык зомбулук көрсөтүү боюнча Башкы прокуратура каттаган окуялар өткөн жылы 50 пайыздай жогорулаган дейт Турдубекова.

Өлкөдө 12 миңден ашык бала жетим балдардын үйүндө же интернеттарда жашайт. Алардын үч миңден ашыгы майыптар. Бирок бул балдардын 90 пайыздан ашыгынын ата-энеси бар.

Ошондуктан балдардын укугун коргогон Турдубекова 2020-жылы биринчи көңүл бурчу балдардын катмары ушулар экенин билдирди.

"Биз Советтер союзунан калган мамиле менен жашап келатабыз. Жетим балдар үйлөрү менен интернаттар азыр балдарды тарбиялоодо талапка жооп бербейт. КМШ өлкөлөрү интернат, жетим балдар үйлөрүнөн баш тартып, балдарды болушунча үй-бүлөлөргө жайгаштырууга аракет кылууда. Өткөн жылы кабыл алынган токтомдор иштеп калса, быйыл Кыргызстанда беш ушундай мекеме жоюлуп, балдар туугандарына же багып алган үй-бүлөлөргө жайгаштырылат деп турабыз", - деди укук коргоочу.

Image caption Миграция көп балдарды жетим кылууда

Аталган жайлар үчүн мамлекет жылына болжолдуу жарым млрд сом бөлөт. Бирок эксперттер анын балдарга карата камкор мамилеге, билимине, тамагына же тарбиясына натыйжалуу жумшалып жатканынан шек санашат.

"Келечек муун - азыркы балдар"

Президент өкмөт башчы менен жолугушуусунда "Балдарды жана балалыкты социалдык жактан коргоону күчөтүү зарыл», — деп белгиледи. Премьер-министр Абылгазиев президент белгилеген тармактарга артыкчылык берилип жатканын айтты.

Президент ошондой эле "өсүп келе жаткан муунду тарбиялоо үчүн үй-бүлө салттарын бекемдөөгө" басым жасады.

Тарбия жана билим берүү боюнча адис Асылбек Жоодонбеков балдарды коргоо чакырык иретинде калбастан маселеге терең кирип, системалуу мамиле жасаш керек дейт.

"Балдарды коргоо жылында расмий иш-чаралар да кайсы бир деңгээлде жыйынтыгын бериши мүмкүн. Мисалы, массалык маалымат каражаттары аркылуу өрнөктүү үй-бүлөлөрдү даңазалап, роликтерди таратса болот. Социалдык жактан өтө аялуу үй-бүлөлөрдү аныктап, системалуу жардам берсе болот. Кыскасы өкмөт чечкиндүү, таасирдүү жумуштарды жасаш керек", - деди Жоодонбеков.

Үй-бүлө баалуулуктарын коргоо чакырыгы

Үй-бүлө институтун күчтөнтөлү дегенче күйөсүнүн колунан аялы өлгөн эки окуя менен жыл башталды. Жоодонбеков бул элге билинип калган эки оор учур экенин белгиледи.

2018-жылы үй-бүлөдөгү зомбулуктан жабыркап коргоо ордери үчүн 7114 киши кайрылса, алардын 93 пайызы аялдар. Бул негизинен 20-45 жаш арасындагы кыз-келиндер. Эксперттер көп жылдан бери никеде жашап, чыдап жүрө берген аялдар арбын дешет.

Image caption 2020-жылы беш жетим балдар үйү же интернаттарды жоюу пландалып жатат

Оштогу "Гендер жана психологиялык жардам" борборунун башчысы Акчач Жолдошева быйылкы чакырыктын шылтоосу менен өкмөт үй-бүлөгө көз салган мекемелерди ачыш керек деген ойдо.

"Гендер маселеси боюнча 1989-жылдан бери иштеп келатам. Мурда аймактарда ар бир администрацияда үй-бүлө маселесин караган бөлүм бар болчу. Ошолорду кайра калыбына келтириш керек. Алар райондордогу, айыл-өкмөттөрдөгү активдүү топтор, аялдар комитеттери менен иштеп турса жакшы болмок. Анткени бейөкмөт уюмдар абдан активдүү иштеп жатат, бирок ал жетишсиз деп эсептейм. Үй-бүлөдөгү чырдын себебин болсо бир топко кошо албайсың, кээде жашоонун оордугунан чыкса, кээде колунда бар адамдардын үйүндө деле тынчтык жок. Жарандарыбызга жалпы билим, тарбия жетишпей жатат го деп ойлойм", - деди Би-Би-Сиге Жолдошева.

Үй-бүлөдөгү зомбулукка каршы, балдарды коргоо иш-аракеттерин Социалдык өнүктүрүү министрлиги ишке ашырууга аракет кылууда.

Ал эми ички миграцияда документтештирүү жагы Каттоо кызматына берилген менен, саясат жүргүзүүсү кароосуз калгандай.

Жетекчилер жер-жерлердеги ишкердикти колдоп, бюджеттик кызматкерлерге ипотекалык насыяны көбөйтүүнү көздөп жатат. Өткөн жылы Улуттук банктын катышуусу менен социалдык ипотека программасы аркылуу 1 054,2 млн сомго насыя берилсе, быйыл 1 млрд 200 млн сом берилет деди Улуттук Банкытын төрагасы.