Чек ара маселеси: кыргыз-тажик мамилеси оор сыноодо

Акыркы беш жылда Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында мамилелер оор сыноого түштү. Бир нече ирет ок атышуу менен коштолгон чек ара чатагы катталып, каза тапкандар, жаракат алгандар болду. Тараптар ар бир жаңжал сайын жолугушууларды өткөрүп, чек ара чатагын алдын алуу убадаларын бергени менен, чыр-чатак токтогон жок.

туу

2019-жылы мамлекеттик чек ара тилкесинде ар кандай мүнөздөгү 16 чыр-чатак катталып, алардын басымдуу бөлүгү кыргыз-тажик чек арасында болду,-дейт Кыргызстандын чек ара кызматынын өкүлү Сажира Чоколоева.

"Кыргыз-тажик чек ара тилкесинде 2019-жылы 13 чыр-чатак катталып, анын ичинен курал-жарактар колдонулган учурлар дагы болду. Анын кесепетинен аскер кызматкерлери, ошондой эле катардагы жарандар дагы жабыркады",-деди Сажира Чоколоева.

Чыңалуу жараткан чатактардын баары Баткен аймагындагы чек ара тилкесинде катталууда. Кыргызстан эл аралык нормаларды бузуп жатат деп, Тажикстанга нааразылык нотасын жолдосо, тажик тарап "чагым кылды" деп, кыргыз тарапты айыптап, нотага жооп кылган учурлар көп жолу кайталанды. Жергиликтүү тургандар дагы, оппозиция, белгилүү саясатчылар чек арадагы жаңжал үчүн ар качан бийликти айыптайт.

Кыргызстандын президент Сооронбай Жээнбеков жыл жыйынтыктаган басма сөз жыйынында Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара маселелерин чечүү иштери оор болуп жатканын ачык айтты.

чек арадагы аскерлер Сүрөттүн автордук укугу Аскар Баймуратов
Image caption 2019-жылдын декабарындагы чек ара чатагы

"Тажикстан менен маселе оор болуп жатат. Мурун сүйлөшүүлөр токтоп калган. Биз аны жанданттык, Эмомали Рахмон менен бир нече сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Биздин позициябыз даана, так. Келгиле, сүйлөшөлү, алмаша турганын алмашалы, эл менен ачык-айкын сүйлөшөлү деп айтып жатабыз. Сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бирок ачык айтыш керек, биз ойлогондой жүрбөй жатат. Бул эми эки тараптуу чечиле турган маселе да. Анан бул маселеге этият мамиле кылышыбыз керек. Мен күн сайын Баткендеги абалды сурап турам. Ачык айтканда, кээде ийнеде отургандай отурабыз, чек арабыз тынч болсо экен деп. Эки тарапта тең кызуу кандуу кишилер бар. Таш ыргытылып, ок атылып кетип жатат. Мунун баарын этият кылышыбыз керек. Албетте, өзүбүздүн кызыкчылыгыбызды коргошубуз керек. Анын үстүнөн иштеп жатабыз, чек ара боюнча биздин дагы ойлорубуз бар",-деген С.Жээнбеков.

Президенттин басма сөз жыйынынын алдында эле чек арада катарынан үч күн жаңжал чыгып, октон эки кыргызстандык жаран жеңил жаракат алган.

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Кыргыз жана тажик президенттеринин күн тартибинде чек ара маселеси

2019-жылдын жай айында эле ушундай чыңалууга жеткен жаңжалдан кийин Ворух менен Ак-Сайда эки өлкөнүн президенттери жолукту. Алар биргеликте чек ара боюндагы райондордун тургундары менен жолугуп, кийин сүйлөшүү Чолпон-Атада уланган. Алар чек араны тактоону эки өлкөнүн кызыкчылыгын эске алуу менен "жөнөкөйдөн татаалга карай" деген стратегия менен чечүүнү макулдашканы белгилүү болгон. Бирок чек ара тилкелериндеги жаңжалдарды алдын алуу боюнча президенттердин сүйлөшүүлөрүнөн кийин дагы чек арада беш-алты ирет жаңжал кайталанды. Сентябрда чек арадагы жаңжал Лейлекте болду. Кыргызстан "Максат" жана "Сай" бекеттеринде болгон чек ара чатагында Тажикстандын чек арачылары мыйзамсыз аракетке барганы сынга алынган. Тажик тарап өз кезегинде чатакты ырбатты деп Кыргызстанды айыптады.

жээнбеков менен рахмон Сүрөттүн автордук укугу President.kg
Image caption 2019-жылдын жай айында эле ушундай чыңалууга жеткен жаңжалдан кийин Ворух менен Ак-Сайда эки өлкөнүн президенттери жолукту

Тажик тарап биринчи болуп ок атып, анын кесепетинен кыргызстандык 41 жаштагы аскер кызматкери прапорщик Равшан Муминов каза тапты. Андан сырткары жети кызматкер жарадар болгон. Жайкын тургундар арасында жетөө октон жаракат алып, бирөөсү өспүрүм бала болгону ырасталган. Тажик тарап үч чек арачысы каза тапканын айтып, Кыргызстанга жооп кылып, нааразылык нотасын жолдогон эле.

"Менимче, сүйлөшүүлөр башка нукка өтүп кетти. Дипломатиялык эмес, бири-бирине кыр көрсөтүүгө өтүп алды. Өткөн жылдарда ушундай сөз чыгып кетти "биз тажиктерге бир метр дагы жер бербейбиз" деп жиберишти эл алдына чыгып алып. Ошол эле күнү тажиктерден дагы ушундай нуктагы сөз айтылды. Бул өзү сүйлөшүүлөрдүн эрежесине жат нерсе. Себеби, "беребиз, бербейбиз" деген сөз чек араны тактагандан кийин чыгыш керек. Тактала элек жер болсо, эки тарап тең "биздин жер" деп турса, анын бербейм деп айтууга болбойт. Күч сынашууга өтүп калып жатпайбы, сүйлөшүү жүрбөй эле. Менимче, биргелешип "дагы канча жерибиз калды тактала элек" деп, аныктоо иштери жүрбөй калды да. Аныкталбагандан кийин сүйлөшүүнүн өзү да майнапсыз болот",-дейт Чек араны тактоо боюнча өкмөттүк комиссиянын мурдагы төрагасы Саламат Аламанов.

Чейрек кылымдан бери эле такталбай келе жаткан тилкелерде, соңку жылдары чатакты ырбап барткан себебин адис мындан көрөт:

"Ак-Сай-Ворух деген өзү проблемалуу жер болуп жатканын көрүп жатабыз да. Калк жыш жайгашкан жана айылдар бири-бири менен улагалаш. Көк-Таш, Таш-Тумшук ушундай жерлер. Эгемендик жылдары башталды деген дагы бирөөлөрдүн "апыртмалары" бар. Өткөн кылымдын 24-жылдарынан башталган. Ошондон бери талашыбыз токтобой келе жатат. Союз учурунда паритеттик комиссиялар иштеген. Ошолор бүтүргөнгө жакындап калганда, союз тарап кетти. Ошондо чечилбей калды дагы азыр бара-бара ырбап кетип жатат",-дейт С.Аламанов.

Абылгазиев
Image caption Чек ара чатагы катталган аймакка барган премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев. 2019-жыл, сентябрь

Жаңжалдар тактала элек тилкелерге кайсыл бир тарап өз алдынча курулуш баштап жибергенден тутанып жатты. Айрым талдоочулар Тажикстан Ворухка карирдор алууну көздөйт деп болжойт.

2019-жылдын декабарь ортосундагы эки киши октон жараат алган чырдан кийин кыргыз-тажик бийлик өкүлдөрү чек ара маселесине жергиликтүү тургундарды аралаштырбай, тиешелүү органдардын гана иш алып баруусу тууралуу сүйлөшкөн эле.

"Такталбаган чек ара тилкелеринде курулуштарды токтотуу боюнча маселе козголду. Эки тараптан тең эч кандай өз алдынча аракеттер жасалбай турган болуп макулдашты. Тажикстандын облустук милициясынын жетекчиси эгерде ушундай маселе чыкчу болсо, элди, чек арачыларды аралаштырбай эле милиция чечсин деген маселени айтты",-деп айтып берген Баткендеги өкмөт өкүлүнүн орун басары Кеңеш Салихов.

Соңку чатакташууда жергиликтүү кеңештин депутаты Аманбай уулу Абдилакимдин колуна ок тийген. Ал эгемен алган жылдардан берки Чек арадагы уруш-талаштар балдарды кызуу кандуулукка тарбиялап койгонун, мунун чарасын көрбөсө, күчөп баратканын Би-Би-Сиге айтып берген эле.

"Колумдун сөөктөрү аман экен. Булчуң этине тийип тешип өтүп кетиптир. Эми чек араны аныктап, тактоонун өзүндө чоң суроолору бар. Эл менен бийликтин ортосунда дагы бул жерде түшүнбөстүктөр көп. 28 жылдан бери чыр менен эле келе жатабыз. Ошондо төрөлгөн бала эр жетти. Биз аларды абдан кызуу кандуу кылып тарбиялап койдук. Чек араны зым менен тоскондо деле чатакташа бериши мүмкүн. Ошондуктан биз түтүмдүү мамиле кылганды үйрөтүшүбүз керек окшойт. Эки тажиктин башы бириксе, кыргыз жаман. Эки кыргыздын башы бириксе, тажик жаман деген мамилеге өтүп алдык. Тажиктер дагы улам талаштуу делген аймактарды өз алдынча эле ээлеп алууга кызыкдар болуп жатышпайбы. Чек аранын эки тарабында тең жаштар бири-бирин жакшы көрбөйт. Мурдакыдай аласа-бересе дагы токтоп калды. Элге дагы туура маалымат жетпей калып жатат",-деген Аманбай уулу Абдилаким.

*