Депутаттардын көбүнүн декларациясында мандем табылды

Жогорку Кеңеш Сүрөттүн автордук укугу kenesh.kg

Жогорку Кеңештин 70тен ашык депутатынын 2018-жылкы кирешеси боюнча декларациясына Башкы прокуратура баа берет.

Алардан түрдүү каталыктар табылгандан кийин Салык кызматы Башкы прокуратурага жиберген.

Алар кайсы депутаттар жана кандай каталарды же мыйзам бузууларды кетиришкенин Башкы прокуратура азырынча айта элек.

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин 14 миңден ашыгынын 2018-жылкы декларациясында ошондой кемчиликтер табылып, Башкы прокуратуга жөнөтүлгөн.

"Укуктук баа берүү үчүн Салык кызматы Башкы прокуратурага жөнөткөн декларациялардын тизмесинде миңден ашыгы жогорку жана башкаруучу кызматта тургандар. Анын ичинде Жогорку Кеңештин депутаттары бар. Башкы прокуратура 70тен ашык деп маалымат берди. Алар декларацияны мөөнөтүндө бербегендер, кандайдыр бир жерин ката толтургандар же атайын туура эмес маалымат көрсөткөндөр болушу мүмкүн", - деди Би-Би-Сиге Салык кызматынын басма сөз катчысы Эркин Сазыков.

Укуктук баа берилчүлөрдүн бирөөсү депутат Дастан Бекешевдин декларациясы. Депутат анда үч кичинекей кемчилик бар экенин белгилеп, бирок Башкы прокуратурага жөнөтүүгө негиз жок эле деп Фейсбукка жазып чыккан.

Ал эми Салык кызматы Бекешев Бишкекте куруп жаткан имаратын батир деп көрсөткөн, коомдук уюмга ээлик кылганын белгилеген эмес жана коммерциялык банктардагы үч депозитин жашырган деди.

Сүрөттүн автордук укугу Facebook
Image caption ЖК депутаты Дастан Бекешев бирдиктүү декларацияны туура толтурганын айтууда

Бекешев каталарды мойнума албайм дейт.

"Банктардагы бардык эсептеримди, канча акча бар экенин көрсөткөмүн. Жок эсептерди да мага жабыштырып жатышат, мен бүгүн банктардан маалымат сураганы жатам. Салык кызматы менен Башкы прокуратура айткан маалымат жалган болуп калат. Ал эми уюмду көрсөтүү боюнча мыйзамда талап жок экен, коммерциялык уюм болсо мейли эле. Мага мыйзамдын бир пунктун көрсөтүп жатышат, ал уюмдагы үлүш жөнүндө. Коомдук уюмдарда үлүш деген түшүнүк жок. Алар мыйзамды туура эмес чечмелеп жатышат", - деди Бекешев.

Буга чейин башка чиновниктер да декларацияны туура толтурганына карабай башкача чыгып калганын айтып келишкен. Буга байланыштуу Салык кызматы декларацияны толтуруу электрондук экенин, ага адам кийлигишпей турганын билдирди.

Декларациясы талапка жооп бербеген 14 миңден ашык кишинин ичинен 1500 киши белгиленген мөөнөттө берген эмес, анын 126сы саясий жана башкы администрациялык кызматтагылар.

Декларациясын такыр бербегендердин саны 5100дөн ашык, анын 157си башкаруучу кызматтагылар болсо, төрт миңден ашыгы жергиликтүү кеңештин депутаттары.

7700гө чукулу туура эмес маалыматты көрсөткөн, алардын 500дөйү саясий жана башкы администрациялык кызматтагылар дейт Салык кызматы.

Прокуратура аларга билдирүү гана жиберүү менен чектелип, бирок жоопкерчиликке тарта албайт.

Башкы прокуратуранын башкармалык башчысы Гүлнара Акимбаева декларацияны толтурууда мыйзам бузгандар арасында прокуратуранын көзөмөлүнө баш ийбей турган саясий кызматтагылар бар экенин белгилеген:

"Декларациялоо боюнча мыйзамды аткарбаган жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жоопкерчилиги каралбай калууда. Ошондуктан мамлекеттик жана муниципалдык кызматтагыларды жоопко тартуу үчүн мыйзамга өзгөртүү киргизиш керек деп эсептейбиз".

Сүрөттүн автордук укугу President.kg
Image caption Башкы прокуратура декларациясы иликтөөдө турган депутаттар боюнча маалымат даярдалып жатканын билдирди

Башкы прокуратура декларация тууралуу мыйзам бузулганда сотко кайрылуу укубуз болсо деген сунушту билдирүүдө.

Бишкек шаардык кеңешиндеги 45 депутаттын 36сы 2018-жылы декларациясын беришкен эмес. Мисалы, Чүй облусундагы жалпы жергиликтүү кеңештердин 1625 депутаттан 1235 киши же 75 пайыздан ашыгы декларация толтурган эмес.

Салык кызматы маалыматты мамлекеттик органдардан, ошондой эле 25 коммерциялык жана Улуттук Банктан алган.

Жогорку Кеңештин депутаты Наталья Никитенко Бузуулар боюнча кодекске бир топ өзгөртүүлөр киргизүүнүн үстүндө өкмөт иштеп жатканын эске салып, демек ага декларацияга байланыштуу өзгөртүүлөрдү кошо кетүү зарылдыгын белгилеген. Никитенко жогорку кызматта тургандардын чет жердеги мүлкүн тескөө үчүн башка мамлекеттер менен кызматташтык түзүш керек дейт:

"Анткени биздин чиновниктер Кыргызстандагы гана эмес, чет жердеги мүлктөрүн да жашырып келет. Так ушу тапта бул маселе массалык маалымат каражаттарында кенен чагылдырылып жатат. Алар боюнча иликтөө жүрүп, тийиштүү жообун бериш керек. Декларациясында кирешеси такыр башкача көрсөтүлгөн чиновниктин чет жерде мүлкү бар же жок экенин көрсөткөн жөнөкөй факты болуш керек".

Кирешесин, чыгашасын, мүлкүн жана акча алып келчү ишканасын көрсөтүүнү талап кылган декларациялоодо жылда чыр чыгат. Ошентсе да Салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиев декларация тапшыргандардын саны көтөрүлүп жатканын айтты:

"2018-жылдын жыйынтыгы боюнча мамлекеттик жана муниципалдык кызматтагы 59 миңден ашык киши декларация тапшырган. Бул 2017-жылга салыштырмалуу 9330 декларацияга же 18,8%га көп".

Анын өсүшү жергиликтүү кеңештин депутаттарынын кошулганына байланыштуу.

Кыргызстанда декаларцияны 2018-жылдан тарта электрондук түрдө толтурат. Аны кийинки жылдын апрелине чейин толтуруп, июнга чейин өзгөртүү киргизе алат.