Кумтөрдө жоголгондорду издөө токтоп, жаназа окула турган болду

Окуя болгондон кийин бир нече күндөн кийин издөө учурунда автоунаа табылды деген кабар чыккан. Анда жарыялаганган сүрөткө караганда, автоунаанын тамтыгы чыгып, таанылгыс болуп калган.
Image caption Окуя болгондон кийин бир нече күндөн кийин издөө учурунда автоунаа табылды деген кабар чыккан. Анда жарыялаганган сүрөткө караганда, автоунаанын тамтыгы чыгып, таанылгыс болуп калган.

Кумтөрдө жоголгондорду издөө токтогонун жана дайынсыз жоголгондорго жаназа окула турганын өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Калыс Ахматов Би-Би-Сиге тастыктады.

Кумтөрдө мындан 40 күн мурун (1-декабрь 2019-жылы) тоо кен бөлүмүнүн мастери О. Ишенбеков жана бульдозердин машинисти Ж. Жунушев дайынсыз жоголгон.

"Жоголду делген төрт техниканын баары табылды. Мындан сырткары ошол жерде калды делген башка буюм-тайымдар чыкты. Мүмкүн болгон жердин баарын түбүнө чейин каздык. Колдон келген аракеттин баарын жумшадык. Акырында издөө иштери токтотулуп, ушундай чечим болду. Жоголгон эки жумушчунун туугандары дагы макулдугун берди. Компаниянын өз эрежелерине ылайык, эми алардын үй-бүлөсүнө компенсация төлөнүп берилет. Ал жагынан эч маселе жок. Бирок, канча өлчөмдө экени мага белгисиз. Аны компания менен профсоюзу чечет экен. Биз издөө иштерине техника, Канададан алынып келинген атайын жабдуунун баарын колдондук. Бирок жумушчулардан такыр эле дайын-дарек жок. Эң болбоду дегенде кийим кечеги, баштарына кийген коргоочу каскалары табылабы деп үмүт кылганбыз. Бирок эч кандай натыйжа болгон жок"-деди Калыс Ахматов.

Кырсыктын негизги себеби катары жер көчкүнүн жүрүшү айтылган. Аттары аталган эки жумушчу тең кезектеги нөөмөтүндө болгон. Кесиптештеринин айтымында, өтө чоң көлөмдөгү жер көчкү жүргөн учурда жумушчуларды коопсуз жайга шашылыш чогултушкан. Бирок чогулгандардын арасында Ишенбеков менен Жунушев жок болуп чыккан.

Ар кандай жоромолдор айтылып, издөө иштери башталган. Тиешелүү мамлекеттик мекемелердин жумушчу топтору да издөө иштерине тартылган жана чет өлкөдөн ар кандай жабдуулар алынып келген. Ага карабастан издөө иштеринде натыйжа чыккан жок.

Окуя болгондон кийин бир нече күндөн кийин издөө учурунда автоунаа табылды деген кабар чыккан. Анда жарыялаганган сүрөткө караганда, автоунаанын тамтыгы чыгып, таанылгыс болуп калган. Окуя болгон жерден тартылды делген кыска видео тасма жана сүрөттөр WhatsApp тиркемеси аркылуу тараган. Аны бул жерден көрүңүз:

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Кумтөрдөгү жер көчкүдө кыйраган унаа

Декабрь айынын соңунда президент Сооронбай Жээнбеков маалымат жыйнын учурунда, Би-Би-Синин суроолоруна жооп берип жатып, бул боюнча да пикирин билдирген. Жээнбеков окуяга "кабатыр" болуп жатканын белгилеген.

Президенттин жообун толук бул жерден көрүңүз:

Бул боюнча премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев да издөө иштерине бардык күч-аракетти жумшоого тапшырма берген эле.